ӨЛКӨ БОЮНЧА 300 БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ ИШТЕП ЖАТАТ

  • 03.12.2024
  • 0

Республика боюнча  китепканалардын алдында 300 эрте өнүктүрүү борбору  иш алып барууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

ӨЛКӨ БОЮНЧА 300 БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ ИШТЕП ЖАТАТ

Эрте өнүктүрүү борборлору — билимге, маданиятка жана чыгармачылыкка ачылган терезе. Алар балдардын жашоосуна оң таасирин тийгизүү менен келечек муундун өсүшүнө салым кошот. Бул борборлордун негизги ишмердүүлүгү билим берүү программаларын, социалдык жөндөмдөрдү, чыгармачылыкты  өнүктүрүү,  ата-энелер үчүн колдоо, китепкана ресурстарын пайдалануу, балдардын камтылышын көбөйтүү багыттарын камтыйт.

ӨЛКӨ БОЮНЧА 300 БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ ИШТЕП ЖАТАТ

Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ата-энелер менен балдардын сүйүктүү жайына айланды. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүп, оюндар, кол өнөрчүлүк жана башка иш-чаралар аркылуу  чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат.

Алар облус, шаарда эле эмес, айылдарда да жемиштүү иштөөдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер