КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТЕРИ БАМ КУРУЛУШУНДА

  • 02.08.2024
  • 0

Байкал-Амур магистралынын, тагыраак айтканда “БАМ 2.0” курулуш долбооруна Кыргызстандын студенттеринен тышкары Өзбекстан, Белорусь жана Монголиянын студенттери да биринчи жолу катышууда.

“Россия темир жолу” ишканасынын башкы директорунун орун басары Андрей Макаров билдиргендей, атактуу БАМ курулуш долбоору мурдагы СССРдин курамында да жаңырып, жаштарды өзүнө тартып жатат.

“БАМ курулуш долбоору Россияда гана эмес, мурдагы СССРде жаңырып жатат жана транспорт институттарынын жаштарын өзүнө тартып жатат”, — деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Быйылкы жайда 18 миң студент Россия темир жолдорунда өндүрүштүк практикадан өтүүдө. Алардын 10 миңи кондуктор болуп иштесе, 5 миңден ашыгы курулуш иштерине тартылат.

Белгилей кетсек, БАМ менен Транссибирь темир жолун камтыган Чыгыш полигонунун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иштер 2013-жылы башталган. Натыйжада Забайкалье жана Ыраакы Чыгыштын темир жолдорундагы тоскоолдуктар жоюлуп, жаңы тоннелдер жана көпүрөлөр курулмакчы. Бул өз кезегинде автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Байкал-Амур магистралынын узундугу 4300 километрден ашат жана Россиянын алты аймагын кесип өтөт. Ал Тайшеттен башталып, Советская Гаванда аяктайт жана дүйнөдөгү эң ири темир жол линияларынын бири болуп эсептелет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер