КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВ ОГПИДЕ

  • 24.04.2019
  • 0

Кыргыз элинин белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов ОГПИде окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, кыргыз элинин тарыхын изилдөө боюнча  дарс окуду.

КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВ ОГПИДЕ

Иш-чара жаштарды ар тараптуу калыптандыруу, өз элинин тарыхы менен дагы да жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын тарых кафедрасы тарабынан уюштурулду. Лекцияга  институттун ректору баш болгон эмгек жамаат, илимпоздор, Оштогу тарыхчы мугалимдер жана студенттер катышты.

Кыргыз тарыхын изилдөөдө зор эмгек жаратып келе жаткан  К.Молдокасымов  лекцияны алгач улуу тарыхчылардын кыргыз эли тууралуу калтырган ойлорун айтуу менен, тарыхый маалымат тактоодо, изилдөөдө канчалаган өлкөлөрдүн тарых музейлерин кыдырганын, ал эмгектердин натыйжасында топтогон, али китеп бетине түшө элек маалыматтарды катышуучулар менен бөлүштү. Ошондой эле дагы ачыла элек кыргыз тарыхы кайсыл архивдерде катылып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалап, өзү жетектеген “Мурас” фонду аркылуу ушул жаатта изилдөө иштери кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрү  кызыккан түрдүү суроолор менен кайрылышып, лектордон кеңири жоопторду алуу менен кошумча маанилүү маалыматтарга ээ боло алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер