ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛ

  • 20.03.2025
  • 0

2025-жылдын 15-мартында кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурап, милициянын отставкадагы генерал-майору, ИИМдин министринин мурдакы орун басары, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бейше Молдогазиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛӨмүр бою өзүн элге, мекенге кызмат кылууга арнаган. Ал комсомолдук, партиялык, өкмөттүк, коомдук иштерде эмгекчил, уюштургуч, калыс, чынчыл, адилеттүү жана демилгелүү болгон жана ар кандай жооптуу кызматтарды абийирдүүлүк менен аркалаган. Генерал тууралуу замандаштары эскеришти.

-Мен Бейшенин бир тууган жээни болом. Улуу тоолордун коктусунда туулуп, өнүп өсүп, бирге чоңойдук. Ошондуктан Бейшенин бала кезден берки өмүрү көз алдымда. Ал жаш кезинен өз “киндигин өзү кесип” жеке тарбияланды. Тууганчыл, токтоо, сабырдуу, боорукер, адилет, эмгекчил эле. Башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңе алды. Жаштарды тарбиялоодо, көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук иштерин так, калыс аткарды. “Жекече эрдиги” үчүн ордени жана медалдар менен сыйланды. Жигердүү эмгеги жогору бааланып, генерал-майор наамына татыктуу болду. Анын өмүрү замандаштарга жана жаштарга тарбиялык таасири чоң сабак, үлгү болот, —деп эскерди Эмгек баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛ-Бейше Молдогазиевич менен чогуу иштешип калгандыктан, көп маселени чогуу кеңешип чечээр элек. Ал жаш кезинен тың чыгып, сергек өскөн. Спорттун аркасынан түшүп, Дене тарбия институтуна кабыл алынып, 1-курстта окуп жүргөндө эле жеңил атлетика боюнча республиканын чемпиону болгон. Жигиттин чыйрак, тың экенине карап, Москвадагы Борбордук дене тарбия институтуна окууга жиберилген. Ал мезгилде Москвада окуш, бардык эле кыргыз балдарынын колунан келе берген эмес. Аны ийгиликтүү бүтүп келип,  Нарын шаарындагы балдар спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеген. Иши менен таанылгандыктан комсомолдун борбордук комитетине алып кетишкен. Жаштарды билимге, спортко тартуудагы аракети бааланып, Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинин катчысы болуп дайындалган. Жакшы иштегендиктен партиялык кызматтарда өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүп,  коммунисттик партиянын Нарын облустук комитетинин үчүнчү катчысы болуп жигердүү иштеди. Ошол учурда  Ички иштер министрлигине саясый жетекчи керек болуп, министрдин кадр маселелерин тейлеген орун басары катары эмгек кылды.  1991-жылы СССРдин президенти  Л.Горбачевдун указы менен генерал-майор наамын алган эки киши болсо, бири Бейше Молдогазиев болгон.  1990-жылдары Оштогу коогалаңдуу окуя болгондо ошол жакта жүрүп, зомбулукта башына таш тийип, жаракат алганына карабай жагдайды жөнгө салганы эле эрдик болгон. Чыныгы жоокер, мекенчил, чынчыл, абдан маданияттуу, нарктуу инсан эле,-деп эскерет коомдук ишмер Кемел Ашыралиев.

Тарых илимдеринин доктору, коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин да Бейше Молдогазиевди мындайча эскерди:

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛ-Мурдагы тарыхый (аны “легендарлуу” деп да атап келишет) Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар акаевдик режимдин “кара тизмесине” илинген. Алар кайрадан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына илинип калбашы керек болчу. Бул “ылайыксыз” делген мурдагы депутаттардын арасында мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү болгон бардык ал учурдагы принциптүү жана кебелбес депутаттардын арасында мурдагы СССР Ички иштер аскерлеринин генералы Бейше Молдогазиев бар эле. Ошол учурда далай чыгаан кыргыз саясатчылары “кара тизмеге” түшкөн. Алар үчүн 1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башындагы парламенттик шайлоо өнөктүгүнө катышуу – түйшүктүн түйшүгү болгон. Анткени А.Акаевдин буйругун жаземдебей жүзөгө ашырууга далаалат кылган аткаруу бийлиги “кара тизмедеги” саясатчыларды жергиликтүү калайыкка мокочонун мокочосу кылып көрсөтүп, ал түгүл 1930-жылдардагы сталинчилердин доорундагы “эл душманындай” эле жаманатты кылышкан. Мындай талапкерлер элге келгенде белгиленген жыйындарын үзгүлтүккө да учуратышкан. Нарында болсо Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка талапкер болгон парламенттеги мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү Бейше Молдогазиевдин негизги атаандашы кылып анын жердеши, ишкер Эсентур Молдогазиевди каршы коюшту. Бул – жөн гана теңаты уйкаштардын (“Молдогазиевдердин”) атаандашуусу эмес болчу. Добуш бурмалоолор күч алган авторитардык системада бул жагдай аткаруу бийлигинин башчысына жакпаган талапкердин добушун бийликчил талапкердин добушуна алмаштырып салууга өзгөчө ыңгайлуу шарт түзөт. Акаевдик “саясий технологиянын” ыплас куралдарынын биринин “курмандыгы” болуп Кочкордо Турдакун Усубалиев парламентке өтпөй калды. Ал эми Ички Теңир-Тоодо бул ыкма дагы ийгиликтүү колдонулду. Добуш бурмалоолордун, административдик ыкмаларды колдонуунун натыйжасында оппозициячыл депутат Бейше Молдогазиевдин ордуна Ак Үйгө ыңгайлуу иниси, коңшу айылдык Эсентур Молдогазиев өтүп кетти. Бейше Молдогазиев жана башка үч депутат “Алтын комиссиясынын” ишине ак бойдон калган саясатчылар экендиги 1995-жылдан кийинки доордо айгинеленди,-деди Тынчтыкбек Чоротегин.

Бейше Молдогазиевич менен бирге үзөңгүлөш иштеген ИИМдин экс-министри, Жогорку Кеңешин мурдагы депутаты, генерал Феликс Кулов анын оттон, суудан кайра тартпаган каармандыгын, чынчылдыгын, калыстыгын баса белгилеп, мындайча эскерди:

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛ-Бир жагдай ар дайым эсимден кетпейт.1991-жылы ГКЧП деген ат менен калган Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүш болгон учур эле.  Коммунисттик партия менен Коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги (КГБ) консервативдүү күчтөр Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) түзүлгөнүн жарыялашкан. СССР президенти Михаил Горбачевго каршы кутум уюштурган. Алар Советтер Союзун сактап калууну жактаган жана Көз карандысыз мамлекеттер биримдигин түзүлүшүнө каршы туруп, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү токтотууну көздөшкөн. Мен ошол учурда Ички иштер министри катары ушундай коогалаңдуу жагдайга туш болдум. Биздин органдын кызматкерлеринин 30 пайызы коммунисттер эле, ал эми КГБнын 90 пайызы коммунист болчу. Ошол учурда Кыргызстандын Демократиялык партиясы пайда болуп, коммунист эмес айрым кызматкерлер биз демократтардын катарына кошулабыз деп талап кыла баштады. Мен дагы башаламандык болуп кетпесин деп, “биз мыйзамга гана баш ийишибиз керек” дедим. Ошондо СССРде биринчилерден болуп, биз милиция кызматкерлерин партиянын катарынан чыгара баштадык. Бул ошол учурда угуп көрбөгөн окуя болчу да. Бейше Молдогазиевич өзү партиялык кызматкер болсо дагы    министрдин орун басары катары бул демилгени туура кабыл алып, мыйзам партиядан жогору тураарын жалпыга түшүндүрдү. “Мен партиялык кызматкер катары эки фронтко ойнобойм. Бирок мен эл өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берем. Сизди түшүнүп турам. Туура маселе койдуңуз. Мыйзам ар убак партиялык кызыкчылыктардан жогору турушу керек, деп чечкиндүү пикирин билдирип, колдоого алган. Эң кызыгы биз партиялык конференция өткөрүп, милиция кызматкерлерин партиянын катарынан чыгарган күндөн  туура 3 күндөн кийин ГКПЧ болуп кетти. Анан көрө албагандар мына Кулов менен Молдогазиевдин соодасы бүтүп, шору кайнамак болду деп табалагандар арбын болду. Дал ушул жерден Бейше Молдогазиевич чечкиндүүлүк кылды.  ГКПЧ утулуп, СССРде бир биринчи болуп, бул төңкөрүшкө каршы турдук. Мындай кырдаалда ал патриоттуулугун көрсөтүп, өлкөнүн көз карандысыз мамлекет болушуна салымын кошуп, ИИМдин позициясын бекем сактады. Ал ушундай уникалдуу, кайраттуу, калыс, жөн билги адам эле.

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛГенерал, легендарлуу парламенттин депутаты Бейше Молдогазиев 1940-жылы  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча кыштагындагы Эчки-Башы айылында туулган.  Оттук айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин өз айылында эки жыл “Коммунизм” колхозунда эсепчи болуп иштеп, 1959-жылы Фрунзе шаарындагы мамлекеттик Дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. 1961-жылы үлгүлүү студент жана өлкөнүн жеңил атлетика боюнча чемпиону катары Москва шаарынын Мамлекеттик борбордук Ленин ордендүү дене тарбия институтуна (ГЦОЛИФК) которулган. Андан соң  мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинАлматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн. Эмгек жолун  Нарын шаарында балдардын спорт мектебинде машыктыруучу болуп баштаган.
1964-жылдан ал Кыргызстан ЛКЖС БКнын аппаратында адегенде спорттук жана массалык коргоо секторунун башчысы, анан бөлүм башчысы, 1969—1972-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн инструктору,1972-жылдан Кыргызстан ЛКЖС (комсомолдун)  Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштеген.

1975-жылдан 1978-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин партиялык уюштуруу иштер бөлүмүнүн инспектору болгон. 1978—83-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Нарын облустук комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1983-жылдан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген.

1991-1994-жылдары Жогорку Кеңештин айтылуу тарыхый чакырылышынын депутаты болгон. Депутат кезинде коррупцияга каршы иликтөөлөр, асыресе, Кумтөр кени жана алтын чатагы, жемкордукту иликтөө менен байланыштуу иликтөөлөр камтылган парламенттик «Алтын комиссиясынын» мүчөсү болгон.

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛМамлекетке адал кызмат кылып, каармандыгы үчүн «Жекече эрдиги үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган. «Мыкты чек арачы», «Ички аскер мыктысы» деген наамдарга ээ болгон.

Бейше Молдогазиев чыгармачылыкка дагы жакын болуп, публицистикалык макалаларды, очерктерди, ыр, аңгемелерди жазып, республикалык “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан пионери”, “Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, “Агым”, “Бетме-Бет”, “Нарын правдасы” гезиттерине, “Коммунист” журналына жарыялап турган.

Жубайы Жамал Акунова билим берүү тармагында 51 жыл иштеп, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына арзыган. Ал Билим берүү жана илим министрлигинде жооптуу кызматтарда  көп жыл жигердүү иштеп, эл агартуу тармагына зор салым кошуп, ардактуу эс алууга чыккан.  Ынтымактуу, ырыстуу, үлгүлүү үй-бүлө  катары эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап, бир нече неберелүү болушкан. Улуу кызы Света  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болсо, кийинки кызы Айнура медицина кызматкери. Уулу Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунда, Президенттик аппаратта, Тышкы иштер министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеп, Тышкы иштер министринин орун басары болгон. Учурда АКШдагы Кыргызстандын элчиси болуп, кызмат өтөөдө.

ЧЫНДЫКТЫ ТУУ ТУТКАН ЧЫНЫГЫ ГЕНЕРАЛӨмүрү жаштарга өрнөк, үлгү болгон генерал Бейше Молдогазиев эч убакта унутулбайт.

«Кут Билим» медиа борборунун жамааты Бейше Молдогазиевдин жубайы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” Жамал Акуновага, уул-кыздарына, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Кабыл Макешов, «Кут Билим» 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер