Кыргыз Республикасынын илими жана илимий коомчулугу оор жоготууга учурады
- 25.11.2024
- 0
24-ноябрда Кыргыз Республикасы Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын жана И.К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери жана илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору Мамакеев Мамбет Мамакеевич 98 жаш курагында көз жумду.
Мамакеев М.М. 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Эмгек жолун 1952-жылы шашылыш хирургия клиникасында ординатор дарыгер болуп баштап, андан кийин клиникалык ординатураны аяктаган. Ал жерде ординатордон баштап кафедранын профессоруна чейинки бардык тепкичтерди басып өткөн.
М.Мамакеев таланттуу окумуштуу, клиник жана жогорку кесипкөй хирург катары кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Кыргызстанда биринчилерден болуп өт өтүүчү жасалма жолдорду түзүү ыкмасын өздөштүргөн. М.Мамакеев жасаган миңдеген операциялар адамдардын өмүрүн сактоо менен бирге ага мыкты адис, республикадагы эң мыкты хирургдардын бири деген атак-даңкты алып келген. Ал – 200дөн ашык илимий эмгектин, алардын ичинде 9 монографиянын автору.
1970-жылы докторлук диссертациясын коргогон.
1972-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору болуп эмгектенген;
1974-2003-жылдары И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ушул учурдан тартып Мамбет Мамакеевичтин гана эмес, жалпы эле Кыргызстандагы шашылыш хирургиянын өнүгүшүндө жаңы этап башталган. Атап айтканда, Кыргызстанда жалпы жана шашылыш хирургдардын мектеби калыптана баштаган. Бул мезгилде анын мыкты окумуштуулук жана хирургдук, уюштуруучулук жана педагогдук таланты ачык-айкын көрүнгөн. Анын жетекчилиги астында педагогикалык процессти бир кыйла жакшырткан бир катар прогрессивдүү реформалар ишке ашырылган, хирургия боюнча субординатурада жана интернатурада дарыгерлер даярдалган.
Жаш профессордун жана госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысынын ийгиликтери Кыргызстанда татыктуу бааланды. 1973-жылы Мамакеев Мамбет Мамакеевич Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген доктору, 1987-жылы «Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наамга ээ болгон. 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, 1995-жылы Казакстандын Медициналык илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын эң жогорку наамы болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Баатыры, “Ак шумкар” төш белгисине татыктуу болгон.
М.М. Мамакеевдин жетекчилиги астында медицина илимдеринин 11 доктору жана 23 кандидаты даярдалган. Мамакеев М.М. өзүнүн элүү жылдан ашык ишмердүүлүгү учурунда 15 миңден ашык хирургиялык операция жасаган, хирургиялык ар кандай патологиясы бар 100 миңге жакын эң оор бейтапка дарыгерлик кеңешин берген жана дарылаган, Кыргызстанда хирургиялык бейтаптарды дарылоонун бир катар жаңы жана жогорку натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыккан жана киргизген.
Мамакеев М.М. Кыргызстанда улуттук хирургиялык мектеп түздү, анын өкүлдөрү биздин республиканын бардык булуң-бурчтарында, Европада, АКШда, Израилде, Өзбекстанда, Казакстанда жана Россияда ийгиликтүү эмгектенип жатышат.
М.М.Мамакеев Кыргызстандагы ичеги-карын хирургдары мектебинин негиздөөчүсү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургиялык борборунун – республикалык башкы илимий медициналык жана билим берүү комплексинин уюштуруучусу. Ал КМШ өлкөлөрүндө өттөгү таш ооруларынын лапароскопиялык хирургиясынын башатында туруп, 3000дей бейтапка ушул ыкма менен операция жасаган.
М.М.Мамакеевдин өмүр баяны – анын жеке гана өмүр баяны эмес, анын доорунун, замандаштарынын, илимий жана хирургиялык мектебинин өмүр баяны, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары калыптанышынын өмүр баяны.
Анын согуш жылдарындагы балалыгы, согуштан кийинки билим алуунун өтө оор кыйынчылыктары жана улуттук кадрларды калыптандыруудагы ошол жылдардагы терс көз караштар анын дүйнө таанымын өзгөртүп, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүүчү, жалганчылык жана эки жүздүүлүк менен элдешпес мүнөзүн калыптандырды. Анын жашоодогу негизги иши, б.а., хирургия анын көп кырдуу ишмердүүлүгүндөгү «түбөлүктүү, парасаттуу жана акылдуу» иши болуп калды.
Анын басып өткөн жолу – окумуштуулардын кийинки муундары үчүн жаркын үлгү, өлкөбүздүн жана Улуттук илимдер академиясынын тарыхынын жаркын барагы. Анын жаркын элеси жакындарынын жана досторунун, кесиптештеринин жана шакирттеринин эсинде жана жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Мамакеев Мамбет Мамакеевичтин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул орду толгус жоготуунун азап-кайгысын тең бөлүшөбүз. Көрүнүктүү хирург, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
- Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна;
- Абдрахматов Канатбек Ермекович;
- Арабаев Чолпонкул Исаевич;
- Худайбергенова Бермет Мерлисовна;
- Адамбеков Доктурбек Адамбекович;
- Айдаралиев Асылбек Акматбекович;
- Акаев Аскар Акаевич;
- Акималиев Джамин Акималиевич;
- Асанов Усен Асанович;
- Асанканов Абылабек Асанканович;
- Ашимов Исабек;
- Бакиров Апас Бакирович;
- Борубаев Алтай Асылканович;
- Джуматаев Мурат Садырбекович;
- Дженчураева Розалия Джаманкуловна;
- Джумабеков Сабырбек Артисбекович;
- Жоробекова Шарипа Жоробековна;
- Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович;
- Жунушов Асанкадыр Темирбекович;
- Кожогулов Камчибек Чонмурунович;
- Кидибаев Мустафа Мусаевич;
- Койчуев Турар Койчуевич;
- Кудаяров Дуйше Кудаярович;
- Мамытов Миталип Мамытович;
- Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич;
- Мукасов Ысманалы Мукасович;
- Мурзубраимов Бектемир;
- Мусаев Сыртбай Жолдошович;
- Нифадьев Владимир Иванович;
- Нургазиев Рысбек Зарылдыкович;
- Плоских Владимир Михайлович;
- Раимжанов Абдухалим Раимжанович;
- Сагымбаев Марат Акимович;
- Садыков Тургунбай Садыкович;
- Тогусаков Осмон Асанкулович;
- Токторалиев Биймырза Айтиевич;
- Эркебаев Абдыганы Эркебаевич;
- Акматалиев Абдылдажан Амантурович;
- Ибраимов Осмонакун Ибраимович;
- Шалпыков Кайыркул Тункатарович;
- Жеенбаев Нурбек Жаныбекович;
- Супаналиев Бекжан Торобаевич;
- Расул Абазбек уулу;
- Джусупбекова Надира Сынташевна;
- Самыкбаева Лира Аманбаевна.
Комментарийлер