КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ 30ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

  • 25.10.2024
  • 0

Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 30жылдык юбилейине арналган форум билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда өтүүдө.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ 30ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

Иш-чарада министр Д.Ш. Кендирбаева 30жылдык тарыхка ээ  университеттин өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын баса белгилеп, кесиптик билим берүү ишмердигинде өзгөчөлөнгөн университеттин окутуучуларына Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган сыйлыктарды тапшырды.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ 30ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, чет өлкөлүк өнөктөштөр да оффлайн жана онлайн форматтарда катышууда.Коноктор  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өнүгүү жолун, тарыхын чагылдырган телебаянга жана факультеттердин ишмердүүлүгү тууралуу көргөзмөгө күбө болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер