Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда

  • 05.12.2024
  • 0

Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай чара Сузактагы бакчада балдардын сабалышынан кийин көрүлгөнү белгиледи.

«Ар бир айыл, шаар менен байланышып учурда канча бакчада видекөзөмөл орнотулганын текшердик. Жергиликтүү бийликтер менен байланышып, видеокамера орнотулушу керектигин айттык. Аны колдонуу боюнча инструкция дагы жөнөтүлөт. Анткени купуялуулук дагы сакталып, ата-энелер балдарын камера аркылуу карап тура алгандай болушу керек. Ал эрежелердин сакталып жатканын бакчанын жетекчилиги көзөмөл кылышы кажет», — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал Сузактагы бала бакчанын балдарына, ата-энелерге, тарбиячыларга психологиялык жардам көрсөтүп, ошол эле учурда окуянын келип чыгышын такташ үчүн ОшМУдан психологдор тобу барганын кошумчалады. Анын айтымында, бул окуя сабак болуп, башка бала бакчаларда алдын алуу иштери жүргүзүлүшү зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер