Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды

  • 27.10.2025
  • 0

Быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин негизделгенине 100 жыл толду. Ушул маанилүү датага арналган салтанаттуу иш-чара 25-октябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, өлкө жетекчилигинин атынан куттуктоо сөзүн айтты.

Мааракенин алкагында коноктор университеттин тарыхына арналган көргөзмө менен таанышып, атайын тартылган фильм жана театралдаштырылган прологду көрүштү.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин профессордук-окутуучулар курамын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, КУУнун тарыхый миссиясына токтолду.

Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды

— «Кыргыз улуттук университети — кыргыз интеллигенциясынын бешиги. Бул окуу жайдан элдин элитасы, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окумуштуулар билим алышкан. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын беш Баатыры, эки Эмгек Баатыры, он бир академик, ондогон эл акыны жана жазуучусу, олимпиада чемпиондору бар. Университет — элдин билим булагы жана руханий жанданышынын ордосу», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ошондой эле ал КУУнун жогорку билим берүү жана илим тармагындагы орду тууралуу токтолуп, университеттин өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө институттарынын жана Улуттук илимдер академиясынын пайдубалын түптөгөнүн белгиледи. Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды

Адылбек Касымалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук университети эл аралык билим берүү мейкиндигинде да өз ордун таап келет. QS World University Rankings рейтингинде университет 106 өлкөдөн 24 миң окуу жайдын арасынан 1234-орунду, QS Asia рейтингинде 381-орунду, ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн рейтингинде 25-орунду ээлеп турат.

— «Бул көрсөткүчтөр — Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын жетишкендигинин белгиси. Бирок бул жетишкендик менен эле токтоп калбастан, сапаттуу билим берүү, инновация жана илимий потенциалды арттыруу багытында ишти улантуу зарыл», — деди ал.

Салтанаттын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкты жарыялап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады. Жогорку мамлекеттик сыйлык университеттин ректору Догдурбек Чонтоевге тапшырылды.

Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды

Мындан тышкары, университеттин бир катар кызматкерлери да билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды Кыргыз улуттук университети — “Манас” ордени менен сыйланды

Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгы — бул өлкөбүздүн билим берүү тарыхындагы чоң белес, кыргыз илиминин жана интеллигенциясынын калыптаныш жолунун символу болуп калды.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер