КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫНЫН ҮНДӨӨСҮ

  • 30.08.2023
  • 0

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫНЫН ҮНДӨӨСҮ

Биз, Кыргыз Республикасынын Педагогикалык август конференциясынын катышуучулары, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө болгон ынтызарлыктын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чогулуп отурабыз.

Кыргыз жараны, Улуттук нарк жөнүндөгү өлкө башчыбыздын Жарлыктары улуттук баалуулуктарды, жалпы жарандык максатты калыптандырууда бекем пайдубал болооруна ишенебиз;

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан олуттуу колдоолорго ынануу менен,  ал ишеничттерди актоого бардык аракетибизди жумшайбыз;

Билим берүү тармагынын кызматкерлери жана жетекчилери катары биздин милдетибиз – баарына сапаттуу, ар тараптуу жана жеткиликтүү билим берүү экендигин терең түшүнөбүз;

Тез өзгөрүп жаткан доордо билим берүүнүн жаңы талаптарына ылайыкташуу үчүн ар дайым өзүбүздүн кесиптик чеберчилигибизди өркүндөтүп туруу зарылдыгын баса белгилейбиз;

Жоопкерчиликтүү керектөө, энергияны үнөмдөө,  жаратылышка камкордук көрүү, климаттын өзгөрүшүнө саресеп салуу сыяктуу маселелер бүгүн күн тартибинде экендигин билебиз;

Келечек муундардын айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуусу үчүн  бул көндүмдөрдү билим берүү тармагына киргизүүгө убакыт келгендигине айрыкча маани беребиз;

Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана окуучулардын санариптик жөндөмүн өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жигердүү киргизүүгө үндөйбүз;

Натыйжалуу билим берүү максатында мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, билим берүү уюмдары жана билим берүү жетекчилиги ортосунда биргелешип өз ара кызматташабыз;

Балдардын аң-сезимин эрте жетилтүү – ийгиликтин ачкычы экендигин баса белгилеп, мектепке чейинки билим берүүнүн кучагын кеңейтүү учурдун милдети экенин баса белгилейбиз;

Окуучулардын жалпы сабаттуулугун, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн STEM-предметтерине басым жасап окутабыз;

Инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз;

Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык шартын өркүндөтүүгө, аларды заманбап ресурстар жана технологиялар менен камсыз кылууга чечкиндүү умтулабыз;

Кесипкөй жаштар – өлкөбүздүн келечеги экенин түшүнүп,  татыктуу адистерди даярдоо биздин милдетибиз экендигин сыймыктануу менен кабылдайбыз;

Илим – өнүгүүнүн кыймылдаткычы, ошондуктан окуу жайлардын базасында илимий борборлорду, лабораторияларды өнүктүрүүгө бүт аракетибизди жумшайбыз;

Педагогикалык кызматкерлерди ар тараптуу колдоого жана урматтоого, аларга татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана статусун жогорулатууга чакырабыз;

Биз, бул үндөөнү жалпы озуйпабыз катары кабыл алабыз жана биздин аракетибиз билим берүүнүн сапатынын жогорулашына жана бүтүндөй өлкөбүздүн өнүгүшүнө алып келет деп терең ишенебиз;

Келерки 2024-жылы Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл болот. Ар бирибиз өз салымыбызды кошууга милдеттенебиз.

Эгемен Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн татыктуу муунду      окутуп-тарбиялоого бардык күчүбүздү аябайбыз.

Келечек билимдүүлөрдүн колунда !

Бөлүшүү

Комментарийлер