КЫРГЫЗ ТИЛИ — КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ЖҮЗҮ
- 26.09.2024
- 0
2024-жылдын 25-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КРдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган «Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук жүзү» аттуу майрамдык кече кыргыз тили кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.
Кечеде аталган академиянын ректору, м.и.д., профессор Индира Кудайбергенова сөз сүйлөп, кесипкөй медиктердин кеп маданияты — мамлекттик тил менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилеп, кеченин конокторун мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Бул иш-чара ар бир студентти эне тилин сыйлоого, урматтоого үндөп, аны менен катар ынтымакты бекемдөөгө салым кошот деп белгилеп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды жайылтуу, кыргыз тилин өнүктүрүү, ошондой эле мекенчилдик сезимди ойготуу экени дагы маалымдалды.
Программада студенттер макал-лакаптарды айтып, шаңдуу, көңүлдү көтөргөн обондуу ырларды ырдап, кыргыз бийлерин тартуулашты.
Кеңешбек ЫРЫСОВ, КММАнын окуу иштери боюнча проректору, профессор:
– Бүгүнкү иш-чара КРнын мамлекеттик тили кыргыз тилинин 35 жылдыгынын алкагында жарыяланган үч айлык майрам салтанатынын алкагында өткөрүлүп жатат. Буга чейин да байма-бай бир катар иш-чаралар демилгеленип, уюштурулган.
Алардын эң негизги максаты – биздин окуу жайда, жалпы эле Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүү, окуу жайда билим алып жаткан башка улуттун өкүлдөрүнүн дагы кыргыз тилин үйрөнүшүнө, өздөштүрүшүнө, эркин маектешүүсүнө көмөк, жол көрсөтүү болуп саналат. Себеби, биз даярдаган жаш адистер келечекте аймактарда дарыгер болуп иштегенде, жергиликтүү калк, бейтаптар менен мамлекеттик тилде сүйлөшө ала турган деңгээлде болушу керек. Ошондуктан азыртан биз ага шарт түзүп, дайындап, алгачкы аракеттерди көрүп, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз.
Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган окуу жайда бүгүнкү күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жалпы 31 улуттун өкүлдөрү билим алышат.
Мелис МУРАТАЛИЕВ, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы:
– Мамлекеттик тил жөнүндө сөз көп. Бүгүн эмнегедир жаштардын түшүнүгүндө 23-сентябрь — тил, кыргыз тил майрамы деп калды. Ошол эле майрам кесиптик – тилчи, филолог, адабиятчылардын майрамына айланды. Бул жаңылыштык. Бул күн мамлекеттик тилдин майрамы, мамлекеттүүлүктүн белгиси. Кыргыз тилине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, бардык мамлекеттик иштер мамлекеттик тилибизде жүргүзүшүн көзөмөлгө алышыбыз керек.
Шерзада ТУРГАНБАЕВА, КММАнын Дарылоо иши факультетинин 4-курсунун студенти:
– Бүгүнкү иш-чарада кыргыз тилинин өнүгүшүнө карай багыттары тууралуу катышуучуларга ой бөлүштүм.
Адабият, тарых, фразеологизмдер, санжыра ж.б. туруктуу, муундан муунга оозеки да, жазма булактар аркылуу да өтүп келген көөнө мурастарыбыз кыргыз тилибиздин түркүгү болуп саналат. Мына ошол мурастарыбызды унутпай эске сактап, азыркы технологиялар менен коомчулукка сунуштап, бөлүшүп, өз тилибизге кайдыгер карабай алдыга жылсак, келечегибизге туура пайдубал курган болобуз.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бактыгүл ӨМҮРАЛИЕВА, магистрант
Комментарийлер