КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЙЛЫ

  • 23.08.2024
  • 0

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда  “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси” деген темада семинар болуп өттү.

КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЙЛЫ

Катышуучулар бала бакчадагы кыргыз тили маселесиндеги негизги көйгөйлөрдү белгилеп, аны чечүүнүн жолдорун сунушташты.

Негизги көйгөйлөр деп төмөнкүлөр белгиленди: кыргыз тилинде балдарга арналган чыгармалардын, мультфильмдердин аздыгы; ата-энелердин балдар менен кыргыз тилинде аз баарлашуусу; кыргыз тилдүү адистердин – тарбиячылардын жетишсиздиги.

КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЙЛЫ

Бул көйгөйдү чечүү үчүн “Манас таануу” сабагын киргизүү, кыргыз тили сабагын жарым группага бөлүп өтүү (подгруппа), кыргыз тилдүү логопеддерди даярдоо, бала бакчанын окуу программасына  өзгөртүү киргизүү, кыргыз тилинде электрондук материалдарды көбөйтүү, семинарларды уюштуруу, мультфильмдер менен иштөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана балдар ырлары боюнча жыйнак даярдоо зарылдыгы айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер