КЫРГЫЗСТАН ЭКИНЧИ ОРУНДА

  • 10.09.2024
  • 0

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Биринчи күнү жыйынтынтыкталып, Кыргызстандын улуттук командасы медалдардын саны жана сапаты боюнча Казакстандан кийинки экинчи орунга чыкты.

Бүгүн, 9-сентябрь күнү V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Улуттук курама командабыз жалпы 14 медаль (3 алтын, 7 күмүш, 3 коло) жеңип алышты. Мелдештин биринчи күнү таяк тартыш, эр эңиш, казак күрөшү, озбек курашы, салттуу жаа атуу, далба ойнотуу, атчан жаа атуу, көк бөрү, жер улак (көк пар), тогуз коргоол, чүкө оюндары боюнча мелдештер болуп өттү.

Таяк тартыш боюнча эркектер арасында Уланбек Турганбаев (65 кг) жана кыз-келиндер арасында Эльза Абдыкадырова (55 кг) V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү болуп, алтын медаль тагынды. Бекмураза Токтошев (70 кг) жана Элдос Айтбаев (80 кг) финалга чейин жетип, күмуш медалга ээ болушту.

Эр эңиш боюнча Жекшенбек Турдубеков (60 кг) жана Райхан Бактыгул уулу (70 кг) финалдык беттештерде күмүш медалга ээ болсо, Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) 3-орунду ээлеп, коло медаль утту.

Казак күрөш боюнча Кемал Оболбеков (55 кг), Луиза Асакеева (48 кг) финалда казак балбандарына утулуп, 2-орунду ээлесе, Байбол Саламат уулу (66 кг) коло медалга ээ болду.

Озбек курашы боюнча Бекболот Токтогонов (+100 кг) V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Ал эми Ажар Исаева (70 кг) коло медалга ээ болду.

Салттуу жаа атуу боюнча Асель Садырова 2-орунду жана Искак Токонов 3-орунду ээледи.
Көк бөрү боюнча курама команда Өзбекстанды 12:6 эсебинде жеңсе, жер улак (көк пар) казак эрежеси боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Монголияны 16:0 эсеибинде жеңип кийинки баскычка өтүштү.

Чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга чыкты.
Эске салсак 8-сентябрь күнү оюндун ачылыш аземи болуп, мелдештер башталып, көчмөндөр оюндары 13-сентябрь күнү жыйынтыкталат. Эртен, 10-сентябрда спорттун 11 туру боюнча мелдештер улантылат.     Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, «Кут Билим», Астана шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер