КЫЯЛГА ЖЕТКИРГЕН КЫСКА ЖОЛ

  • 05.06.2024
  • 0

Мектепти аяктап жаткан өспүрүмдүн алдында эң маанилүү кадам – кесипти туура тандоо чечими турат. Төмөндө кесиптик лицейлердин артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат менен бөлүшөбүз.

Кыялыңды кыска убакытта ишке ашыр

Мындан бир нече жыл илгери ата-энелер балдарына эптеп эле бир жогорку окуу жайдын дипломун алып берип, келечегин камсыздадым деген терең ишенимде болсо, азыр заман башка өңүттө өзгөрүп, көп каражат коротуп алган көк дипломдордун көпчүлүгүнүн кереги тийбей, көмүскөдө калды. Азыр убакыттан уттурбай, эртерээк бир кесиптин ээси болуп, каражат табуу кажет. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү заманбап кесиптерге окуткан лицейлер камсыздоодо.

Кыргызстандын ар бир аймагын камтыган уникалдуу кесиптик лицейлердин артыкчылыктарын билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул кечээ борбор калаадагы кесиптик лицей жетекчилери менен жолугушууда баса белгиледи.

— Баарыңыздарга жакшы маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров жумуш орундарын Кыргызстанда камсыздоо тапшырмасын берген эле. Аны аткарууда кесиптик-техникалык лицейлердин ролу чоң, себеби анда заманбап жумушчу кадрлар кыска мөөнөт аралыгында даярдалып чыгууда. Учурда Кыргызстанда 100 кесиптик лицейде 32 700 окуучу билим алат. Мурда мында билим алуу мөөнөтү үч жыл болсо, 2022-жылдан бери эки жыл болуп калды. Бардык аймакты камтыган уникалдуу окуу жайлар системасы – бул башталгыч билим берүүчү кесиптик лицейлер болуп эсептелет, анткени ар бир райондун аймагында бирден, кээ бир жерлерде экиден лицей бар. Алардын баары ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жана жарандардын муктаждыгына жараша кесиптерге даярдайт, — деди.

Министрдин орун басары белгилегендей, кесиптик лицейлерде өспүрүмдөргө эле эмес, жашы улуу, мурда башка кесиптин ээси болгон жарандарга да экинчи кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Башкача айтканда, колунда диплому бар жарандар кыска мөөнөттүү курстарды окуп, заман талабына же болбосо өзүнүн каалоосуна жараша кесиптерге ээ боло алат.

Баса белгилей кетчү жагдай, 9-классты аяктагандан кийин кесиптик лицейлерде билим алуу акысыз. Андан тышкары, муктаждар жатакана жана тамак-аш менен камсыз болот. Кесиптик лицейлердин негизги контингентинин 10 пайызга жакынын социалдык жактан аярлуу үй-бүлөдөгү балдар түзөт.

— Кесиптик лицейлердин эки маанилүү компоненти бар. Биринчиси окуучуларды 9-класстан кийин кесипке даярдоо болсо, экинчиси жашы улууларды кайра башка кесипке окутуу. Учурда эки айдан 10 айга чейинки кыска мөөнөттүү курстар бар. Анда эң актуалдуу деген IT технологияларынан баштап, сантехника, ширетүүчү, кыш кынаптоочу ж.б. адистиктер кеңири профилде даярдалат.

Мен жогоруда белгилеп кеткен мамлекеттик буйрутманы ишке ашырууда биздин министрлик Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги менен биргеликте иш алып барат. Алган маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери 224 ишкананын ачылышы пландалууда. Аймактардагы чоң жана кичи ишканалар менен алаканы күчөтүп, аларга 38 миңдин тегерегинде жумушчу даярдап беришибиз керек. Учурда кээ бир ишканалар ачыла элек болгондуктан, талап кылынган жумушчулар менен камсыздоо 21% түздү, -дейт Расул Абазбек уулу.

Ал өлкөбүздү чоң өзгөрүүлөргө алып келе турган ири долбоорлорду ишке ашырууга кесиптик лицейлердин салымы зор экендигин баса белгиледи. Алсак, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууда темир жол адистерин даярдаган №97 кесиптик лицейдин, жеңил өнөр жайын алдыга жылдырып жаткан тигүүчү-бычмачыларды даярдоочу №17 кесиптик лицейдин, технологиялардын ургалдуу өнүгүүсүнө зор салым кошуучу №99 кесиптик лицейдин милдеттерин белгиледи.

“Кош диплом” долбоору

Былтыр өзгөчө макамга ээ болгондон бери жаңы багытта иштеп жаткан баш калаабыздагы КР Президентине караштуу №99 лицейдин директору Чынара Урумкалиеванын маалыматы абитуриенттерге өзгөчө пайдалуу болору талашсыз. Мында эки мамлекеттен кош диплом алуу артыкчылыгы бар.

— Бир жыл мурда КР Президентине караштуу №99 кесиптик-лицейге  “Маалыматтык-технологиялар кесиптик лицейи” деген өзгөчө макам ыйгарылган. Анын негизинде маалыматтык технологиялар боюнча кандай багыттар болсо, ошол боюнча лицензияларды алып, тиешелүү даярдыктарды көрдүк. Дүйнө өзгөрүшү менен бирге саясат да, талап да, лицейлердин концепциясы да өзгөрүлүп жатат. Жаңы технологиялардын негизинде жаңы кесиптерди ачуу зарылдыгы пайда болууда. Кесиптик лицейлер жумушчуларды гана даярдабастан, ата-энелердин жана балдардын каалоосу менен жаңы технологияларды 9-10-11-класстарда үйрөтүп, андан ары ар түрдүү багыттар боюнча жождорго барууга кеңири жол ачып жатат.

Биз көптөгөн жаңы багыттарды иштеп чыктык. Алсак, программалоо боюнча фронтенд иштеп чыгуучу, веб иштеп чыгуучу программисттерди, интернет туташтыруу, компьютерлерди оңдоо боюнча системдик администраторлорду ж.б. адистерди даярдайбыз. Андан тышкары, киберкоопсуздук — информациялык коопсуздук боюнча адистерди окутабыз. Мындагы өзгөчөлүгү – Москвадагы №54 П.Вострухин атындагы байланыш колледжинде билимин улантуу менен балдарыбыз “Кош диплом” долбоорунун алкагында эки дипломго ээ болот. Себеби, лицейде толук адисти даярдоо мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Кыргызстанда биринчи жолу бизде жаңы ачылган робототехника жана мехатроника бөлүмүндө билим алгандарда бар. Алар Санкт-Петербургдагы Робототехника жана мехатроника колледжинде окуусун улантып кош диплом алат. Механика, электроника, робототехника, жасалма интеллект жана программалоо боюнча беш кесипти камтыган программасы Питердеги колледж менен биргеликте иштелип чыккан.

Бул адистиктер өндүрүштү автоматташтыруучу адистерди даярдайт. Азыр Кытайдан өндүрүш жабдыктарын алдырганыбыз менен тилди, кантип иштетүүнү билбейбиз. Эгерде өзүбүздүн балдарыбыз төрт жылдан кийин кайтып келип завод, цехтерди автоматташтыруу процессин иштетсе, мамлекетебизге чоң салым кошмок.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Садыр Жапаров бизге мехатроника жана робототехниканын лабораториясын түзүүгө жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет, — дейт.

Аталган лицейде 9-класстын жана 11-класстын базасында мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучу адистерди, дизайн технологиясы факультети жана да IT технологияларды колдонуу менен кийимдерди долбоорлоо факультеттери ачылганын абитуриенттердин кулагына иле кетели. Адистердин айтымында, лекало жасаган конструкторлор акчаны аябай жакшы табат жана ар дайым трендде болот.

Кийимдерди долбоорлоо боюнча экинчи адистикке ээ болгусу келгендер үчүн кыска мөөнөттүү курстар бар экенин да кулакдар кылабыз.

Тренд болгон трак айдоочу даярдайт

Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырованын айтымында, 100 лицейдин 67синде тигүүчүлүк багытында 4 миңге жакын адис билим алат, андан тышкары, 1 миң окуучу кыска мөөнөттүү курста окуйт.

— Кыска мөөнөттүү курстарды ачуунун максаты – жумушсуздукту кыскартуу жана жарандарыбызга жаңы квалификация берүү. Аны менен бирге эле жаңы курстарды да иштеп чыктык. Алсак, суроо-талап жогору болуп жаткан трак айдоочуларды даярдоочу 2 айлык курс иштеп чыктык. Азыр техникалык жабдууларын камсыздап, лицензия алып жатабыз. Ошондой эле 18 онлайн курсун иштеп чыктык, анда финансылык сабаттуулук, ишкердүүлүк боюнча эң негизги көндүмдөргө ээ болот. Онлайн курстардын өзгөчөлүгү — 24 саат, 7 күн иштеген электрондук насаатчы-бот бар. Ал аркылуу кайтарым байланыш түзүлүп, суроо-жооп алса болот. Кесиптик лицейлерде компьютердик сабаттуулук, веб иштеп чыгуучулар, Python базалык иштеп чыгуучуларды даярдаган курстарга суроо-талап жогору, — дейт Гүлнур Жекшебаевна.

Анын айтымында, учурда санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Каалоочулар онлайн платформа аркылуу лицейлердин артыкчылыктарын карап чыгып, электрондук форматта тандай алат. Лицей окуучуларына электрондук журнал киргизилген. Бул окуучулардын сабактарга каттоосун көзөмөлдөөгө, стипендия, жатакана берүүдө ачык-айкындуулук менен камсыздоого жана үнөмдүүлүккө жетишүүгө жардам берет.

Санариптештирүү программасынын алкагында Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылуучу жаңы платформага бардык лицейлер жөнүңдө маалыматтар эле эмес, кандай кесипке суроо-талап күчтүү болсо ошол кесипке даярдоо жана кандай вакансиялар бар экендиги тууралуу маалыматтар камтылмакчы.

Эксперт Максат Абдыкапаров белгилегендей, билим берүү системасында микроквалификация басымдуулук кылган учурда экономиканын муктаждыгын аткарууга белсенип киришип жаткан кесиптик лицейлер мындан да ийкемдүү болуп, бүгүн кайсы бир жумуш берүүчү эки мүйүздүү сантехник керек десе, ошол адисти тез арада даярдап бериши кажет.

Жалпысынан алганда, мына ушундай алды 80 жылдык, арты 60 жылдык тарыхы бар кесиптик-техникалык лицейлердин көбүнүн ишмердүүлүгү жалпыга жакшы тааныш. Убакытты жана каражатты үнөмдөөгө үндөгөн кесиптик лицейлердин ичинен ар бир жаран өзүнүн каалоосуна, шык-жөндөмүнө жана албетте, каражат табууга көмөкчүсүн жаңылбай тандап аларына ишенебиз.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 19, Ош облусунда – 14, Баткен – 11 кесиптик-лицей бар.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 19, Ысык-Көл
облусунда – 8, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Жалал-Абад
облусунда – 19, Ош облусунда – 14, Баткен – 11 кесиптик-лицей бар.

Айнагүл КАШЫБАЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер