КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ КИМГЕ КЫЙЫН?

  • 16.06.2023
  • 0

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ КИМГЕ КЫЙЫН?

Виктория Кринвальддын атасы немис, апасы орус улутундагы адамдар. Өзү Казакстанда төрөлгөн. Турмуш-шартка байланыштуу 13жашынан бери Бишкек шаарында жашайт. №18 орус тилдүү мектепте билим алган.

Орус тилинде баарлашкан үй-бүлөдөн чыккан Виктория кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Тилди өздөштүрүүдө кыргыз кызы менен баарлашуусу чоң тажрыйба болгонун, өзү түшүнбөгөн сөздөрүн кагаз бетине жазып жүрүп жаттаганын айтат.

— Мектепке жаңы киргенде кыргыз тили сабагынан жатжазуу жазып келүү тапшырмасы берилди. Ошондо казак алфавитиндеги «ә», «ұ» тамгасын кошуп жаздым. Көрсө, кыргыз тилде алар угулуп, бирок жазылбайт экен. Мугалим чакырып, мындай тамгаларды кайдан алганымды таңыркап сураган. Ошондон баштап кыргыз тилин терең үйрөнүүгө кызыгып, атайын кыргыз тили курсуна жазылып, грамматиканы үйрөнгөм. Кыргызча китептерди окууга өткөм. Кыргыз улутундагы курбуларды күтүп, алар менен жалаң кыргызча баарлашып жүрүп, кыргыз тилин өздөштүрдүм. Мектептеги кыргыз тилинде өткөн олимпиадаларга катышып, кыргыз ырларын ырдаганым, жалаң кыргыз ырларын укканым да тил үйрөнүшүмө салым кошту деп айта алам. Кыргыз тили абдан кооз. Өзүмдү кыргыздын патриот кызы катары сезем, — дейт Виктория.

 Виктория Кринвальд чет элдик жарандар жана жергиликтүү жашоочулар үчүн бекер кыргыз тили курсун иштетип келет. Ал бул ишти мектепке окуучуларына репетитор болуудан баштаган. Тагыраагы, орус мектепте окуган балдардын ата-энесинин суранычы менен  кыргыз тилинен сабак өтчү. Пандемия убагында мектеп окуучулары үй тапшырмаларын аткарууда кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын көрүп, ата-энелердин, окуучулардын суранычы менен вотсаптан группа ачып, 3-5-класска чейинки окуучулар менен кошо сабактарын даярдоого жардам берер эле. Кийин Телеграмдан тайпа ачып, Новопокровка айылындагы өзбек, уйгур, орус улуттарындагы жашоочуларга кыргыз тилин онлайн форматта үйрөтүп жүргөн. Катышуучулардын аракети менен улам маалымат сурап кызыкканын көрүп, ушул жылдын февраль айынан баштап жандуу сабак өтүп баштады. Сабак аптасына бир сааттан эки ирет болот. 14 адамга ылайыкталган залды өз акчасына ижарага алып, кыргыз тилин да бекер үйрөтөт.

— Тайпаларга жандуу сабак болору тууралуу кулактандыруу жазсам, 300дөй катышуучунун ичинен беш адам келди. Бирок бул да мен үчүн жакшы көрсөткүч болуп, алардын кызыгуулары эле мага чоң мотивация болду. Менин курсумдун өзгөчөлүгү – акысыз экендиги.  Ижара акысын да өз чөнтөгүмдөн төлөйм. Себеби бирөөгө жаңы нерсени үйрөтүүдөн ырахат алам, — дейт.

Курста окуп жаткандардын арасында башка өлкөлөрдөн келген жарандар, ар кайсыл улуттагы жергиликтүү тургандар, ал тургай кыргыздар да бар. Алардын айрымдары Сокулуктан бери атайын келишет. Окуучулары бир айда базарга барып, жашылча-жемиштердин канча турарын, качан  керектелерин, коомдук транспортто кайсыл аялдамадан түшөрүн, маршрут суроо сыяктуу күнүмдүк жашоого тиешелүү сөздөрдү үйрөнүштү. Себеби ал сабагында сөздөрдү иш жүзүндө колдонууга басым жасайт. Ар бир сөздүн маани-маңызын түшүндүрүп айтып, аларды дайыма кайталатып, эсте калуусу үчүн викторина, тест аркылуу чагылдырат.

— Өзүм адабий сөздөрдү түшүнө албай кыйналгам. Адабий китептердеги сөздөрдү жаттап, ар биринин түшүндүрмөсүн жазып чыккан күндөрүм болгон. Сингармонизм боюнча да кыйынчылыктарга көп кабылгам. Азыр адабий чыгармаларды жакшы түшүнөм. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттерин, Алыкул Осмоновдун ырларын окуп чыктым. Өзүм кыргыз тилин үйрөнүп жатканда туш болгон кыйынчылыктарды эске алып, сабактын атайын программасын түзүп чыккам. Себеби мен туш болгон кыйынчылыктарга башкаларда деле кабылат болуш керек деп ойлойм. Ар бир сабак баарына жеткиликтүү болуусу үчүн жеңил, так, кыска даярдаганга аракеттенем. Кадимки мугалимдердей сабактарды күнүгө кагазга түшүрүп, пландап жазып даярданам, — дейт Виктория Криндвальд.

Каарманым КЭУнун туризм тармагына окууга тапшырып, бирок кыялындагы кесип эместигин түшүнүп окуусун таштаган. Өзүн мугалим катары көрүүнү каалаган бийкеч жеке менчик окуу борборлорунун биринде англис тилинен сабак берчү. Бирок кыргыз тили курсун ачкандан кийин негизги жумушун да таштап, курсту өнүктүрүүгө баш-оту менен киришти. Кыргыз тилин үйрөнүү программасын камтыган китептер жок деп эсептегендиктен, өзүнүн методикалык китебин жазууда. Жаңы окуу жылында БМУнун кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, дагы да тереңдетип изилдөөнү каалайт. Келечекте баасы карапайым адамдардын чөнтөгүнө туура келген кыргыз тили курсун расмий түрдө ачууну кыялданат.

— Мен кыргыз тилин абдан жакшы көрөм. Кандай сезим тартууларын сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Кыргыз тилин билгеним — чоң жетишкендик, аброй алып келди. Кыргыздар мага суктанып карашат, ыраазычылык менен мамиле жасашат.  Балдарга кыргыз тилин кичинекей кезинен баштап үйрөтүү керек. Себеби бала кезинен күнүмдүк турмушта колдонулуучу сөздөрдү түшүнүшү керек деп ойлойм.  Ошондуктан, арзан баадагы, ошол эле учурда эффективдүү курс ачкым келет.  Андан сырткары, команда түзүп, нөлдөн баштап кыргыз тилин үйрөнгөн сабактарды ютуб каналга чыгарууну пландап жатам, —  дейт Виктория Криндвальд.

Виктория Криндвальдка окшоп кыргыз тилин аз убакытта өздөштүрүп алган башка улуттун өкүлдөрү аз эмес. Мисалы, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Аня Ерохина алты айда кыргыз тилин үйрөнүп, учурда элчиликтин маалыматтарын так, даана жеткирген кызматкер.  Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин англиялык студенти Самуэль Григгс болсо, Кытайда жүргөндө кыргыз тили менен таанышып, кыргыз досторунан  күнүмдүк турмушта көп колдонулуучу сөздөрдү өздөштүргөн. Кыргыз тили, кыргыз маданиятына кызыккандыктан,  аларды терең изилдөө максатында Кыргызстанга келип,  үч жылдын ичинде кыргыз тилин үйрөнгөн. Ал 11 жыл мектепте кыргыз тили сабагын окуп, бирок бир ооз кыргызча сөз сүйлөй албаган “киргиздерге” караганда, кыргызча “түш жоруйт”, ал гана эмес комузда кол ойнотуп, кыргызча ырдаса, тим эле жүрөгүң опкоолжуйт. Андыктан, кеп алыс же жакында, тигил же бул мугалимдин окутканында же тилдин оор-жеңилинде эмес, кеп көкүрөктөгү каалоодо, анан балким тээ түпкүрдөгү ар-намыста болсо керек…

Айгерим ТОКТОБАЕВА,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер