КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ

  • 11.03.2021
  • 0

10-мартта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун генералдык директору Хамад Салем Кардаус Аль-Амри мырза билим берүү жана илим жаатында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ошол эле күнү алар Токмок шаарында Кыргызстан Ислам академиясы курула турган жерге капсула салышты. Тарыхый иш-чарага КР вице-премьер-министри — Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков катышты жана сөз сүйлөдү.

КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ

​Кыргыз-араб кызматташтыгына жол ачкан бул тарыхый иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин өткөн айдын орто ченинде Бириккен Араб Республикасына жасаган иш сапарында жетишилген макулдашууларга ылайык ишке ашып отурат. Ошол достук сапардын алкагында ​ Алмазбек Бейшеналиев Бириккен Араб Республикасынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль-Хаммади менен эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгын чыңдоо тууралуу пикир алышкан. Ошондой эле өлкөбүздүн билим берүү тармагынын жетекчиси Аль-Мактум Кайрымдуулук фондунун байкоочулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль-Саег менен жолугуп, ​ Кыргызстанда билим берүү комплексин куруу тууралуу макулдашкан. Жемиштүү иш сапардын соңунда Алмазбек Бейшеналиев Мохамед бин Заед Аль-Нахаян атындагы дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллект университетине барган болчу.

КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ

Министрликтин басма сөз кызматынан алынган маалыматка таянсак, Токмок шаарында Ислам академиясынын курулушу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун ортосунда Ислам академиясын негиздөө боюнча тиешелүү макулдашуулардын алкагында башталат.

Макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фонду академиянын негиздөөчүлөрү болуп саналат.

КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ

Тиешелүү документтерде Академиянын Камкордук кеңешинин курамына БАЭнин төрт өкүлүн жана Кыргыз Республикасынын үч өкүлүн киргизүү сунушталууда.

Академия магистратура жана докторантура программалары боюнча дин таануу жана диний предметтерди тереңдетип өздөштүрүү менен светтик билим берет.

Түзүлүп жаткан академиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

— теология, дин таануу жана чектеш илимдер жаатында жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, адистерди даярдоо жана академиялык дареметти жогорулатуу;

— теология, дин таануу жана башка илимдер жаатындагы илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулуктарда заманбап илимий билимдерди жайылтуу;

— социология, укук жана чектеш илимдер чөйрөсүндөгү жалпы билимдерди берүү, ошондой эле теология жана дин таануу чөйрөсүндөгү тереңдетилген билимдерди берүү менен диний ишмерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

Ошентип, академиянын базасында ислам таануу жана дин таануу чөйрөсүндө квалификациялуу адистерди даярдоо божомолдонууда. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да коомдогу ар кандай диний радикалдык тенденцияларды аныктап таанууга жөндөмдүү болуу үчүн заманбап диний илим жөнүндө маалымат алуу максатында академиянын дарстарынын угуучулары боло алышат.

КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ: КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ

Угуучулардын жалпы сыйымдуулугу 200 адамды түзөт, алардын ичинен магистратура жана докторантура программалары боюнча 150 адам (100 – күндүзгү, 50 – сырттан окуу), даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарында 50 угуучуга чейин жетет.

А. Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер