КЫЗМАТ ОРДУҢУЗ КУТ БОЛСУН!

  • 03.06.2024
  • 0

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген   Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кызматына  дайындалды.

КЫЗМАТ ОРДУҢУЗ КУТ БОЛСУН!КЫЗМАТ ОРДУҢУЗ КУТ БОЛСУН!

Эсеналиев  Каныбек Алтымышович Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүн 2017-жылдан бери  жетектеп келген.  Ал ушул жылдары жалпы билим берүүчү 18 орто мектеп, мектепке чейинки 22 бала бакча, 1 балдардын билим берүү борбору жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барды.

КЫЗМАТ ОРДУҢУЗ КУТ БОЛСУН!КЫЗМАТ ОРДУҢУЗ КУТ БОЛСУН!

Каныбек Алтымышович жетекчилик кызматта  педагогикалык чеберчилик, чыгармачылык менен мыкты идеяларды жаратып, мезгил талабына ылайык жаңыланууга  багыт берип, сапатка, санариптик билим берүүгө басым коюп иш жүргүздү. Окуу-тарбия ишинде  жигердүү эмгек кылып,  бир топ ийгиликтерге, жетишкендиктерге  ээ болду. Окуучулар “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын,  алтын сертификат,  республикалык предметтик олимпиадасынын облустук, республикалык этабынын жеңүүчүлөрү,  ЖРТте жогорку баллды, спорттук оюндардын алдыңкы  орундарды  камсыз кылса, педагогикалык кызматкерлер “Эмгек сиңирген мугалим”, КМШ мамлекетинин Билим берүүнүн отличниги, КРнын Билим берүү отличниги, “Санарип мугалим” ж.б. сыйлыктарына ээ болуп келишти. Инвестиция тартуу, демөөрчүлүк кылууда да чоң эмгек кылды. Башкасын айтпаганда да, ЖРТте жогорку балл алган мектепке Жогорку Кеңештин депутаты М.Сыдыковдун демөөрчүлүгү менен үч жыл катар автоунаа, окуучуга ноутбук берилип келгендигин айта кетүү абзел. Мектеп, бала бакчалардын, балдардын билим борборунун  материалдык- техникалык базасын чыңдоодо, курулуш иштеринде бир топ алгылыктуу иштер жүргүздү. С.Атамбеков, Байымбет, А.Абдраимов, Э.Карасартов атындагы орто мектептеринин, “Алтын Муун”, “Аруу Нур”, “Тереке-Береке” бала бакчаларынын жаңы имараттары курулуп, ишке берилүүдө, спорттук аянтчалардын курулушунда эмгеги зор. Жетекчинин мыкты иш алып баруусунун натыйжасында райондук билим берүү бөлүмү  2019-2020, 2020-2021, 2021-2022-окуу жылдары үч жыл катары менен Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын мекемелер арасындагы кароо-сынакта “Мыкты мекеме” номинациясын жеңип, райондук мамлекеттик администрациясынын Өтмө Кызыл Туусуна ээ болгон. Ошондой эле республикалык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн рейтингинде да жакшы көрсөткүчтөрдө болду.

Урматтуу Каныбек Алтымышович кызмат ордуңуз кут болсун!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер