КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН

  • 13.04.2025
  • 0

12-апрель – космонавтика күнү! 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан. Ош облусунда туулуп, өскөн Салижан Шарипов космосту багындырган жердиги кыргызстандык жаран. Ал биринчи ирет америкалык «Endeavour» кемеси менен 1998-жылы аалам мейкиндигине аттанган. Экинчи ирет «Союз ТМА-5» кемесине командирлик жана Эл аралык космостук станциясындагы 10-негизги экспедициянын бортуна инженерлик кылып учкан. Бул мезгилде Шарипов ачык космоско эки ирет чыккан. Кыргызстандык биринчи  космонавт Салижан Шарипов адам космоско чыкканда кандай сезимде болоорун, бул кесиптин өзгөчөлүктөрүн, машыгуулар, учурдагы ишмердиги тууралуу “Кут Билим” гезитине айтып берди.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН— Сиз 1998-жылы алгач космоско учкансыз жана сиз үчүн бул кандай таасир калтырды?

-Кичинекей кезимден космонавт болууну кыялдангандыктан, көп жылдар бою ушул кыялымды ишке  ашырууга аракет кылдым. Максатка жетүү үчүн акырындап тепкичтерди басып, талыкпай эмгектенип, окуп, аскердик учкуч кесибин өздөштүрүп, космонавттык корпуска кошулуп, толук курсту бүтүрдүм. Командир катары орбиталык станцияларда космостук учууларды даярдоого катыштым. Ал эми менин космоско биринчи учкан учурума келгенде адам кандайча максатына жетип, кыялын ишке ашырып жатканын, кандай бактылуу болоорун элестете албайсыз. Ал эми мен биздин планетаны космостон биринчи жолу көргөндө, мындай учурларды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес болчу.  Биздин планета кооз, ал укмуштуудай керемет. Эгерде биздин Жерди бардык адамдар космостон көрүшсө, анда менимче, бизде эч качан согуш болбойт эле… Ал жактан чек аралар көрүнбөйт, бирок Жердеги жашоону коргогон атмосферанын жука катмары даана көрүнүп турат. Адамдардын жаратылышка канчалык жаман мамиле кылганы ачык көрүнүп турат, ал тургай мунайдын төгүлгөнүн да көрө аласыз. Жер ушунчалык кичинекей, назик, кооз, биз аны коргоп, кам көрүшүбүз керек.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАНАлбетте, мен биздин  планетанын фотосүрөттөрүн, ар кандай видеолорду көргөм. Бирок мен өзүм ал жерде болгонумда учуу алдында көргөндөрүм менен салыштырууга болбойт. Бир да космонавт космоско жүргөндө кандай сезимде болгонун айтып бере албайт. Менин оюмча, кайсы бир талантуу акын космоско учуп барса дагы, балким ал башынан өткөргөн сезимдерди толук жеткире алмак эмес. Жада калса космосто Ысык-Көлүбүз көрүнүп турат. Жердин жылмаюусу Ысык-Көл десем жарашат. Анткени адам чын жүрөктөн жылмайганда ооздун формасы Ысык-Көлүбүздөй  көрүнөт. Ал эрин сымал формада болгондуктан, ал дайыма ачык, тунук көл, бийик тоолор арасында жайгашкан жана бул албетте таасирдүү. Кыргызстан менин мекеним, көп сүрөт тарттым, видеого тарттым, мунун баары менин архивимде сакталуу.

— Космосту биринчи багындырган  Гагарин сизге эмнеси менен өрнөк, үлгү болгон?

– Кичине кезимден анын учканын угуп, мен да космонавт болсом деп эңсер элем. Атам теле көрсөтүүлөрдө космоско адам учушу тууралуу маалыматтарды көрсөтүлгөндө мага алардан өрнөк ал деп калчу. Юрий Гагарин — биринчи космосту багындырган алгачкы космонавт деп, ал тууралуу маалымат берген да атам болгон. Мен ал космоско учкандан кийин төрөлсөм да анын эрдигин, каармандыгын теледен көрүп, ошол кездерде эле мен да андай болсом деген тилегим бар эле. Акыры ошол максатыма жеттим.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН— Сиз Байкоңурдан космоско учтуңуз эле. Айтылуу космодромдо  Юрий Гагаринге байланыштуу кандайдыр бир каада-салт, ал тууралуу музей барбы?

— Кемеге пастан өйдө көтөрүлүүдө бир кең орундук «Гагариндин орундугу» деп аталат. Аны менен чынында эле биринчи жолу Юрий Алексеевич өйдө көтөрүлүп кемеге түшкөн. Мен космоско учарда дал ошол орундукка олтуруп кемеге чыктым.
Көз алдыңызга келтире аласызбы, 1961- жылы курулган космодромдогу олтургуч, ошол күндөн ушул күн иштейт. Мен сыңары бардык эле космоско биринчи уччу космонавт анын жардамы менен аалам коюнуна сапарын баштайт. Андан сырткары ал жерде музей бар, Юрий Алексеевич ааламга учар алдында эс алган чакан там музей. Королевдун эс алып жүргөн там-музейи Космостон кайткандар ал жакта урунган кийим-кечек, колдору коюлган буюм-тейимер сакталчу чоң музей бар. Байкоңурдагылар жана космонавттар аларды ардактап, сыймыктанышат. Эмне дегенде Байкоңур башка планеталарга карай адам баласынын колун сунгузган жай эмеспи.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАНСиз эки ирет космоско учтуңуз? Жерде жашап жүргөн инсандар космосто адам кандай кыйналуу-кысталууну башынан өткөрөөрүн баамдап биле албайбыз да. Бул сезимди өз оозуңуздан уксам дейм. Сиз ал жакка кантип көнүктүңүз, айрыкча кийинки жолу узакка учканыңызда кыйла  кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келгенин айтканыңызды уктум эле.

— Мен эки ирээт космоско учтум. Биринчи жолу 1997-жылы Спейс Шатлл «Space Shuttle» менен учканы даярданып жатып кийин биз Индевер «Endeavour» менен америкалык астронавт болуп он күнгө учтук. 1998-жылы 21-январдан 1-февралга дейре учтук. «Мир» комплексине барып чиркештик да ошондон тарта жети күнү калган экипаж менен чогуу учуп жүрдүк.

Экинчи жолку учушум 2004-жылы ишке ашты. Чиао Лерой (CHIAO Leroy) менен бирге учтум. Мен ал жолу Лерой менен космосто 193 күн болдум. Ал эл аралык космостук станцияга жасалган онунчу экспедиция эле.
Адам ал жакта өзүн кандай сезетке келсек, аны оозеки айтып түшүндүрүү абдан кыйын. Киши космостон жерге караганда кандай ой жараларын айтып бере албайсың. Ал жакта көзгө көрүнүүчү түстөр, боектор ушунча кооз, кызык аны адам өзү көрүп гана элестете алар.
Мен ошол себептен жерде жашаган ар бир адамдын, айрыкча өлкө президенти болом дегендер космосто болуп келишин каалар элем! Алар биз жашаган Жер ал жактан кандай көрүнөт көрүп келишсе, планетабызды көздүн карегиндей сактоого аракет кылышмак… Канча ал кичинекей, канча кооз аны курчап турган аба катмары ушунча жука экенин көрүшсө кана…
Билесизби, ар бир киши өз чөйрөсүндөгү табият, болмуш, кандайдыр бир кооздукту көрүп үйрөнгөнүнө жараша кабылдайт. Эгерде адамдын көргөн-билгени чектелүү болсо анда ал аалам коюнундагы таасирди жеткиликтүү кабылдай албайт. Менин өзүмүн туйган көргөнүмө келсек, дагы эле тил жеткис кызыктарды көрдүм деп гана айта аламын…
Бекеринен, кишилер миллиондогон долларын коротуп космоско учуп атпагандыр. Мына, космостук саякатчы Чарльз Симони  эки жолу учту.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН-Азыр технология аябай өнүккөн заман эмеспи. Кыргызстан өлкөнүн өнүгүүсү жана мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо үчүн космосту пайдаланууга кудурети жетеби? Балким кыргыз өкмөтүнө бул өңүттө сиздин сунуштарыңыз бардыр?

— Азыркы күндө космос аркылуу пайда болгон көп нерселерди Кыргызстан колдонуп жатат. Менимче эгер биздин жетекчилер, башчылар бул жаатта билимди өркүндөтүүгө жана иштетүүгө кызыкса чоң пайда болмок. Жаңы билим эч убакта жамандыкка алып барбайт. Бул адамдарды байытат, адамдардын көз карашын өзгөрөт жана андан жашоосу жакшырат.

— Совет доорунда көптөгөн адамдар космоско учууну кыялданчу. Учурда ошол романтика жоголуп, жаштар анча кызыкпай калды деп ойлойсузбу?

— Бул тууралуу мурда көп айтышчу. Учуу көрүү үчүн таасирдүү болду. Эл космонавт болуу сыймык экенин билишчү: сени сыйлап, наамдарды берип, көңүл бурушчу. Бирок ошол кезде деле көбү космонавт деген кесип эмне экенин толук түшүнүшкөн эмес.

Бул көп жылдык түйшүктүү эмгекти жана машыгууну жана адамдан толук берилгендикти, жоопкерчиликти талап кылат. Бул илимдин бардык тармактары боюнча терең билимди бириктирген өтө татаал кесип. Космосто эксперименттерди жүргүзүүдө биз изилдөөнүн  предметин түшүнүшүбүз керек.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАНБүгүнкү күндө космонавттарга илимдин өнүгүшүнө негиз болгон фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Ошондой эле ден соолугуңуз чың болуп, психологиялык жана техникалык жактан даяр болушуңуз керек. Эл аралык космос станциясынын баасы азыр 150 миллиард доллардан ашат. Ага ишенген адамдардын кандай асыл сапаттары, билими болушу керектиги түшүнүктүү. Буга чейин миңдеген аскер учкучтарынын  ичинен бирөө гана космоско учкан.

— Биринчи ачык космоско чыкканыңызда кандай сезимде болдуңуз?

— Коркунучтуу болду! Мен буга америкалык да, орусиялык да скафандр менен даярдангам. Бассейнде машыгуу ал башка нерсе, бирок чыныгы жашоодо люкту ачып, сырттагы чоң станцияны караганыңызда башкача сезилет. Алгач жыгылып кетчүдөй сезилет, жүрөктүн кагышы күчөйт. Космоско чыгып, көзүн жумуп: «Мен биринчи эмесмин, акыркы да эмесмин» дедим.

Бирок сыртта иштей баштаганда баары оңоло баштады. Биз өзүбүздүн үстүбүздө иштөөнү жана кыйынчылыктарды жеңгенди билебиз. Айтмакчы, учкан 600 космонавттын ичинен жүзгө жетпегени кемеден  гана ачык космоско чыгып, иштеген . Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН-Айтыңызчы, космонавттарды даярдоо программасына эмнелер кирет?

— Жалпы космостук машыгуу, топтун составында машыгуу, космоско учууга даярдануу бар. Биринчи этап эки жылга созулат, экинчиси — 3 жылдан 10 жылга чейин. Техника, илим, эксперименттер бар. Ал эми экипаж түзүлгөндө, сиз белгилүү бир космостук кемеге даярданасыз. Жалпысынан космоско учуу үчүн 7 жылдан 12 жылга чейин даярдык керек. Биз жөн эле отуруп, учуп, кемени башкарып, кайра кайтып келген жокпуз, ошондой эле эксперименттерди жасап, илимпоздор менен иштешип, илимдин бардык тармагында билимге ээ болушубуз керек, илимпоздор менен бир тилде сүйлөшө билишибиз зарыл.

Ошон үчүн ушунча убакытка чейин окуп, учакка даярдануу керек. Физикалык билим менен илимий билим башка, билгичтик жана жөндөмдүлүк да зарыл.  Бул учуунун убагында биз илимдин жана техниканын ар түрдүү тармактары боюнча 60тан ашык эксперименттерди жүргүздүк. Алардын арасында идеологиялык материалдар, медицина, биотехнология, астрофизика, биофизика жана, албетте, бортто өстүрүлгөн өсүмдүктөр бар.

Учурда тажрыйбаңызды жаштарга үйрөтүп, кайда, кандай кызматты аркалап жатабыз?

-Азыр мен  Россиядагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда иштейм, бул — космонавттарды даярдоонун федералдык борбору. Учурда борбордо космоско учкан бардык космонавттар окуудан жана машыгуулардан өтүп жатышат.  Ал эми активдүү учуу иши токтогондуктан, мен өзүм жаш космонавттарды окутуп даярдап жатам. Ошондой эле, ошол эле учурда мен жаштарга билим берүүчү космостук борборду жетектейм. Бизде чоң команда бар, жаштарга кесипке багыт берип жатабыз. Мектеп окуучуларын, студенттерди, жаш адистерди чакырабыз, албетте аларга космос, космонавттын кесиби, инженерлер жөнүндө кенен айтып беребиз.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАНЖаштар келип, презентацияларды көрүп,  алардын суроолоруна жооп берип,  космоско учууда колдонуучу технология, аппараттар менен тааныштырып, технологиялык кесипти, туура жолду тандоосу үчүн аларга багыт, кеп-кеңештерди берип жатабыз. Бизде ар кандай тренажерлор, эбегейсиз чоң комплекс бар. Биздин мурдагы борбордогу «Мир» станциясынын чыныгы үлгүсү, колго жасалган симулятор орнотулган. “Боинг-77” тренажеру, Ми-8 вертолетунун тренажеру бар,  окуучулар жана студенттер арасында викториналарды өткөрүп, лекцияларды окуйбуз, илим менен тааныштырабыз, учурда бул иштердин баарын жеке өзүм көзөмөлдөйм. Аскер адамымын, аскер кызматындамын. Мен  дипломатиялык академиядан дагы билим алгам. Келечекте адамдарды бириктирип, жакындатып, тынчтыкты орнотуп, ошондой эле мамлекеттерди бири-бири менен жакындатууга аракет кылам деп ойлойм.

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВ КОСМОСКО 88-БОЛУП УЧКАН— Сиздин балдарыңыз да жолуңузду жолдодубу? Канча балаңыз бар?

— Менин эки балам бар, бир кыз, бир уулум бар. Кызы турмушка чыгып, чет өлкөдө жашайт. Уулум учкуч, ал дагы Кыргызстандын жарандык авиация мекемесинде учкуч болуп иштейт. Учурда жубайым экөөбүз Москвада жашайбыз.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер