“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР” АРДАКТУУ НААМЫН 8 АДАМ АЛДЫ
- 28.12.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”
деген ардактуу наам:
| Азылов Нурланбекке | – | Эл аралык Мета-илим университетинин мамлекеттик тил жана тарбиялык иштер боюнча проректору; |
| Омуров Намир Бексултановичке | – | С. Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин тарых боюнча окутуучусу; |
| Садыбакасова Гулай Курманбековнага | – | Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультетинин микробиология жана вирусология кафедрасынын башчысы; |
| Сыдыкова Гулбара Бектургановнага | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин инвестиция боюнча проректору; |
| Таирова Айнагүл Эркебаевнага | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн башчысы; |
| Узенбекова Уулбубугө | – | Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери; |
| Чолбаева Сагынбубу Джумабековнага | – | М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин эл аралык финансы жана экономикалык коопсуздук кафедрасынын башчысы; |
| Шаршеев Асанкан Шаршеевичке | – | К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин окутуучусу; |
Бөлүшүү
Комментарийлер