КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

  • 28.12.2023
  • 0

«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24-27-декабрда Баку шаарында өткөн «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Ян Бобрус математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан –10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:

1. Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,

2. Жасурбек Тешабаев, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, — 26 балл,

3. Иса Мамытов, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.

Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын (ICHO) коло байге ээси Дооронбек Маметов.

Олимпиадага Кыргыз Республикасынан, Азербайжан Республикасынан, Грузия Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Өзбекстан Республикасынан келген окуучулар катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер