Лейлек районундагы мектептин ачылыш аземи болду

  • 14.10.2024
  • 0

Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында курулган “Лайлы” жалпы негизги билим берүүчү мектептин ачылышы болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты.

Лейлек районундагы мектептин ачылыш аземи болду

Ал ачылыш аземинде жаңы мектеп балдардын жаркын келечегине кызмат кылсын деген тилегин билдирип: “Аймактар өнүксө өлкө өнүгөт. Андыктан аймактардагы социалдык мекемелерди жаңыртып, элет элинин турмушун оңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Бүгүн ачылып жаткан жаңы билим берүү жайы мунун анык мисалы”, – деди.

Ошондой эле эл өкүлү алдыңкы агартуучуларга атайын сыйлыктарды ыйгарып, муну менен катар Жогорку Кеңештин атынан заманбап компьютер жана интерактивдүү такталарды тапшырды.

Лейлек районундагы мектептин ачылыш аземи болду

Андан тышкары, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан бөлүнгөн 200 миң сомдук сертификатты берди.

Эске сала кетсек, аталган мектептин курулушу 2022-жылы башталган. 150 орунга ылайыкташкан жаңы имарат жалпы 97 млн сомго курулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер