КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ МЕКТЕБИНДЕГИ СЫНАМЫК ТЕСТ

  • 23.08.2024
  • 0

12 жылдык билим берүүгө карай багыт алган кыргыз мектеби өз мугалимине болгон талабын күчөттү. Учурдагы мугалим кесипкөйлүктүн эң мыкты үлгүсүн көрсөтүп, чыгармачылык менен заман талабына шайкеш иштөөгө тийиш. Ушундан улам, өтүп бараткан жумада, Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде мугалимдер сынамык иретинде педагогика, психология жана методикадан тест тапшырышты. 

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ МЕКТЕБИНДЕГИ СЫНАМЫК ТЕСТ

 

“Негизинен жыйынтык жакшы”

 Мелискан АСАНОВА,  Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору:

 

Биз буга чейин мугалимдерден конкурс маалында гана тест алчубуз.  «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы”, “Мыкты куратор” номинациялары боюнча мыктыларды аныктоо үчүн педагогикадан, методикадан жана психологиядан жыйырмадан суроону тестке камтып койчубуз. Өз предметин канчалык билет деп, предметтик суроолорду да  кошчубуз. Бул жыйынтык чыгарууга жардам берчү.   Бүгүнкү күндө мугалимдердин аттестациясы тууралуу көп сөз болууда. Амонашвилинин сөзү бар го “Мектептеги билим сапаты мугалимдин билим сапатынан жогору болбойт” деген. Биз, өз кесибибиз мугалим болгон соң, баары бир өзүбүздүн үстүбүздөн иштешибиз керек экен. Муну түшүнгөнүбүздө, мугалимдерди тесттен өткөрүү зарылдыгы өзүнөн-өзү пайда болот. Былтыркы окуу жылынын аягында педагогикадан, психологиядан, методикадан суроолорду камтып, эки папка түзүп, компьютерге салып койдук. Карасам кызыккандар болду. Кээ бирлери кол шилтеп коюшту. Азыр мамиле башка. “Догдуркүл Шаршеевна да баары бир тесттен өтөбүз  деп жатат, ошондо начар көрсөткүч болуп калбасын” деген чочулоо болду го кээ биринде, кечээтен баштап,  бир компьютерге экиден отурушуп, аябай даярдык көрүштү. Бүгүн тесттен өтүштү. Ошонун жыйынтыгын карап отурамын. Арасында бардык 30 суроонун баарына жооп бергени да бар экен. Орточо көсөткүчтү, начар көрсөткүчтү көрсөткөндөр да бар. Негизинен жыйынтык жакшы.

 

“Тест жакшы түзүлгөн”

ТОКТОНАЛИЕВА Айша, география мугалими:

 

Биз бүгүн педагогика жана психологиядан тест тапшырдык. Тест жакшы деңгээлде  түзүлгөн. Биз  аттестациядан өтөсүңөр дегенден баштап эле өз билимибизди өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келебиз. Кыйналган жокпуз. Бир жагы мурдатан бул жерде иштегендиктен, компьютер менен иштөө ыкмаларын билчүбүз. Бизге жеңилирээк болду. Бирок кыйналган жерлерим да болду. Психологиядан суроолор татаал сезилди. Узун сүйлөмдөр болгондуктан, кээ бирин түшүнбөй эле, белгилеп алдым окшойт.  Мен райондо мектепте иштеп келгенмин. Бүгүнкү тестирлөө айыл жериндегилер үчүн кыйын болуп калышы мүмкүн деп ойлойм. Азыркы тестирлөөнүн оң жагы биз, мугалимдер, окуучулар жок кезде тапшырдык. Башкага алагды болбодук.  Бүгүнкүсү сынамык иретинде болду. Предметтик тест болсо, аны деле тапшыра беремин. Мектепте иштегениме 31 жыл болуптур. Өз үстүмөн көп иштейм. Эки электрондук китепке түзүүчү болдум. Жайында эки курста окудум. Окуучуларыма предметим боюнча видеопрезентацияларды даярдап жатам.

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ МЕКТЕБИНДЕГИ СЫНАМЫК ТЕСТ

 

“Тест өтө деле кыйын болгон жок”

КАНАЕВА Назгүл, биология мугалими

Бүгүнкү тест өтө деле кыйын болгон жок. Анткени Арабаев университетинде окуп жүргөндө, бизди  педагогикадан жакшы окутушкан экен. Педагогикадан тест суроолоруна “бешке” жооп бердим. Психологиядан ”төрт” алып калдым. Бул предметтен дагы өз билимимди тереңдетишим керек экенин түшүндүм. Экинчиден, тест тапшырууда бир кемчилдигимди байкадым. Мен убакытты туура пайдалана алган жокмун. Жарым саат берилсе да, шашып он минутада эле тапшырып салдым. Кийинки жолу мындай кылбайм деп ойлойм.

 

“Тесттин жыйынтыгы ар кандай болуп калышы мүмкүн”

ДООРОНОВА Фарида, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими:

 

Ушул мектепте биологиядан 40 жылдан бери сабак берип келем. Окуучуларымдын алды республикалык олимпиадаларда жеңүүчү болушту. Медакадемияда окуп буткөндөрү толтура. Академиянын Биология инсттитутунда иштеп жаткандары, чет жерде билим алгандары бар. Бүгүн мен башка кесиптештеримдин катарында тест тапшырдым. Тест тапшырууда ар кандай болуп калышы мүмкүн. Башка кнопканы басып алган же билип туруп эле жооп бере албай калган же ушундай болушу керек деп өзүңдүн ой жорууңду таңуулаган учурлар болот. Кандай тест болбосун, кандай курактагы адам тапшырып жатпасын, ал психологиянын сөзү менен айтканда, адам үчүн стресстик абалды жаратары бышык. Муну эмнеге айтып жатам, ушундай кырдаалдарда жетишилген тест жыйынтыгын айрым бир жерлерде, мектеп администрациясы мугалимге каршы колдонушу ыктымал. Биз мындайга жол бербешибиз керек.

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ МЕКТЕБИНДЕГИ СЫНАМЫК ТЕСТ

 

“Тест тапшырууда психологиялык даярдык чоң мааниге ээ”

АРСТАНБЕКОВА Минайым, биология мугалими:

Тест тапшырууда тест тапшыруучунун  психогологиялык даярдыгы чоң мааниге экени белгилүү. Тест тапшыруучуга маалымат алдын-ала берилиши керек. Мында эми мектеп администрациясынын жоопкерчилиги чоң. Бүгүнкү тест боюнча биздин мектептин администрациясына, кафедра башчыларына чон ыраазычылыгымды айткым келет. Алар бизге эки-үч күн мурун “ушундай тест тапшырасыздар, кыжаалат болбоңуздар, даярданып алганга убакыт бар” деп эскертишти. Эки күн даярдык көрдүк. Тест күнү деле маанай жакшы болду. Көбүнчө психологиядан суроолорго жооп берүүдө кыйналган үчүн, ушул предметти үңүлуп окуйм дегендер көп болду. Демек, бул тест биринчиден мугалимди өз үстүнөн иштөөгө багыттады. Ошон үчүн ал өз максатына жетти деп ойлойм.

 

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер