ЛИЦЕЙ ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР

  • 02.06.2022
  • 0

20-майда Кызыл-Кыя шаарынын №7 кесиптик лицейинин базасында жогорку окуу жайлардын студенттеринин, орто мектептердин, кесиптик лицейлердин, жогорку окуу жайдын окутуучуларынын жана “Ымандаш” коомдук бирикменин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Коомдо социалдык кызматты уюштуруу жолдору» багыты боюнча семинар болуп өттү.

Семинарда социалдык кызматтын коомдогу орду белгиленип:

1) калктын социалдык жактан аялуу жарандарды колдоо боюнча мамлекеттин социалдык саясаты катары көрүү;

2) социалдык кызматты коомдун баалуулугу катары кабыл алуу;

3) социалдык кызматты коомдо комплекстүү технология катары пайдалануу;

4) социалдык кызматты коомду жана инсанды стабилдештирүү куралы катары көрүү;

5) социалдык кызматты коомдогу процесстерди алдын алуу, анализдөө жана болжолдоо стратегиясы катары кабыл алуу;

6) коомдо социалдык башкаруунун технологиясы катары көрүү;

7) социалдык кызматты уюштурууда жаңы технологияларды пайдалануу боюнча, ошондой эле, коомдогу социалдык кызматтын чечилбеген проблемалары жана өнүктүрүү жолдору боюнча сөз козголуп, кеңири талкууга алынды. Социалдык кызматкерлердин, социалдык педагогдордун жана волонтерлордун жекече, тайпада жана жамаатта ишти уюштуруу боюнча жол-жобосу каралып, көрсөтмөлөр берилди.

Н.ИСМАНОВА

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер