КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУ

  • 27.03.2025
  • 0

25-март түнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тарыхый жеңиш жаратып, Дүйнө чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында Азиянын эки жолку чемпиону Катардын курамасын 3:1 эсебинде утуп алды.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУБеттешүүнүн биринчи таймынын аягында Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичиндин атаандаштардын дарбазасына алыстан таамай тепкен тобу эсепти ачты. Ал эми экинчи таймдын башында Катардын коргоочусу Ахмед Сухайл Аль Хамавенде эсепти 1:1 кылып теңдөөгө жетишти. Мелдештин 56-мүнөтүндө Катардын коргоочусу Лукас Мишель Мендес оюндун эрежесин одоно бузуп, айыбы үчүн “кызыл карточка» алып, Катар курамасы бир оюнчуга кемиди. Андан кийинки Катардын дарбазасына 82- мүнөттө Кыргызстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Александр Мишенко гол киргизип, эсепти 2:1 кылып, команданы алга сүрөдү.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУОюндун негизги бөлүгү аяктап, ортодогу калыс 8 мүнөт кошуп бергенде, атаандаштык аябай курчуду. Кошумча убакыт 3 мүнөт өткөндө кыргызстандык күйөрмандарды чабуулчу Алимардон Шүкүров дагы кубантып, эсепти дагы бир топко көбөйттү. Ошентип, Кыргызстан 3:1 эсебинде артыкчылык менен Азиянын эки жолку чемпиону Катар курама командасын алгач ирет жеңип алды. Кыргызстандык футболчуларды сүрөөнгө алуу үчүн стадионго өлкө президенти Садыр Жапаров да барганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУКыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу оюндарында Азия аймагында үчүнчү айлампага чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея менен “А” тайпасында күч сынашып жатат. Үчүнчү айлампадагы жыйынтыктоочу беттешүүлөр июнь айында өтүп, 5-июнда Түндүк Корея менен Кыргызстан күч сынашмакчы. Бул оюн мейманда болмокчу. Бирок, мелдеш өтүүчү жер учурда аныктала элек.  Ал эми 10-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттешет.КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУ

Азияда футбол боюнча лидерлердин бири Иран курамасы “А” тайпасында буга чейинки алты беттеште утуп, Өзбекстан менен тең чыгып, 19 упайы менен өз тобунда сап башында келатып, дүйнө чемпионатына биринчи жолдомо алды.  Ал эми экинчи орундагы Өзбекстандын 17 упайы бар. Аларда дагы жолдомо алуу алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандан жеңилүү ызасын тартып калган Катар түз жолдомо албай, 10 упайы менен эми кайра таймашууларга катышмак болду.   Кыргызстандын курама командасы учурда 6 упайга ээ болуу менен бешинчи тепкичте турат. Ошентип, кыргызстандык футболчулар алты оюнда утулуп, 2 оюнда жеңишке жетти.

Футбол күйөрмандардын эсине салып койсок. 2026-жылы үч өлкө: АКШ Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышып, мөрөй талашат. Бул жолу Азия континентинен Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ КАТАРДЫ УТТУФутбол боюнча Дүйнө чемпионатынын мыктыларды иргеп алуунун үчүнчү айлампадагы оюндарына Азиядан 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командаларга дүйнө чемпионатына жолдомо ыйгарылат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп атаандашып, бул беттешүүлөрдө уткан эки командага дүйнө чемпионатына жолдомолор берилмекчи.

Былтыр, 2024-жылдын 5-сентябрда башталган үчүнчү айлампадагы мыкты командаларды иргеп алуу оюндары 2025-жылдын июнь айында аяктайт. Ал эми төртүнчү жана бешинчи айлампада мыкты командаларды иргеп алуу беттештери 2025-жылдын ноябрь айына чейин улантылат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер