КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ ЖАШ ИНЖЕНЕРЛЕРДИН КОЛУНДА
- 24.03.2025
- 0
Бишкек шаарында мектеп окуучулары жана жаштар үчүн өтүүчү «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» республикалык илимий-техникалык олимпиаданын финалы өттү. Бул окуя, республиканын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын ажырагыс бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан 20 команда – 100дөн ашык катышуучуну чогултуп, алар өздөрүнүн инновациялык иштеп чыгуулары жана инженердик таланттарын көрсөтө алышты. Окуучулар олимпиадага чоң жоопкерчилик менен даярданышып, эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүгө умтулушту. Олимпиаданын финалына өтүү оңой болгон жок: жаш инженерлер алдыга койгон долбоорлорун коргоо үчүн аймактык турда тандоодон өтүштү. Атаандаштык абдан катуу болду. Бул жылы жаш ойлоп табуучулардын иштеп чыгуулары техникалык жактан дагы да иштелип чыккан жана оригиналдуу болгондугун канааттануу менен белгилөөгө болот.
Маалыматка таянсак, олимпиада үч этапта өттү: теориялык тур, экспресс-тур жана «үй тапшырмасы» боюнча берилген темада долбоорлорду коргоо. Алгачкы турда окуучулар жана жаштар Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн автоунаа жолдорунун келечектүү каттамдарын иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөрүн сунушташты. Экинчи турда алар «Тоо дарыяларына жакын балыктарды өстүрүүчү активдүү эс алуу зоналарынын моделдерин жана макеттерин жасоо» темасында чыгармачылыгын көрсөтүштү. Үчүнчү тур келечектеги инженерлер үчүн чыныгы сыноо болду, анда алар роботтун байгени таап кармап, аны белгилүү бир абалга алып баруу боюнча оюн автоматынын оригиналдуу моделин иштеп чыгышы керек болчу.
Катышуучулардын иштерин өлкөнүн белгилүү илимий ишмерлери жана адистери баалады. Калыстар тобун «Бишкек-
Электро» ЖЧК директору З.Жумашов жетектеди. Калыстар тобунун курамында ошондой эле техника илимдеринин кандидаты, доцент, КМТУнун «Автоматташтыруу, робототехника жана мехатроника» кафедрасынын жетекчиси А.Самсалиев; техника илимдеринин кандидаты, доцент, КМТУнун «Жаңылануучу энергия булактары» кафедрасынын жетекчиси Т.Жабудаев; техника илимдеринин кандидаты, доцент,
КМТУнун «Полиграфия» кафедрасынын жетекчиси М.Байгазиев жана Кыргызпатенттин алдындагы «Инновациялык борборунун» ММ директору А.Алымбеков бар. Жооптуу катчы техника илимдеринин кандидаты Н.Жогаштиев болду.
Юниор-лигада үчүнчү орунду Нарын облусунун командасы алды (Салават Увалиев, Айзирек Торобекова,
Нурэл Элебесов жана Нурмухаммед Муратканов, жетекчиси – Р.Турдалиева), мектеп лигасында болсо – Ысык-Көл облусунун командасы (Алибек Исаев, Нурдан Шекенбаев, Жумабек
Дуйшонов, Нурель Исмаилов, жетекчиси – И.Өмүрбек у.) үчүнчү орунду жеңип алды. Үчүнчү даражадагы дипломдорду
– И.Раззаков атындагы КМТУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Т.Жабудаев тапшырды.
КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу С.Волков белгилегендей, бул өнөктөштүк жаштардын инженердик жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн тереңирээк өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү уникалдуу билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган.
Мындай демилгелер Кыргызстандагы жаштардын илимге жана техникага болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу түрткү берет. Бул – өлкөбүздүн инженердик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдар болуп саналат. Келечекте ал Кыргызстандын экономикалык гүлдөп-өнүгүүсүнүн бекем негизине айланарында шек жок.
Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өттү. Юниор-лигада ИТОнун жеңүүчүлөрү Жалал-Абад облусунун командасы болуп чыкты (Самат Базаркулов, Элдар Исаков,
Даниель Тургунов жана Эрбол Кармышаков, жетекчиси – А.Момбаев). Мектеп лигасында биринчи орунду Талас облусунун командасы жеңип алды (Нурбол Меделбеков, Дастан Анарбеков, Алишер Алымбеков жана Арууке Накаева, жетекчиси – М.Байдалиев). Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдорун жана өтмө кубогун – Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси А.Ыканов тапшырды.
Юниор-лигада экинчи орунду Ош облусунун командасы ээледи (Абдулвосил Кабулжанов, Ариет
Омурзаков, Рабия Абдилазизова жана Мустафа
Замирбек у., жетекчиси – Н.Орозалиева), ал эми мектеп лигасында «Алтын түйүн» УБИТА командасы (Атай Исраилов, Ева Захарова, Мария Пискарева жана Билал Аттокуров, жетекчиси – А.Аблакеев) жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө дипломдорду ИТО-2025тин башчысы З.Жумашов тапшырды.
Юниор-лигада Бишкек шаарынын командасы
(Хусейин Кубанов, Асема Джеенбекова, Мырзахмад Джолдошев жана Нурислам Дыйкамбаев), ал эми мектеп лигасында Баткен облусунун командасы (Исхак
Омурзаков, Мардан Атаханов, Эрмек Насирдинов жана Азатбек Абдураимов) грамота алышты. Бардык ИТО-2025тин катышуучуларына, ошондой эле «БишкекЭлектро» ЖЧК тарабынан сертификаттар жана эстеликке белектер тапшырылды.
Кыргызстанда STEM – билим берүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн республикалык иш-чараларды уюштуруудан сырткары, «Алтын түйүн» УБИТА техникалык жактан шыктуу балдар үчүн жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүдө. Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири – Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) менен кызматташууну кеңейтүү болду. Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи 2025-жылдын 28-февралында Окуучулардын республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышында болуп өттү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер