КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ КУРСТАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН 73% ЖУМУШКА ОРНОШОТ
- 05.11.2024
- 0
Мигранттарды колдоо жана миграцияга чейинки даярдоо Борборлорунун, ошондой эле Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган курстардын иши жакшы көрсөткүчтөрдү берип жатат. Кыска мөөнөтүү окутуу курстарындагы бүтүрүүчүлөрдүн 73% үч айдын ичинде жумушка орношууда.
Бул туурасында Бишкек шаарында өткөн «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» улуттук форумунда билим берүү жана илим министи Догдуркүл Кендирбаева өз баяндамасында билдирди.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлгөн Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборлору формалдуу эмес окутуунун натыйжаларын таанууга жардам берет.
Борбордон сегиз жумушчу кесип боюнча 104 талапкер көндүмдөрүн валидациялоодон өткөрүп, тиешелүү документтерге ээ болушту.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер