КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

  • 01.04.2022
  • 0

Чаткалбай Райымбаев, ректор, экономика илимдеринин доктору, профессор, КР Инжердик академиясынын мүчө-корреспонденти

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

Урматтуу бүтүрүүчү!

Технологиялык башкаруу күч алган бүгүнкү күндүн шартында татыктуу кесиптик билимге ээ болуу талабы коюлгандыгын эч ким тана албайт. Себеби рынок экономикасында келип чыккан өндүрүштөр аралык, ал гана эмес мамлекеттер аралык атаандаштыкта кесипкөй адистер гана белгилүү бир тармакты алдыга сүрөп, ийгиликке жеткире тургандыгын мезгил өзү көрсөттү. Ошондон улам дүйнөлүк билим берүү системасы да ааламдашуунун агымына чөкпөй, өзүнүн кесиптик чеберчилиги аркылуу улуттук баалуулуктарын сактап, андан ары карай өнүктүрүп кете ала турган кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу багытында жаңылануунун үстүндө тынымсыз иш алып барууда.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети өсүп келе жаткан жаштарга татыктуу билим берип, келечекте өлкөбүздү гүлдөгөн мамлекетке айландыра турган ишенимдүү адистерди тарбиялап чыгаруу максатында, материалдык-техникалык базасын заманбап технологиялар менен жабдып, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз иш алып барып, 2+2, 1+1 программалары аркылуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө кош дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жаратып берди. Мындан сырткары, дүйнөлүк атаандаштыкта өз ордун таап, туруктуу иш менен камсыз болушуна негиз боло турган көп тилдүүлүк программасы натыйжалуу иш алып барып жаткан үч баскычтагы кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзгөн өзгөчө окуу жай.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо да, кесиптик билим берген окуу жайларды тандап алуу да оңойго турбайт. Ошондуктан кесиптик билим алуу менен бирге эле ар тараптуу эл аралык мамилелерде достукту туу тута билген коммуникабелдүү жаштардын алтын ордосуна айланган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети сиздердин кызматыңыздарда экендигин айта кетишибиз керек. Силердин бүгүнкү тандооңор – өз келечегиңерге болгон тандоо, урматтуу бүтүрүүчү!

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

Эки элдин достугун бекемдеген окуу жай

Жогорку, орто жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагында 30 жылга жакын тарыхы бар Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун алдында турат. Университеттин курамы кесиптик лицейден, орто кесиптик билим берүүчү үч колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү алты факультеттен жана ЖОЖдон кийинки (магистратура, аспирантура) билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Университетте 414 профессордук-окутуучулар курамы, анын ичинде 18 илимдин доктору, профессор, 68 илимдин кандидаты, доцент эмгектенет. Бүгүнкү күндө университетте 15129 студент, анын ичинде 6921 чет элдик жаран билим алууда. Билим берүү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Университетте жети илимий борбор, төрт маданий борбор, «Грация» дизайн салону, «Гранит» телестудиясы, «Достук планетасы» гезити, «Достук» спорт клубу, студенттик кошун, маалымат кызматы, медициналык пункт, айдоочулук жана компьютердик ж.б. кыска мөөнөттүү курстар иштейт. Университет 2019-жылдын октябрь айында НААР (Казак-
стан) Эл аралык агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, билим берүүнүн сапаты эл аралык стандарттарга туура келгендигин тастыктаган атайын күбөлүккө (№48 протокол, 20.12.2019) ээ болгон. Жогорку кесиптик билим берүү боюнча күндүзгү, кечки жана сырткы бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Орто кесиптик билим берүү адистиктерине кабыл алуу университет тарабынан уюштурулуучу сынак аркылуу жүргүзүлөт. Университет этностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги миссиясы болуп саналган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту – илим, билим, маданият аркылуу жигердүү ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө университетти экономика илимдеринин доктору, профессор, КР Инжердик академиясынын мүчө-корреспонденти Райымбаев Чаткалбай жетектейт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

Заманбап шарт, татыктуу билим!

Чейрек кылымды багындырган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети акыркы беш жыл аралыгында материалдык-техникалык базасын мезгил талабына ылайык заманбап технологиялык жабдыктар менен толуктады. Өздүк каржы булагынын эсебинен 120 орундуу лингафондук зал, электрондук китепкана жана 500 орундуу жыйындар залынан турган маданий-эстетикалык комплексти пайдаланууга берди. 2021-2022-окуу жылына карата баардык окуу имараттарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Жакынкы убакыт аралыгында биринчи окуу имаратынын жанында спорт залдын курулушу башталуу алдында турат.

Андан сырткары усулдук кааналар, окуу лабораториялары, стоматологиялык кабинеттер, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор, видеокөзөмөл орнотулган лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнө туташтырылган компьютердик класстар, студенттик ашканалар, студенттик жатакана, спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер, медициналык пунктар, автоунааларды оңдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары, керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар, тренажердук-машыктыруучу кабинеттер студенттердин татыктуу билим алуусун камсыздап келет.

Окуу процесси толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин аралыктан көрүп турууга шарттар түзүлгөн.

Студенттердин жана ата-энелердин түйшүгүн кыскартуу максатында бирдиктүү терезе өз ишин жогорку деңгээлде алып барууда.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

Жаратман жаштардын борбору

Өлкөбүздүн бүтүндүгү, жаштарыбыздын келечеги, уул-кыздардын эртеңи ар бирибиздин колубузда. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети студенттерге татыктуу илим-билим берүү менен бирге аларды инсан катары тарбиялап, өз ара достугун, мамилелерин чыңдап, ынтымагын жана биримдигин бекемдеп, ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет.

Андан сырткары университет студенттерге социалдык жеңилдиктерди көрсөтүп турат. Мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинен ажырап калган, турмуш шарты оор студенттерге жыл сайын келишимдик окуу төлөмдөрүн жеңилдетүү иштери каралган. Студенттердин туулган жерге, Ата мекенге, ата-энеге, доско, бир тууганга болгон сезимин, урмат-сыйын күчөтүү максатында ар кандай иш-чараларды байма бай уюштуруп турууну колго алган.

Бүгүнкү күндө университеттин Ош шаардык, облустук, республикалык жана дүйнөлүк деңгээлдеги маданий-массалык иш-чараларда активдүүлүгүн көргөзүп, спорттук мелдештерде жеңиштерге жетишип, алтын медаль тагынган студенттери бар.

Билим берүүдөгү биргелешкен аракет

Акыркы жылдары илим жана билим берүү алкагында эки тараптуу келишимдердин негизинде эл аралык байланышты күчөтүп, окуу жай 53төн ашык чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматташуу келишимин түзүп, алар менен тыгыз байланышта иш алып барууга жетишти.

Студенттердин жана мугалимдердин ички, сырткы академиялык мобилдүүлүгүн колго алды. Түрк мамлекеттеринин башын бириктирген “Түрксой” эл аралык уюму менен КӨЭАУнун ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү. 2021-жылдын 26-октябрында Түрк Кеңешинин Түрк университеттер ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынды. Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консерциумунун мүчөсү болуп эсептелет. Анын негизинде университеттин техникалык багытта билим алып жаткан студенттери 2+2 программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!

Студенттерибиз Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жогорку окуу жайларында бир семестрлик академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окуп келишүүдө.

КӨЭАУнун базасында Кыргыз, Россия, Малайзия математикалык илимий борбору ачылып өз ишин баштады. Учурда Медициналык колледжинин медициналык айым иши адистигинде окуп жаткан студенттердин алгачкылары EDUVISO билим берүү борборунун программасы менен билим алып жатышат. Мында, адистик билиминен тышкары немец тилин, Германиянын маданиятын, салт-санаасын окуп үйрөнүшөт. EDUVISO билим берүү борборунан билим алып чыккандар Германиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга, ал жакка барып медицина тармагында иштегенге мүмкүнчүлүк алышат.

Жогорку кесиптик билим берүүнүн гранттык (бюджеттик) жана келишимдик орундарына төмөнкү багыттар (адистиктер) боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт:

КАРЖЫ-ЭКОНОМИКА ФАКУЛЬТЕТИ

— 580100. Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу)/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, математика

— 540200. Социалдык иш/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест

— 580200. Менеджмент/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, математика

— 580500. Бизнес — информатика/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, математика

ТАРЫХ-ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

— 550300. Филологиялык билим берүү:

  • англис тили/бакалавр — күндүзгү/- негизги тест, англис тили
  • кыргыз тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, кыргыз тили жана адабияты
  • орус тили жана адабияты/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, орус тили жана адабияты

— 531100. Лингвистика/бакалавр — күндүзгү — негизги тест, англис тили

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)/бакалавр — күндүзгү, сырткы — негизги тест, тарых

ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

— 710100. Информатика жана эсептөө техникасы/бакалавр — күндүзгү, кечки/- негизги тест, физика же математика

— 570700. Костюм жана текстиль искусствосу/бакалавр — күндүзгү/- негизги тест, чыгармачылык сынак

— 640200. Электроэнергетика жана электротехника/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика

— 610300. Агроинженерия (Айыл чарбаны электрофикациялоо жана автоматизациялоо)/бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест

— 670200. Транспорттук — технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика

— 740700. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же химия

— 550800. Кесиптик билим берүү/бакалавр — күндүзгү/- негизги тест,

— 570400. Дизайн/бакалавр — күндүзгү, сырткы/(ЖРТ талап кылын-байт)

— 570025. Графика /адистик — күндүзгү/(ЖРТ талап кылынбайт)

ЮРИДИКА-БАЖЫ ФАКУЛЬТЕТИ

— 530500. Юриспруденция/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, тарых

— 530004. Бажы иши/адистик — күндүзгү, сырткы/- негизги тест математика

ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты

— 532000. Дене тарбия/бакалавр — күндүзгү, сырткы/(ЖРТ талап кылынбайт)

— 530300. Психология/бакалавр — күндүзгү, кечки/- негизги тест

ТАБИГЫЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика)/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика

— 550100. Табигый илимий билим берүү (химия, биология, (гео-графия — негизги тест))/бакалавр

— күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, химия же биология

— 510200. Колдонмо математика жана информатика/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика

— 710300. Колдонмо информатика/бакалавр — күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика

МАГИСТРАТУРА БөЛҮМҮ

— 550300.Филологиялык билим берүү:

(англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты) -/магистр — күндүзгү/

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)/магистр — күндүзгү/

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)-/магистр — күндүзгү/

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) -/магистр — күндүзгү/

— 710300. Колдонмо информатика/магистр — күндүзгү/

— 550100. Табигый илимий билим берүү (химия, биология, география) -/магистр — күндүзгү/

— 580100. Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу)/магистр — күндүзгү/

— 530500. Юриспруденция -/магистр — күндүзгү/

— 710100. Информатика жана эсептөө техникасы/магистр — күндүзгү/

Орто кесиптик билим берүү боюнча төмөнкү адистиктерге кабыл алат:

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ

(11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 060102. Акушердик иш/окуу мөөнөтү – 3 жыл/

— 060108. Фармация/окуу мөөнөтү  – 3 жыл/

— 060109. Медициналык айым иши /окуу мөөнөтү – 3 жыл/

— 060101. Дарылоо иши/окуу мөөнөтү – 3 жыл 6 ай/

— 060106. Ортопедиялык стоматология /окуу мөөнөтү – 3 жыл/

КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ

(9,11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы/күндүзгү, сырткы/

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу/күндүзгү, сырткы/

— 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика/күндүзгү/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү/күндүзгү, сырткы/

— 050720. Котормо иши/күндүзгү/

— 050303. Чет тили/күндүзгү/

— 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)/күндүзгү, сырткы/

— 190604. Автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө/күндүзгү, сырткы/

— 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо/күндүзгү, сырткы/

— 080106. Каржы (тармактар боюнча)/күндүзгү, сырткы/

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу /күндүзгү, сырткы/

— 030503. Укук таануу/күндүзгү, сырткы/

АЛА-БУКА КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИ

(9,11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү/күндүзгү, сырткы/

— 080106. Финансы (тармактар боюнча)/күндүзгү, сырткы/

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

(9,11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 5146. Тикмечи

— 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь- электрик

— 7443. Тигүүчү

— 5141. Чач тарач

ОКУУ Мөөнөттөрү:

— жогорку кесиптик билим берүү: /магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен/(күндүзгү — 2 жыл);

— жогорку кесиптик билим берүү: /бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен/(күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— жогорку кесиптик билим берүү: /адис квалификациясын ыйгаруу менен/ (күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);

— жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде: /тиешелүү курстар/ (күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 3-4 жыл);

— орто кесиптик билим берүү: /9, 11 — класстын базасында/(күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 2 жыл 6 ай);

— баштапкы кесиптик билим берүү:/9, 11-класстын базасында/(күндүзгү — 1-3 жыл).

190000717 • LS190000726 • LS190000593 • LS210000739

Дареги: Ош шаары, Г. Айтиев көчөсү, 27. Курманжан Датка кичи р-ну, Н. Исанов көчөсү, 79      веб-сайт: www.priem.kuu.kg

тел: +996(3222) 5-53-45моб: +996(779) 44 64 14, +996(551) 84 32 22

 

Бөлүшүү

Комментарийлер