КЫРГЫЗСТАНДЫК  БАЛБАНДАРДЫН ЖЕҢИШИ   

  • 29.06.2023
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫК  БАЛБАНДАРДЫН ЖЕҢИШИ    

Жакында эле  “Бишкек-Арена” муз аянтчасында спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) боюнча 17 жана 23 жаштагылар арасында Азия чемпионатын жыйынтыктадык. 9-июнда башталган мелдеш 18-июнда аяктады. Жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 10 алтын, 12 күмүш жана 8 коло – жалпы 30 медалга ээ болушту. Бул тууралуу «Кут-Билим» гезитинин сырт кабарчысы Кабыл уулу Кутман баяндайт

Ошентип, жалпысынан Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте 20дан ашык команданын арасында 2-орунду (363 упай) ээлеп, Казакстандын командасынан (387 упай) кийинки орунга татыды. Үчүнчү орунга Индия курама командасы ээ болду (273 упай). Бул абдан жогорку көрсөткүч.

-Иш-чара уюшкандыкта жакшы өттү. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин июнь айынын башында Бишкек шаарында  36 мамлекеттен 600гө жакын балбандар катышкан Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык рейтингдик турнир да жогорку деңгээлде өткөн. Мында кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болушкан. Мурда да айтып өткөндөй, бул турнирге олимпиаданын 7 чемпиону, дүйнөнүн 17 чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спорттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа, Континент аралык турнирлердин чемпиондору катышып күч сынашкан. Деги эле, мындай иш-чаралар кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөт десем жаңылышпайм. Канча мамлекеттен спортчу келсе, ошончо мамлекетте биздин өлкөнүн аты аталат. Элдин күрөшкө болгон кызыгуусун артырат. Учурда Кыргызстандан 600 миң бала күрөш менен машыгат. Жаштарыбыздын башка терс өнөкөттөрдөн алыс болуп, спортко кызыгып туруусунун өзү да чоң мааниге ээ.

Мындай мелдештер ошондой эле, Кыргызстандын жаш жана келечектүү балбандарын дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган балбандар менен беттешүүгө, эл аралык аренада баалуу тажрыйбага ээ болууга шарт түзөт, эл достугуна, ынтымагына данакер болот. Күрөш эң байыркы спорттун түрү. Египеттиктер, түрктөр, гректер, япондорду айтпаганда да, байыртадан эле кыргыз элинде балбандардын күч сынашы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, намысын көтөргөн оюндардын бири болуп келген. Биз аны өнүктүрүп-өстүрүүгө аракет кылып келатабыз. Алдыда олимпиадага жолдомо берүүчү Азия континенталдык турнирин биздин өлкөдө өткөрүү планыбыз да бар, -деди Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев биз менен болгон маегинде.

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынын атынан аталган иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башкы машыктыруучуларга, жеке машыктыруучуларга, бардык күрөш күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда  23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында (U23) 2-орунду ээледи.

 18-июнь күнү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталды. 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты.  Курама команда эки алтын, үч күмүш жана эки коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

10-июндан 18-июнга чейин Бишкек шаарында 17 жаштан 23 жаш куракка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионаты атайын жасалгаланган “Бишкек Арена” спорт комплексинде (Муз аянтчасында) болуп өткөн.

Азия чемпионатында 60 даражадагы байгелерге он салмак категориясында спортчулар күч сынашкан. Азия чемпионатына дүйнөнүн 30 ашык мамлекетинен 450 балбан катышкан. 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстандын борборунда буга чейин былтыр да өткөрүлүп келген.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашкан. Алар жети салмак категориясында күрөшүп, алты салмак боюнча биздин балбандар финалга чыгышкан.

Азия чемпионатынын экинчи күнүндө 23 жашка чейинки балбандар арасында Улан Муратбек уулу алтын байгеге татыган. Улан грек-рим күрөшүндө 55 кг чейинки чен салмакта күч сынап, 7:3 эсеби менен Казакстандын балбанын жеңип, Азия чемпиону аталган. Ошондой эле Раззак Бейшеев жана Асан Жанышов Азия чемпиону болушкан.

Раззак Бейшеев финалдык беттеште 67 кг чейинки салмакта казак балбаны Сырым Сарсенди 6:1 эсеби менен жеңген. Асан Жанышов 82 кг чейинки чен салмакта алтын байге үчүн өзбек балбаны Аброрбек Мамыров менен күрөшүп, 10:1 эсеби менен жеңишке жетип, алтын медаль тагынган.

70 кг чейинки чен салмакта Орозобек Токтомамбетов алтын байге үчүн күрөшүп, Азия чемпиону аталган. Алгач ал 1/4 финалда 10:0 эсеби менен Тайбэй, кийин 12:1 менен Индиялык балбанды жеңген. Финалда ал Таджикстандык Мустафа Ахмедов менен күрөшүп, жеңишке жеткен.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча финалда Жеңиш Жумабеков 87 кг чейинки чен салмакта күч сынаган, бирок чечүүчү беттеште жеңилип, коло байге алган.

U-17 Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча  Кыргызстан курама командасы 13 байге алышкан.  Грек-рим күрөшү боюнча Марлен Абдысаматов, Сабит Шамшединов, Мирсаид Юнусов жана Ырыскелди Хамзаев Азия чемпиону болушкан. Коло байге ээлери Муслим Мамыров жана Таласбек Бообеков аталды.

Командалык эсепте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы Иранга жеңилип, экинчи орунду камсыз кылган эле.

Кыз-келиндер арасында күмүш байге жеңип, Акылай Чыныбаева жакшы жыйынтык көрсөткөн. Асема Төрөгелдиева, Азиза Шумкарова жана Элина Бакытова коло байге алышкан. Командалык эсепте кыздар курама командабыз алтынчы орунда.

Эркин күрөш боюнча Өмүрбек Асан уулу чемпион аталган, ал эми Рустамжан Кахаров күмүш байге жеңген. Ошондой эле 97 кг салмакта Каныбек Абдулхаиров күмүш байгеге татыган.

Командалык эсепте курама эркин күрөш командабыз төртүнчү орунду камсыз кылган. Мелдеште жалпы 13 өлкөнүн курама командасы күч сынаган.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Стамбул Жаныбек уулу Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында 92 килограммга чейинки салмак категориясында 2-орунга ээ болгон.
Спортчу 1/8 финалдан баштап, кытайлык балбанды 12:1 эсебинде жеңип, кийин монголиялык Мункхбаяр Цоктбаярды 11:8 (туше) артта калтырган. Жарым финалдык беттеште индиялык Парвин Кумарды 4:2 (туше) эсебинде жеңип , финалга чыккан.
Ал эми, чечүүчү беттеште казакстандык Ризабек Аитмухан аттуу спортчудан жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) курама команданын мүчөсү Адилет Жапаркулов Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында 74 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болгон. Адилет Жапаркулов 1/4 финалдан баштап индиялык балбанды 6:3 эсебинде утуп, жарым финалда кытайлык спортчуга 2:15 эсебинде жеңилип калган. Ал эми, коло байге үчүн беттеште монголиялык Батбаяр Бацухту 5:2 эсебинде жеңип 3-орунду ээлеген.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мухаммад Абдуллаев Азия чемпионатында 86 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалдын ээси болгон.
Спортчу 1/8 финалдан баштап, казакстандык балбанга 5:8 эсебинде жеңилип, кийинки беттешинде индиялык спортчуну 2:2 (туше) эсебинде жеңип алган. Жарым финалда монголиялык балбанга 8:13 эсебинде утулуп калган. Ал эми коло байге үчүн беттеште казакстандык Максат Сатыбалды аттуу спортчуну 5:3 эсебинде артта калтырып, 3 орунду камсыздаган.

Эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) улуттук курама командасынын мүчөсү Каныбек Абдулхаиров Азия чемпионатында 97 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медалга ээ болгон. Спортчу 1/4 финалында, индиялык балбанды 11:1 эсебинде жеңип, жарым финалдык беттеште өзбекстандык балбанды 3:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Ал эми, финалдык беттеште казакстандык балбандан жеңилип күмүш медалга ээ болгон.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Аден Сакыбаев Азия чемпионатында (23 жашка чейинкилер арасында) күмүш медалдын ээси болгон.

Спортчу 65 кг салмакта жалпысынан 5 беттеш өткөргөн. Алгач кытайлык Баован Вейди 12:0, түркмөнстандык Реимбай Казаковду 10:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалда индиялык Сингх Жаскарянга 3:7 эсебинде жеңилип калган. Жарым финалда казакстандык Акбар Курбановду 3:2 эсебинде артта калтырып, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште тажикстандык Абдулмажид Кудиев менен күч сынашып, жеңилип күмүш медалдын ээси болгон.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Азия чемпионатында 57 салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган. Спортчу 1/8 финалда түркмөнстандык Атажан Медетдурдиевди 10:0, 1/4 финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 11:1 эсебинде жеңген. Жарым финалда индиялык Шубан Шубанды 15:5 эсебинде жеңип финалга жолдомо алган. Ал эми, финалдык беттеште казакстандык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) Азия чемпиону болгон.

Кабыл уулу Кутман,

Спорттук баяндамачы

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер