ЛИМ ЁН ШИГ ОШТУНУН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ” НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ

  • 03.05.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин корей борборунун окутуучусуна  ректор Ж. Ж. Турсунбаев Лим Ён Шиг окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткандыгын, анын демилгеси менен эки өлкөнүн ортосунда билим берүү багытында көптөгөн иштер аткарылгандыгын белгилөө менен жеке өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирип, “Ардактуу профессор” наамын ыйгарды.

 

ЛИМ ЁН ШИГ ОШТУНУН “АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ” НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ

Лим Ён Шиг  көп жылдан бери аталган университетте корей тилин үйрөтүп, эки өлкөнүн ортосунда жогорку окуу жайлар арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча иштерди аткарып келет.

Окутуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөп, обондуу кыргыз ырларын аткара алат.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер