Кыргызча-орусча аталыштар боюнча колдонмо китеп

  • 27.02.2025
  • 0
 Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан иштелип чыккан «И. Раззаков атындагы КМТУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат орундарынын, багыттар боюнча адистиктеринин, дисциплиналарынын кыргызча-орусча аталыштары, туура жазылышы жана иш кагаздарынын үлгүлөрү» аттуу колдонмо китептин бет ачары болуп өттү.
Кыргызча-орусча аталыштар боюнча колдонмо китеп
Иш-чараны ачып жатып, университеттин ректору М. К. Чыныбаев аталган эмгектин маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана расмий документтерде бирдиктүү стандартты сактоого чоң салым кошорун айтты.
Китептин мазмуну боюнча кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Жумагул кызы баяндама жасап, көп талкуу жараткан терминдердин туура жазылышы, аталыштардын стандартташтырылышы жана кыргыз орфографиясынын негизинде аныкталган эрежелер тууралуу маалымат берди.
Кыргызча-орусча аталыштар боюнча колдонмо китеп
Бул колдонмо китеп аталыштардагы ар түрдүүлүктү жоюу, бирдиктүү норма түзүү жана жергиликтүү-нормативдик колдонмо катары кызмат кылуу максатында иштелип чыккан. Ага мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында иш алып барган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү да жогору баа беришти. Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы З. К. Туратбекова жана ономастика жана терминология борборунун бөлүм башчысы Кадыров Ысмаил аталган эмгек мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө маанилүү колдонмо болоорун баса белгилешти.
И. Раззаков атындагы КМТУ бул пайдалуу эмгекти ишке ашырууга салым кошкон кыргыз тили кафедрасынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирет. Бул иш мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана илимий-терминологиялык тактыкты камсыз кылууда чоң кадам болуп саналат
Бөлүшүү

Комментарийлер