КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ФИЗИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШТИ
- 08.07.2025
- 0
2025-жылдын 29-июнунан 8-июлуна чейин Россия Федерациясынын Ханты-Мансийск шаарында III Эл аралык илимий физика олимпиадасы (ISPhO-2025) өттү. Ага 23 мамлекеттен 105 окуучу катышты. Жыйынтыгында беш окуучудан турган Кыргызстандын курамасы үч коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алды.

Алар Эмилбеков Айтегин — коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу
Салиев Темирхан — коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу
Мугалимдери Алмурза уулу Алтынбек, Омурканов Тургунбек
Бектур Баратали — коло медаль, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу
Мугалими Сатыбалдиев Дүйшөн
Анаралы уулу Эмир — Ардак грамота, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу
Абдиев Аскар — Ардак грамота, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу
Мугалимдери Чынтемир Сабыров, Улукбек Ажыбаев
Олимпиаданын соңунда өлкөлөрдүн курамалары Эл аралык физика олимпиадасына (IPhO-2025) даярдануу үчүн окуу-машыгууларга чакырылды. Иш-чара 2025-жылдын 8–15-июлунда Москва физика-техникалык институтунун базасында уюштурулат.
Комментарийлер