КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

  • 11.10.2024
  • 0

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Өзгөчө университетке айланабыз

Технологиялык башкаруу доорундагы дүйнөлүк атаандаштыктан туруктуу ордун таба билүүгө жөндөмдүү адистерди даярдап чыгаруу – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин негизги багыты. Ошондуктан 30 жыл аралыгында биздин окуу жай билим берүү жана илим изилдөө ишмердиктери аркылуу бардык этностордун жаштарын бирдей камкордукка алып, бардык улуттардын баалуулуктарынын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзүү менен достуктун борборуна айланды.

Университеттин эл аралык байланыштагы алкагы жыл сайын кеңейип, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайлары, илим изилдөө мекемелери менен кызматташуу келишими түзүлдү. Ал келишимдердин негизинде 2+2, 1+1 программаларынын алкагында бүтүрүүчүлөрүбүзгө кош диплом берүү мүмкүнчүлүгүнө жетиштик. Бир топ эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирдик.

Албетте, белгиленгендер биздин окуу жай багындырган бийиктиктердин чеги эмес. Университетибиздин мындан кийинки өнүгүү мүмкүнчүлүгү жогору. Буюрса, жакынкы аралыкта бир эле Кыргыз Республикасынын эмес, бүтүндөй адамзат коомунун туруктуу өнүгүү жолун камсыз кылган, даярдап чыгарган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын сап башына чыгабыз.

Абдилбает Мамасыдыков
КӨ
ЭУ
нун ректору, э.и.д.,
профессор

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети-илим, билимдин, маданияттын жана достуктун куттуу ордосуна айланды

“Достук” ордендүү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети билим, илим аркылуу өлкөбүздө жашаган бардык этностордун биримдигин бекемдеген уникалдуу окуу жай. Ал 1994-жылы Кыргыз-Өзбек Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргыз Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде ачылган. 2021-жылдын башында университетке белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер
Батыралы Сыдыковдун аты берилген. Ошол күндөн тартып окуу жай эл аралык статуска ээ болду. Учурда университет беш факультетте бакалавр, магистрлик баскычтарга билим берүү ишмердигин жүргүзөт. Ал эми медициналык, Ала-Бука, Оштогу кесиптик колледжинде 21 багытта атайын орто билимдүү адистерди даярдап чыгарат. Мындан тышкары, кесиптик лицейде мезгил талабына жараша өндүрүшкө зарыл болгон багыттагы: тикмечи, слесарь-электрик, чач тарач адистери кыска мөөнөттө даярдалат. Ала-Бука инновациялык мектебинде жалпы билим берүү ишмердиги жүргүзүлөт.

Университетте кесиптик билим берүүдөн тышкары, кыска мөөнөттөгү компьютердик, айдоочулук, тилдик багыттагы адистер даярдалат. Бул курстардын бүтүрүүчүлөрү атайын сертификаттарга ээ болушат. Бул багытта Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору, Манас таануу борбору, Айтматов таануу борбору, Англис ресурстук борбору, Славян маданий борбору, Өзбек маданий борбору пайдаланылат.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Окуу процесси заман талабына ылайык жүргүзүлөт

Окуу процесси Ош шаарындагы жети, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эки окуу имаратында жүргүзүлөт. Лекциялык кааналар, лабораториялык аудиториялардын бардыгы инновациялык техникалык каражаттар, видеобайкоолор менен камсыздалган. Алардын катарында адистештирилген виртуалдык окуу лабораториялары, компьютердик класстар, Интернет желесине туташтырылган мультмедиалык аудиториялары студенттердин кызматында. Заман талабына жараша Ирбис 64+ маалыматтар базасына жол ачкан, университеттин Online китепканасы, Кирлибнет жана башкалар пайдаланылат. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу үчүн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Анын негизинде окуу процесси жана Kelbil билим берүү платформасы толук автоматташтырылган.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Илимий изилдөө иштери

Университет билим берүү ишмердигин жүргүзө баштаган алгачкы учурдан баштап, илимий изилдөөнүн борбору, билим булагы катары таанылган. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган тогуз илимий борбордон турган инновациялык изилдөө институту негизделген. Ал илимий борборлордо 14 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар, (PHD) докторанттар илимий изилдөө иштерин алып барууда. 2023-жылы Кыргызпатент мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган конкурста Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин илимпоздору “Акыл табылга”, “Ойлоп табуучу аял”, “Новатор аял” номинацияларын жеңип алышкан. Мындан тышкары, экономика илимдеринин доктору
Чаткалбай Райымбаев менен техника илимдеринин доктору Медербек Исманов Кыргыз Республикасынын “Инженердик академиясынын академиги” болуп шайланышты.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

“Илим. Билим. Техника” илимий журналы 1999-жылы негизделген. 25 жыл аралыгында 2000ден ашык илимий макала жарыяланып, 76-саны жарыкка чыкты. Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2022-жылдын 29-декабрындагы №588 токтомуна ылайык журнал 20 баллга ээ болгон.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Эл аралык байланыштар

Университет алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта билим берүү ишмердигин алып барат. Малайзия, Түркия, Греция, Кытай, Германия, Индия, Венгрия, ошондой эле Азербайджан, Армения, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын профилдик жогорку окуу жайлары менен узак мөөнөттөгү эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлгөн. Келишимдин негизинде белгиленген өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларынын мыкты адистери университетке чакырылып, конок лекцияларды, мастер-класстарды өтүшөт. Университет тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференцияларга катышып турушат. Университет эл аралык институционалдык аккредитациядан өткөн соң эл аралык стратегиялык кызматташтыгы, илимий ишмердиги ырааттуу өнүгүү жолуна түштү. Бир канча эл аралык уюмдардын, бирикмелердин мүчөсү катары катталды. ТҮРКСОЙ, ЮНЕСКОНУН жол картасы түзүлдү. Эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлуп, анын негизинде университет ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте, түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын даңазалаган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

Окуу жай Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү. 2020-2021-окуу жылынан тартып Россиянын жогорку окуу жайлары менен биргеликте кош диплом берүү программасын жүзөгө ашыра баштады. Тагыраак айтканда, Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети менен болгон программалык келишим боюнча студенттер кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Бийик даражалуу “Достук” ордени ыйгарылган

Билим берүү жана илим изилдөө ишмердиги аркылуу бардык этностордун жаштарын бирдей камкордукка алган университетке 2023-жылы мамлекет тарабынан бийик даражалуу “Достук” ордени ыйгарылган. Ошол эле жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи эл аралык форуму окуу жайдын базасында өткөрүлгөн. Форумга Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү, ректорлору келип катышкан. Бул биздин профессордук-окутуучулар жамаатынын эң чоң жетишкендиги болду.

Бүгүнкү күндө “Достук” ордендүү окуу жайыбызда профессордук-окутуучулар курамы чарбалык иштердеги кызматкерлерди кошпогондо 416 адамдан турат. Алардын 54ү илимдин кандидаты, доценттер, 14ү илимдин доктору, профессорлор катарында эл аралык деңгээлдеги академиктер да бар.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Университеттин китеп басуу борбору

Университеттин базасында окуу куралдарын басып чыгаруу үчүн өздүк басмаканасы иштейт. Азыркы учурда борбор Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы өзбек тилдүү мектептерге зарыл болгон окуу куралдарын даярдоо багытында үзгүлтүксүз иш алып барууда. Ушул күнгө чейин белгиленген борбор тарабынан жүз жыйырма жети аталышындагы окуу куралдары эки миллион нуска менен чыгарылып, өзбек тилдүү мектептерге берилген.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Маданий-массалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат

2019-жылы университеттин өздүк каражатынын эсебинен жыйындар залынан, синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференция залынан, электрондук китепканадан, ашканадан турган маданий-эстетикалык комплекси пайдаланууга берилди. Бул комплексте университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда маданий-массалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт. Ошондой эле ”Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” телестудиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин байма-бай чагылдырып турат.

Спорттук иш-чаралар үчүн “Достук” клубу иш алып барат. Анда секциялар үчүн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы түзүлгөн. Мындай мыкты шарттын натыйжасында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырат.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30ЖЫЛ

Заманбап материалдык-техникалык база студенттердин кызматында

Алыскы аймактардан келип окуган жана академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында сырттан келген студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Тажрыйба алмашуу же конок лекция окуу максатында башка окуу жайлардан келген мугалимдер, профессорлор үчүн атайын даярдалган конок үйү пайдаланылат. Ошондой эле окуу корпустарында студенттик ашканалар иштейт. Мугалимдердин жана студенттердин окуудан сырткаркы маданий эс алуусун камсыздоо максатында атайын эс алуу борбору ишке кирген.

Мугалим менен студенттин, жетекчилик менен ар бир кызматкердин эркин пикир алмашуусуна жетише турган достук аянтчасын түзүп, акысыз Wi-Fi түйүнүн, китеп, журналдарды пайдаланууга шарттарды жаратып бердик.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, заманбап материалдык-техникалык базасы, жаңы көз караштагы окумуштуу-окутуучулары менен билим берүү жана илим багыттары боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу бардык этностордун маданиятын, тарыхын өнүктүрүүгө жол ачкан достуктун алтын ордосу.

Бөлүшүү

Комментарийлер