КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ…

  • 16.02.2025
  • 0

Педагог,  окумуштуу, журналист,  жазуучу, демократ, устат,  каратэ-до спорт чебери,  машыктыруучу, эл аралык калыс,  мекенчил инсан Нарын Айыпты эскерүүКЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...

15-февралда Бишкекте Нарынбек Идиновду (Нарын Айып) акыркы сапарга узатуу зыйнатына бардык. Белгилүү журналист менен коштошууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн мурдагы башчысы Акылбек Жапаров баштаган саясий жана коомдук ишмерлер, кесиптештери жана жакындары келишип, сөөгү Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айып Идиновдун уулу Нарын Айып 1952-жылдын 6-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунда туулуп, 1969-жылы Бишкектеги № 44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин кызыл диплом менен бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Дипломдук ишин Новосибирск мамлекеттик университетинде жактаган. 1975–1976-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажировкадан өтүп, андан соң Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп, педагогдук эмгек жолун баштаган.

1977–1980-жылдары Н.Н. Семёнов атындагы СССР Илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында (Жогорку температуралар институтунда) илимий кызматкер болуп иштеген.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...1980-жылы СССРдин Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан Ташкент жана 1981-жылы Минск шаарларында уюштурулган мамлекеттик аттестациядан өтүп, чыгыш өнөрү каратэ-до боюнча машыктыруучу деген наам алган. Кийин Бишкек менен Москвада илимий иштер менен кошо спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген. 1990-жылы Москвада “Мүрөк” аттуу көзкарандысыз кыргыз жана орус тилдүү гезитти негиздеп, эки жыл анын башкы редактору болгон.

1993-жылдын башында ошол кезде Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.

1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мүнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мүнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору, жетекчиси, 2007-жылга чейин журналисти болуп эмгектенген.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...2003–2007-жылдары “Kyrgyz Weekly” аттуу көзкарандысыз электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып турган. 2008-жылы Бишкекке кайтып келип, Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору болуп иштеген, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы «Вечерний Бишкек» гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп эмгектенген.«Вечерний Бишкек» гезити рейдерлик жол менен тартып алынганда, 2015-жылдын август айында андан кетип, Zanoza.kg сайтын чыгарган «ПроМедиа» коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө — Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова). 2016-жылдын апрелинде «ПроМедиа» фондунун президенти болуп шайланган.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...«ПроМедиа» коомдук фондуна Zanoza.kg деген аталышты пайдаланууга 2017-жылдын июлунда сот чечими менен тыюу салынганда, “NarynAiypCom”  деген өз алдынча сайт негиздеген. 2018-жылдын августунан тартып Бишкектеги Бешинчи телеканалда баяндоочу жана алып баруучу болуп эмгектенип, орус жана кыргыз тилдеринде «О главном», «Кеп ошондо», «Күнөзөк», «Naryn Aiyp &…», «Главные итоги» деген аталыштагы жана башка программаларды алып барган.

СССР Илимдер академиясында иштеп жүргөн кезде, Нарын Айып бир нече илимий макаласын Москвада чыгуучу СССРдин алдыңкы илимий журналдарында жарыялаган жана бир катар эл аралык илимий конференцияларда доклад жасаган. Кийин, Прагада иштеп жүргөндө, Чехия, Улуу БританияГермания жана АКШда өткөн конференцияларга катышып, Кыргызстандагы абал тууралуу англисче доклад жасаган, анын Кыргызстан жөнүндөгү макалалары Чехия, Швеция, Россия жана АКШ маалымат каражаттарында жарыялап турган.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...-Акыркы жылдары Нарын байке “Кожомкул” жана “Эсимде” аттуу эки кино-роман жазып, алар жогорку сапаты, адабий жана илимий тили менен бааланган. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхы жана маданияты боюнча аналитикалык макалаларды чет өлкөлүк жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыялап турган. Өзгөчө өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий турмушуна жигердүү катышып, кыргыз адабияты менен журналистиканы  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. Анын курч макалаларын,  чыгармаларын жана  жеке күндөлүгүн өзүнчө китеп кылып чыгаруу зарыл. Дагы эл билбеген мыкты сапаттары да бар эле. 1980-жылы СССРдин Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан Ташкент жана 1981-жылы Минск шаарларында уюштурулган мамлекеттик аттестациядан өтүп, чыгыш өнөрү каратэ-до боюнча машыктыруучу жана “кара кур” ээси деген наамдарды алган. Кийин Бишкек менен Москвада илимий иштер менен кошо спорт мектебинде машыктыруучу болуп да эмгектенген. Эл аралык калыс даражасына да ээ болуп, ири мелдештерде калыстык кылган.  Балким Нарын байкенин жаркын элесине арнап, каратэ-до боюнча мелдеш өткөрүлүп калышы да мүмкүн,- дейт   күйөө баласы, жеке ишкер Нурланбек Матыев.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...“Азаттык” радиосунда учурунда бирге иштеген кесиптеши Баян Жумагулова:

-Белгилүү журналист Нарын Идинов байкенин күтүүсүздөн кайтып кеткени баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, жүрөгүбүздү сыздатты. Кайран киши, жазса да, айтса да акыйкаттык менен чындыкты тайманбай бетке айткан, өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларга аналитикалык сын көз караш менен таасын баа берген инсан эле. Нарын Идинов Кыргызстандын демократиялык нукка түшүп, өнүгүүсүнө журналист катары чоң салым кошкону эч ким тана алгыс чындык.  Адамкерчиликтүү, эч кимден жардамын аябаган адам эле. 14 жыл Азаттыктын адегенде Мүнхендеги, андан кийин Прагадагы кеңсесинде бир кабинетте отуруп, бирге иштештик. Иш дегенде ичкен ашын таштап коюп, иштин өтөлүнө чыкчу эле. Түнкү 12ге чейин отуруп иштөө – кадыр эсе эреже болчу Нарын байке үчүн. Калеми өткүр, дүйнө таанымы зор, чыныгы энциклопедиялык билими менен баарыбызды таң калдырган журналист эле. Орусча да, кыргызча да материалдарды ийине жеткире даярдап, бир кынтык кетирбей обого чыгарчу эле. Эч кимден эч нерсесин аябаган пейили кенен киши эле.

Эркин журналист, публицист Мелис Арыпбек:КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...

-Нарын Айып кыргыз журналистикасы кана эмес, кыргыз улутунун жүзү, үнү жана үлгүсү болгону анык! Тээ илгери, совет доорундагы коммунисттик жана шовинистик идеология чектен чыгып, эркиндикти кой, ээн эркин ойлогонго да чектөө кирип калган ошол жылдары Нарын Айып Москвада “МҮРӨК” аттуу кыргыз жана орус тилдүү гезитин негиздеп, эки жыл аралыгында аны чыгарып, ага ошол учурда Москвада окуган студент Кубат Чекиров жардамдашып турган. Ошол кезде биз ырааматы “АШАР” кыймылынын башында турган Жумагазы Садыр Чоң Аюу экөөбүз Ленинградда “КӨПҮРӨ” аттуу журнал чыгарчубуз. Нарынбектин “МҮРӨК” гезитин Нева боюндагы кыргыз жаштарга таратчу элек. Бир жолу, мен Ленсоветтен атайын уруксат алып, Ленинграддын Дворцовая аянтында, 1990-жылкы кандуу Ош окуясына байланыштуу “Так больше жить нельзя” аттуу митингде, кайрылган сөзүмдү Нарын Айып толугу менен өзүнүн гезитине чыгарган. Ошентип, Кыргызстанга демократиянын илеби келелекте, Нарынбек экөөбүз Россиянын эки борборунда үн катып, ээн эркин жар салганбыз. Андыктан, аты жыты ал кезде жок КДК – Кыргыз демократиялык кыймылынын башатында дал ушул Нарынбек Айып турганын, эскертип койсом ашыкча болбос.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк:

 -Кыргыз журналистикасынын кесипкөй, сабырдуу, сабаттуу өкүлү, күчтүү аналитиги, мырзалыгы бийик, интеллигент агайыбыз эле. Бир кезде “ Ала-Тоонун” казанында кайнап, Нарын агайдын жетекчилигинде иштедим эле. Журналистика жана коммуникация институтунда, жаңы, “эл аралык журналистика” багытын ачып, агайдын артынан чуркап, “куда” түшүп жүрүп, көндүрүп алганбыз. Агай эң сонун лекцияларды окуп, баарлашып калганда, “талантуу сонун балдарды тарбиялайбыз, элдин учу кур эмес, группада мыкты студенттер бар, буюрса алар устаттарынан ашат ээ” деп, кудуңдап, өзүнө гана таандык билинээр- билинбеген жылмаюсу менен, көз айнегинин үстүнөн акылдуу көздөрү менен карап койчу эле. Окулбай калган керемет лекцияларыңыз, сизди чыдамсыздык менен күткөн студенттериңиз, карааныңызды жоктогон аудиторияңыз, кеңешиңизге муктаж болгон жаш мугалимдер, эфирлериңиз, күйөрмандарыңыз, баары-баары сизди жоктойт агай. Дагы бир жакшыга, дагы бир мыктыга кош бол дейбиз ээ, аттиң ай!

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...Эркин журналист Аскер Сакыбаева:

-Нарын байке менен 2009-2015-жылдарда «Вечерний Бишкек» медиахолдингинде бирге иштедик. Жакшы да, соттошкон, УКМКда сурак берген күндөрдү дагы чогуу көрдүк. Байке менен дайыма акылдашып турчу элем. Эч качан сабырынан жазбаган мырза жигит эле. Акыркы жолу былтыр күздө кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата 7-каналдын студиясынан маектешкенбиз. «Асабаны», Мелис Эшимкановду, Алым Токтомушевди жана башкаларды эскергенбиз. Кенен сүйлөштүк эле. Бат эле минтип кетерин ким билиптир.  Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...

Мен дагы “Азаттык” радиосунда Нарын агай менен бирге иштеп калдым эле. Мени менен жолукканда дене тарбия жана спорт тууралуу сөзүбүз бүтчү эмес. Өзү дагы каратэ-до боюнча спорт чебери, кара кур ээси болгондуктан бул тармактын көйгөйүн, маселелерин абдан жакшы билчү. Былтыр Парижде өткөн жайкы олимпиада оюндары, күзүндө Астанада өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу менден дагы үч-төрт ирет 7-каналга интервью алган эле. Маектешүүдөн кийин дагы кенен сүйлөшүп, чери жазылып калчу. Былтыр Кыргызстанга Грузиядан атактуу спорт журналисти, жазуучу, коомдук ишмер Тенгиз Пачкория келип, андан дагы Нарын байке 7-каналга интервью алган эле. Маектешүүдөн кийин экөө Грузиядагы достору, тааныштары тууралуу, ал өлкөдөгү кырдаал, окуялар тууралуу кенен сүйлөшкөн. Тенгиз мырза дагы Нарын Айыптын терең билимине, интеллектисине, жогорку журналисттик ишмердигине, адамкерчилигине жогору баа берип, абдан ыраазы болуп кеткен. “Кыргызстанда Грузия, грузин тарыхы, маданияты, абадияты жана мамлекеттик ишмерлери тууралуу эң көп маалымат билген адам экен” –деп Тенгиз Пачкория Нарын агайды Грузияга мейманга чакырып кеткен эле.

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ДЫЙКАНЫ НАРЫН АЙЫП ДЕҢИЗДЕЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...Агай өмүр бою өзүнүн журналисттик жогорку принциптеринен, моралдык жана кесиптик критерийлеринен тайбаган намыстуу, мекенчил инсан эле. Ар дайым өзүнүн жеке үлгүсү менен  Кыргызстандагы коомдук аң-сезим лидерлеринин бири болуп, мекендештерине үлгү, өрнөк боло алды.

Кырк жылга чукул созулган журналисттик ишинде өзү бир дагы жолу мамлекеттен сый-ургал, ардак наам алууга умтулбады…

Кыргыз журналистикасынын дыйканы  Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап каза болгон.  Нарын агайды акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга салым кошкон  Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы, 7-каналдын жетекчиси Илязбек Балташевге жана ал жетектеген жамаатка, күйөө баласы, жеке ишкер Нурланбек Матыевге ыраазычылык билдиребиз.

Нарын Айыптын артында жубайы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды. Нарын агайдын арты кайырлуу болуп, ыйманы саламат болсун!

“Кут Билим” медиа борборунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер