МААРАКЕЛҮҮ ЖЫЛДЫН МААНИЛҮҮ ИШТЕРИ

  • 11.03.2023
  • 0

МААРАКЕЛҮҮ ЖЫЛДЫН МААНИЛҮҮ ИШТЕРИ

Кыргыз Республикасындагы педагогикалык басылмалар — “Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракелерин өткөрүү боюнча билим берүү жана илим министри өзү башында турган уюштуруу комиссиясы түзүлдү. Министр чыгарган буйрукта педагогикалык басылмалардын мааракесине арналган иш-чаралардын планы бекитилди. Анда Педагогикалык басылмалардын тарыхы жана ишмердигине арналган фото көргөзмө Педагогикалык басылмалардын тарыхы менен ишмердигине арналган тематикалык бурчтарды уюштуруу, китептерди чыгаруу, илимий-практикалык конференция, агартуу тармагынын маалымат жүгүн көтөргөн газета-журналдардын редакциялык кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүү сыяктуу иш-чаралар каралган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

“Эл агартуу”, “Кут Билим” жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” басылмаларынын мааракелик иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү жөнүндө

Буйругу

09.03.2023, №851\1

Үстүбүздөгү жылы “Эл агартуу” журналынын негизделгенине 95 жыл, “Кут Билим” газетасына – 70 жыл, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналына 65 жыл толот. “Ардак белгиси” ордендүү “Эл агартуу” басылмасы кыргыз тилинде жарык көргөн биринчи илимий-педагогикалык журнал, анын өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагынын калыптанышында жана өнүгүшүндө сиңирген эмгеги зор. “Кут Билим” Кыргыз Республикасында билим берүү жана илим тармагынын маалымат жүгүн көтөргөн, мугалимдерге кесиптик методикалык жардам көрсөткөн республикалык маанидеги бирден бир оперативдүү басылма болуп чыгып келатат. “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналы ондогон жылдардан бери орус тилчи мугалимдердин алдыңкы иш тажрыйбасын жыйнап, мектептерге жайылтууда.

Педагогикалык басылмалардын тарыхы жана ишмердиги тууралуу коомчулукта маалымат деңгээлин көтөрүү максатында буйрук кылам:

  1. Педагогикалык басылмалардын мааракелерине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн (1-тиркемеге ылайык).
  2. Педагогикалык басылмалардын мааракелерине арналган иш-чаралардын планы бекитилсин. (2-тиркемеге ылайык).
  3. Билим берүү жана илим министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары уюштуруу комитетине педагогикалык басылмалардын мааракелик иш-чараларын даярдап өткөрүүгө колдоо көрсөтүшсүн.
  4. Райондук\шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

4.1. Педагогикалык газета-журналдардын тарыхына жана ишмердигине арналган мааракелик иш-чаралардын планына ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында педагогикалык басылмалардын басып өткөн жолу жана азыркы учурдагы мааниси жөнүндө тематикалык жолугушууларды, көргөзмө бурчтарды уюштурсун.

  1. Жогорку окуу жайларынын ректорлоруна, башталгыч, орто кесиптик окуу жайларынын директорлоруна:

5.1. Педагогикалык басылмалардын тарыхына жана ишмердигине арналган ар кандай жолугушууларды, тегерек үстөл жыйындарын, конференцияларды өткөрсүн.

  1. Бул буйруктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү министрдин биринчи орун басарына (У.А.Усеков) жүктөлсүн.

Министр          К.К. Иманалиев

Бөлүшүү

Комментарийлер