КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ

  • 19.05.2024
  • 0

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛЭртең, 20-майында саат 15 -00  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Токтогул  Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясы  35 жылдык мааракесин өткөргөнү камылгалар көрүп жатат.  

 Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт,ошондой эле чет тилдерди окутуу борбору  катары таанылган. Учурда гимназияда 210 педагог 4000ге чукул окуучуга  таалим-тарбия берүүдө.  Окуу-тарбия комплекс –гимназиянын жамаатында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти”,”Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери”, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктыларыларынан” жана “Маданияттын мыкты кызматкерлеринен” турган  жогорку  чебер мугалимдер, маданият ишмерлери эмгектенишет.                                   

Немец тилин тереңдетип окутуу Германиянын “Чет өлкөдөгү мектептердеги билим берүү боюнча Борбордук Азиядагы мекемеси” (ZFA)  менен байланышта иш алып барат. Немец тилин окуган окуучулар европалык стандарттагы  DSD II В2 C1  экзамен тапшырышып, азыркы учурда бир нече бүтүрүүчүлөр Германия мамлекетиндеги Жогорку окуу жайларда  билим алып жатышат.

Кытай тилин тереңдетип окутуу Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп жана  мектепте Конфуций класстары уюшулган.  Бул багыттагы  бүтүрүүчүлөр   HSK 5-6 деңгээлине ээ болушуп,  Кытайдын   Пекин,  Шанхан,  Гуанчжоу,  Тиянжин ж.б. шаарларындагы Жогорку окуу жайларда 100дөн ашуу бүтүрүүчүлөр гранттык негизде билим алышууда. Жыйынтыгында 2019-жылы гимназия дүйнө жүзү боюнча тандалып,  “Конфуцийдин мыкты классы” наамына ээ болгон.

Кыргыз Республикасындагы  Түштүк Корея  элчилигинин  алдындагы «Корей тил»  борбору менен келишим түзүлүп,  борбор тарабынан корей тили сабактары колдоого алынып, терең окутулуп жатат.

Кызматташтык аркылуу Германия, Кытай, Корея мамлекеттери мектепке ар жыл сайын  ыктыярчыларды (волонтерлорду) жиберип турушат.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛБишкек шаарында, республикада өткөрүлгөн предметтик олимпиадалар жана изилдөө иштеринде, ар  түрдүү сынактарда окуучулар байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө.Ошондой эле жыл сайын  мектеп сыймыгына айланган бүтүрүүчүлөр “Алтын тамга” жана жалпы республикалык тестирлөөдөн “Алтын сертификаттан” ийгиликтерди жаратууда.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ Гимназия билим алуу менен руханий  эстетикалык багытта да «Устат-шакирт» долбоору менен биргеликте иш алып баруу кыргыз рухуна, баалуулуктарына, маданиятына жана көркөм дүйнөсүнө басым жасап , иш алып барууда. Учурда  окуучулардын басымдуу бөлүгү комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, кыл кыяк  сыяктуу кыргыз улуттук аспаптарында  кол ойнотуп ойноп, чертип үйрөнүп, өздөштүүрүгө шарт түзүлүп , ийгиликтүү иш алып барууда. Улуттук аспаптар,  хор, вокал ийримдеринин окуучулары  шаардык, республикалык ар кандай маданий иш-чараларда активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып жүрүшөт.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛОшондой эле мектептеги спорттук ийримдерге катышкан окуучулар дагы шаардык, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тандалма команданын катарында ойноп, машыгып, өлкө намысын коргоп келишүүдө.

Жакында эле эл аралык стандарт менен кайра оңдолуп, заманбап реконструкция болгон мектептин бассейинде жана спорт залында Кыргызстандын триатлон федерциясы менен бирге  окуу-машыгуулар башталды.                                                                                                                                                                                                                                     

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛМааракенин алдында Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим  Сайрагүл Атаева менен маектешип, бул мектептин башкалардан айырмачылыктарын жана артыкчылыктарын сурадык.

Сайрагүл Токтосуновна, мына 35 жылдык мааракеңиздер өткөнү  камылга көрүлүп жатыптыр. Сиздердин мектепти Бишкек шаарындагы гана эмес, өлкөбүз боюнча  мыкты мектеп деп адистер айтып  жүрүшөт. Кыргызстан эгемен өлкө болоор алдында борбор калаада кыргыз тилиндеги бир нече мектеп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен түзүлгөн эле. Ошол учурда 5-мектептен башка борбордо кыргыз тилдүү мектептер жокко эсе болчу. Сиздердин мектеп башка мектептерден эмнеси менен айырмаланып турат жана кандай артыкчылыктары бар? Билим берүү тармагына кандай жаңылыктарды киргизе алдыңыздар?

— Биздин мектеп олимпиадаларга катышуу менен “Алтын тамга”, «Алтын сертиикат» өзгөчө нускадагы аттестаттарды алган балдардын жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын эсеби менен рейтинг боюнча Бишкек шаарында бир жылы экинчи орунда болсок, экинчи жылы үчүнчү орунда болуп калабыз. Бул жерде чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин курамы күчтүү. Азыркы мезгилде 200дөн ашык мугалим эмгектенет.  Мектептер  бири биринен кескин айырмаланбашы керек, анткени алдыбыздагы максат жана программа бир. Ошого карабай бир убакытта өзгөчөлөнүп, өзүнүн багытын алган мектеп катары, биз тарбия комплекс гимназия катары уюшулганбыз.  2000-жылдары курамына №36- мектеп жана 184-бала бакча кирген. Ошондон улам мүмкүнчүлүктөр  кеңейип калды.  12 жылдык билим берүүнү биздин мектеп ар тараптан колдоого алмакчы.  Гимназиялык компаненттер деп ийиимдерге берилген сааттар бар. Ошол ийримге берилген сааттарды туура колдонгонубуз менен ийгиликтер болуп жатат. Себеби ага долбоорлор жардам көрсөтүүдө.  Ишмердүүлүгүбүз, өзгөчөлүгүбүз – окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп болгондуктан, эң негизги ошол багытыбыздан жазбай келе жатабыз. Бирок, кыргыздар өздөрү эрежени бузгусу келет, шаардын бардык аймактарынан бизге ата- энелер балдарын окутканы келет, “биз жакын жашайбыз, орус тилдүү класстар керек. Эки тилде окуткан мектеп болушуңар зарыл” деп талап кылганда, биз туруштук бере алдык. Башка улуттун өкүлдөрү эмес, жергиликтүү калк, кыргыздар келип, “Орус тилинде окуткан мектептер күчтүүрөөк болот, мугалимдери дагы күчтүү” деп ошол нерсеге ишенип, катуу талап коюшкан. Мен директор болуп келгенден баштап “жамаатка намысыбыз болуп, кыргыз тилинде окутулган мектеп артта калбаш керек” деген максат алдыма койгом. Биз ага акырындан келдик, бирок негизи жалаң мугалимдерге таянып иштесе болбойт экенин тажрыйбабыз көрсөтүп жатат.

Ошондуктан бир нече жылдан бери долбоорлор менен иштейбиз. Мисалы үчүн учур талап кылган кытай тилин тереңдетип балдарга окутабыз. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университет алдында Конфуций институту менен бирге 2011-жылы “Конфуций классы” деп эң алгач ачылганбыз. Азыркы мезгилде 100дөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз Кытайда эң мыкты университеттерде окушат, анткени мектеп бүткөндөн кийин тил дипломунун эң жогорку даражаларын алып, окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Алтын сертификатты “Кытайдан алган сертификат” деп атайм, өкмөттүн стипендиясын балдар ошону алганда Кытайдан өзү каалаган университетке, өзү каалаган кесипке өтүп, келечек тагдырын тандай алышат. Быйыл төрт окуучубуз Кытайга мамлекеттик стипендия менен кетип жатат, 2019-жылы балдардын жетишкендигинин аркасынан биз “ Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты Конфуций классы” деп аталганбыз. Андан сырткары Германиянын чет өлкөлөрдөгү немис тилин үйрөтүү  борборлору бар, Кыргызстанда дагы “ZFA” деп аталган борборлорунун колдоосу менен Кыргызстанда 6 мектеп иштейт. Ошонун бирөө биздин мектеп. Алардын колдоосу менен  волонтерлорду жиберип, балдардын деңгээлине жараша дипломдорду ыйгарып, ал дипломдор Германияда балдардын окуусуна мүмкүнчүлүк берет. Былтыркы жылы 11 балабыз кетсе, быйылкы  окуу жылында дагы 10 чакты бала Германияга окууга кеткени турат. Балдарыбыздын билим деңгээлин текшерүү үчүн Германияда элчибиз  Өмүрбек Текебаев атайын аларга жолугуп,  немис тилин мыкты билишкенине ыраазы болуп, биздин мектепке да келип кетти.

Ошондой эле корей тилин дагы терең билүүгө өзгөчө волонтерлор жардам берип жатышат. Эне тили менен кошо чет тилдерин терең үйрөтүү биздин өзгөчөлүгүбүз десем болот. Чет мамлекетке кетип жаткан балдар өңү-түсү менен өзгөчөлөнбөстөн  “мен кыргызмын” деп, кыргыздын баалуулуктарын, маданиятын, каада-салтын, наркын көрсөткөн деңгээлде болушу керек. Кыргыздын тарыхын  билүү менен өз өнөрүн да көрсөтүп турушу зарыл. Ошондон улам биз Кыргызстандагы  “Устат-шакирт” деген борбор менен тыгыз кызматташабыз. Ошол кызматташуунун аркасында биздин миңдеген балдарыбыз кыргыз улуттук аспаптарын өздөштүрүп, кыргыздын нарк-нускасын билишет. Сахнага чыгып, өнөрү менен таанылган окуучуларыбыз арбын.  Билим берүү тармагындагы 35 жылдык ийгиликтерди айтуу менен бирге мугалимдердин жана окуучулардын демилгеси менен концерттер коштоп, “Устат Шакирттин” жардамы менен ийримдин катышуучуларынын аркасынан Кыргыз Улуттук филармониясында отчеттук иш-чара өткөргөнү жатабыз.

Ошондой спорт тармагында дагы ийгиликтерибиз, жеңиштерибиз арбын.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ— Баса, кайрадан жаңы заманбап реконструкция болгон бассейиндин, жертөлөдөгү спорт залдын курулушун коомчулук кандай кабыл алышты?  Кыргызстандын триатлон федерациясы менен кызматташууга баруу эрдик же тобокелдик катары эсептесек болобу?

— Директор болуп турган менен ал нерсени мен жалгыз чече албайм, бирок менин жана жамааттын пикирин сурашат.  Мен көп жыл ичинде мектеп курулгандан бери ушул мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем. Орус тилдүү мектепке он жылдай иштеп, кайра өзүм үчүн кымбат мектебиме келгем.  Мен келгенде бассейин иштебей калыптыр, тап такыр эле бекитип коюптур. Анткени суусун алмаштырууга, түтүктөрүн оңдоого, вентиляция орноштурууга көп каражат керектелет. Бир жыл иштетсек өзүнө кеткен чыгымдарды актаган жок. Андан кийин муниципалдык мүлк башкармалыгы ижара берген,  алар дагы төрт-беш жылдай иштеп көрүштү, анын да натыйжасы жакшы болгон жок. Бир-эки жыл жакшы иштеп, акчасын алып, пайда тапкандан кийин таштап коюшкан. Айла жок андан да баш тартканбыз, соңку беш жыл ичи да иштеген жок, астындагы жертөлөсү баары чирий баштады. Бассейинди кайра капиталдык ремонттон өткөрүүгө чоң каражат керек экен” деп ойлонуштуруп, сунуштарды күтүп турдук. Белгилүү ишкер Чыңгыз Алканов  деген жигит “мен ижара алат элем” деп келди. “Ижарага алып иштетүүнүн жол-жобосу начар экен, өзүңүз бир нерсе кылып иштеп көрүңүз, заманбап бассейин кылуу үчүн түп-тамырынан бери кайра реконструкция кылып, кайра жасап чыгуу керек го, мен макулдугумду берет элем, -дедим. Ал биздин бассейинге кызыгып калды.  “Кыргызстандагы эң мыкты бассейин катары оңдойм, балдарга жакшы болот” деди. “Сиздин акчаңыз, каражатыңыз бар го, башка жерге жаңы бассеийн эле куруп албайсызбы?” деп айтсам. Чыңгыз мырза : “балдар кирип чыгып, ден соолугун чыңдап турган  заманбап бассейин жана спорт залы болсо дейм, ошолордун арасынан мыкты спортчуларды тандап алууга мүмкүнчүлүк болот” деп, мени ынандырды.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ“Анда балдарга жакшы мүмкүнчүлүк болот эле” деген ойдо мен мэрияга кат жаздым, “ Биз макулбуз, карап чыгыңыздар, шарты кандай болот?” деп кайрылдым. Алар талдоого алышып, документти бир-эки жылда даярдап, Бишкек шаарынын мэриясы макулдугун берди. Бассейинди жана жертөлөдөгү спорт залды заманбап эл аралык талаптарга ылайык кайра куруу, реконструкциялоо үчүн алты ай иштешти.  Чыңгыз Алканов жетектеген Кыргызстандын триатлон  федерациясы, демөөрчүлөр менен  бир миллион АКШ долларын сарптады.  Макулдашылган шарт боюнча биздин окуучу балдардан командалары түзүлөт, сууга сүзүүгө муктаждыгы боло тургандардан биз команда түзүп берип турабыз.КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛ Бассейиндин жана спорт залдын ачылыш салтанатына  Министрлер Кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов,  Бишкек мэри Айбек Жунушалиев баштаган жетекчилер келишти.

Спортчулардан тышкары биздин мугалимдер бассеийнге акысыз түшүп турушат. Ар бир командага бир саат убакыт берилет. Ал эми  спорттук ийримге катышпаган калган балдар жеңилдетүү менен акы төлөп киришет. Андан сырткары Чыңгыз Алканов  биздин мектептин спорт залыбызды дагы заманбап талапка ылайык  “оңдоп берем” деди. Ошондой эле мектептин короосундагы чуркоо аянчасына заманбап эл аралык талаптагы резина төшөлгөн чуркоо жолун салып бермек болду.

КЫРГЫЗ БААЛУУЛУКТАРЫНА БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ 35 ЖЫЛАзыр келишим боюнча оңдоо иштерин баштады. Биринчи байлык -ден соолук дегендей, балдардын, калкыбыздын ден соолугу чың болсо, терең билим алууга өбөлгө болмокчу.

-Рахмат, жакшы саамалыктар, демилгелер менен мектебиңиздер билим уясы болуп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан окуучуларды тарбиялай бериңиздер.

35 жылдык мааракеңиздер менен “Кут Билим” медиа борбору да куттуктайт.

 Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер