ЛЕНИНГРАДДАГЫ БЛОКАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭСИНДЕ

  • 25.01.2024
  • 0

27-январда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда “Ленинград. Блокада. Кыргызстандын эсинде» аттуу концерт өтөт. Аталган иш-чарага Ленинград блокадасынын ардагерлери,  Билим берүү жана илим, Коргоо министрликтеринин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү ж.б. мамлекеттик мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда өтөт.

ЛЕНИНГРАДДАГЫ БЛОКАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭСИНДЕ

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий бөлүгүндө куттуктоо сөз жана Ленинград блокадасынын ардагерлерин сыйлоо аземи менен башталат. Андан соң концерттик программа Ленинграддан келген 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованы чагылдырган сценка, патриоттук темадагы ырлар, “Сейтек” балдар борборунун чыгармачыл топтору менен коштолот.

ЛЕНИНГРАДДАГЫ БЛОКАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭСИНДЕЛЕНИНГРАДДАГЫ БЛОКАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭСИНДЕ

 

— 27-январда Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгы белгиленет. Бул күнү бүткүл дүйнө, биринчи кезекте блокададан аман калгандардын жана баатыр-боштондукка чыгуучулардын урпактары Жеңиш күнүн майрамдайт. Кыргызстандын тарыхында Ленинградды коргоо жана блокада жөнүндө эскерүү өзгөчө орунду ээлейт. Өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоодо, патриоттук сезимди ойготууда эбегейсиз роль ойноп,   ленинграддыктардын  эрдиги эч качан унутулбайт, ал муундан муунга өтөт.  Ленинград үчүн болгон салгылашта 4,5 миң кыргызстандык курман болгон, эвакуацияланган 16 миң адам, анын ичинде 3,5 миң бала өлкөбүз тарабынан кабыл алынган, азык-түлүк жана жылуу кийимдер Кыргызстандан жардам катары жеткирилип турган, — дейт борбордун директору Ира Балтагулова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер