МЫЙЗАМДАРДА КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИНДЕРДИН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 16.10.2024
  • 0

16-октябрда Ош мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси» деген аталыштагы илимий конференция өттү.

МЫЙЗАМДАРДА КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИНДЕРДИН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференцияда өлкө мыйзамдарында колдонулган терминдерди которуу жана бирдейлештирүү, архитехтура, курулуш тармактарында ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик тилде колдонулушу талкууланды. Мындан сырткары салык, ички иштер органдарында, юридика, саламаттыкты сактоо тармагында терминдердин байланышы боюнча баяндамалар окулду.

МЫЙЗАМДАРДА КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИНДЕРДИН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Мелис Мураталиевге “ОшМУга даңк” төш белгисин тапшырды.

МЫЙЗАМДАРДА КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИНДЕРДИН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жыйындын алкагында терминология боюнча талкууланып, сунуштар айтылды. Анын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер