“КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ БАЛДАРДЫН САЛЫМЫ”

  • 03.06.2019
  • 0

2019-жылдын  1-июнь күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындгы  балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында  «Кыргызстандын  өнүгүүсүнө  балдардын салымы” аталышындагы  Балдардын фестивалы өттү.  Ага Бишкектен жана региондордон келген эл аралык жана ата мекендик мелдештерде чоң  ийгиликтерди жараткан  таланттуу балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган   балдар  болуп баары  170 бала катышты. 

Иш-чаранын максаты — Кыргызстандын балдарынын  зор потенциалын көрсөтүү,  алардын  дареметин  ачканга  шарттарды түзүү.

  • Мамлекеттин өнүгүүсү, анын келечеги адам потенциалынын сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин эске алсак,  ал ириде бүгүнкү  өсүп келаткан балдарга карата болгон  мамилеге жана камкордукка  жараша болоору  айныгыс чындык. Фестиваль  эл аралык сынактардын жана мелдештердин  жаш жеңүүчүлөрү тарабынан  даярдалган чакан концерт менен башталды. Иш-чара   чыгармачыл, көңүл ача турган форматта өттү.  Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия,  менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча мастер-класстар уюштурулду. Атайын  жасалган фотоаймакта балдар  өзүн ар кандай образдарда сынап көрүп, тигил же бул кесиптин  атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышты.  Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер — мектептин  президенттери чогулуп, талкуулап, “Президентке  жана Кыргызстан элине Кайрылууну” жазышты, — дейт  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун пресс-катчысы Топчүгүл Шайдуллаева.

Иш-чарага  КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү  Р.И.Отунбаева, КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары  А.Кененбаев, Кыргыз Республикасындагы  ЮНИСЕФтин өкүлү жана башка расмий  адамдар катышты.

Белгилей кетсек, бул  Балдар Фестивалы  Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппараты,  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана ЮНИСЕФ тарабынан биргеликте өткөрүлдү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер