Кыргызстандык студенттер жасалма интеллект боюнча олимпиадага катышат

  • 19.09.2024
  • 0

Москвада жасалма интелект жана маалыматтарды талдоо боюнча  эл аралык олимпиада өткөрүлөт.

Ал командалык негизде жүргүзүлөт. Бир топ 2-3 адамдан куралышы керек. Эгерде команда топтолбосо уюштуруучулар жалгыз келгендерден топ түзүп беришет. Катышуучулар Python программалоо тилин, технологиялык маалыматтарды топтоону, талдоону билиши зарыл.

Биринчи этап онлайн-форматта, ал эми экинчиси офлайн-форматта Москвада өткөрүлөт. Катышуучулардын чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Олимпиаданын байге фонду 1 миллион 350 миң рублди түзөт.

Россиянын “Жогорку экономика мектеби» жогорку окуу жайы жана «Яндекс. Билим берүү» платформасы аталган олимпиадага катышууну каалагандардан билдирмелерди кабыл ала баштады. Каалоочулар 5-октябрга чейин жөнөтүп үлгүрүшү керек.

Жарышка катышуу үчүн шилтемеге кирип арыз жөнөтүү керек.

Бөлүшүү

Комментарийлер