«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНДА СЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРҮҮ» БОЮНЧА КУРСУ ОКУУЧУЛАРДЫН ТАЛАНТЫН АЧТЫ

  • 09.02.2021
  • 0

Учурда Онлайн Университетинин «Кыргыз адабияты сабагында сын ой жүгүртүүнү өстүрүү» курсу мугалимдердин суроо-талабы менен кайрадан өтүп жатат. АДАБИЯТ сабагын кызыктуу өтүү үчүн курста окуу материалдарынын түрлөрүн байытуу максат кылынат. Окуучулар бир гана текст менен иштебестен, ар кандай визуалдык, аудио жана видео материалдарды колдонуп, чыгарманы талдоого көнүктүрө турган класстык иштер сунушталат. Көркөм  текстти анализдөө үчүн  жаңы технологияларды колдонуп, чыгарманын мазмунун сандык жана графикалык көрсөткүчтөр менен чагылдыруу да үйрөтүлөт.

Чыгармалардын мисалында Аргументтүү жазуу;  Корутундулап жазуу; Салыштырып жазуу; Сүрөттөп жазуу; Чыгармадагы окуялардын картасын түзүү; Каармандын портретин түзүү; Конфликтти талдоо; Чыгарманын стилин талдоо ж.д.у.с. жазуу иштеринин түрлөрү үйрөтүлөт.

Топтук оозеки иштерди уюштуруу үчүн чыгарманын негизинде коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча «Талкууларды» өткөрүү сунушталат. Анда окуучулардын эл алдында сүйлөө, өз пикирин билдирүү, талкууга маданияттуу катышуу, аргументтүү, далилдүү сүйлөө сыяктуу көндүмдөрүн калыптандыруу максат кылынат. Мисал катары «Коомдогу зомбулук маселеси», «Экология» багытындагы талкууну уюштуруу боюнча үлгү сабактар көрсөтүлөт.

Курстун жүрүшүндө мугалимдер окуучуларына үйрөнгөн усулдарын колдонуп сабак өтүшүп, жыйынтыктарын талкуулашат. Төмөндө Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин адабият мугалими Гулина Иманкулованын 10-класстын окуучусу Өмүракунов Эмирланга жаздырган эссесин назарыңыздарга сунуштайбыз.

"КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНДА СЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРҮҮ" БОЮНЧА КУРСУ ОКУУЧУЛАРДЫН ТАЛАНТЫН АЧТЫ

«Ак кеме»  повести:

«Чыныгы трагедияда баатырлар гана өлөт»

«Жашоодо эки гана трагедия бар. Биринчиси- эңсеген максатыңа жетпей калуу. Экинчиси-жетүү»-деп Оскар Уайльд айткандай, биз жашообузда  ар кандай кырдаалдагы  трагедияларга  күбө болуп келебиз.  Трагедия дегенде эле  чыгармадагы башкы каарман  өз жазмышынын  буйругу  менен  азап,  кайгы-капа чегип, керек болсо, өлүмгө дуушар  болору белгилүү болот.Мындай учурда  окурман боору ооруп, кайгырып, башкы каарман менен кошо азап чегет.Бирок,трагедиянын кызыгы ,өзгөчөлүгү мына ушунда. Ошон үчүн дүйнө эли «Ромео менен Джулетта», «Юлий Цезарь», «Отелла» сыяктуу трагедиялык  чыгармаларды сүйүп окуп келишет. Мына ушундай дүйнө эли кызыгып, таң калып окуган чыгармалардын бири- улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  «Ак кеме» повести.

"КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНДА СЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨСТҮРҮҮ" БОЮНЧА КУРСУ ОКУУЧУЛАРДЫН ТАЛАНТЫН АЧТЫ

Чыгарманы окуп жатып, эркиндик менен эрксиздик, адилеттүүлүк менен кара өзгөйлүк, сүйүү менен жек көрүүнүн ортосунда аесуз күрөш башталып, бирок жалаң жакшы жеңилип калганын көрөбүз. Бирок, мына ушул көрүнүш башка адамды тазалык, ак ниеттүүлүк  үчүн күрөшүнө себеп болот. Нургазынын  акырында тагдырга жеңилип, өлүмгө дуушар болуусу адамдардын жүрөгүн туйлатып, алардын дүйнө жүзүндөгү жакшылык үчүн күрөшүүсүнө шарт түзөт. Чыгармадан баланын адилетсиз өлүмүнө ким себеп? Эмне үчүн ал бул кадамга барды? Анын көлгө балык болуп сүзүп кетишине эмне себеп болду? Деген суроолорго жооп табуу.

Алгач, автор бизди башкы каарман менен тааныштыруудан баштайт. Адамзаттын өмүрүндө бир гана келчү балалыктын таттуу даамын баланын кылык-жоругунан кайрадан адамзатка сездирип,таттуу кыялдарга сүңгүтүп, жүрөк жылытаарлык  учурга кайтаруу менен автор чыгарманы баштайт. Ошол кезде, бала менен бала болуп, анын «таңке ташы», «кароол дөбөсү» менен ойноп, булуттар менен сүйлөшкүңдү келтирген сезимдерге курчалып, балалыкка кайрыласың. Бирок,ошону менен бирге эле, чыгармадан баланын  ата-энеси жок экендигин,анын таятасынын колунда турары  да кошо айтылат.Баамдай келсек баланын жашоосу башынан эле  кагаздын бетинде жашагандай оор экендиги,жалгыздыгы, сүйүүгө, мээримге муктаждыгы сезилет. Анын жалгыз  жакшы көргөн таятасынын мээрими деле  аздык кылгандай. Себеби, бала күнүгө  ак кемеде матрос  атасы бар экендигине ишенип, аны кусалык менен күтүп келет.  Демек, 6-7 жаштагы  баланын баштапкы  жашоосу эле трагедия. Анын атасы да, апасы да жок болгону, ал аз келгенсип, анын өгөй таенесинин  колунда экендиги зээнди кейитет. Каардуу, урушчаак таенеси эле эмес, анын туугандары Орозкул, Сейдакмат сыяктуулар Нургазыга гана эмес, таятасы Момун чалга  да киши катары мамиле кылышпайт.  Бул да болсо жаш баланын  жашоосундагы  трагедиялуу көрүнүштөр.

Ар бир эле чыгармада каармандар оң жана терс болуп экиге бөлүнөт эмеспи. Ошондой терс каармандар оң каармандардан көбүрөөк болгон учур «Ак кеме» чыгармасында да кездештиребиз. Мисалы, Орозкул, өгөй таене, Сейдакмат сыяктуу каармандар. Бул каармандар чыгармада  жаратылыш менен адам, адам менен адамдын ортосундагы  трагедиялуулукту даңазалашат. Мисалы, Орозкул жаратылыш менен адамдын ортосундагы трагедияны көрсөтөт. Анын таш боордугу, адамгерчилигинин  жоктугунун айынан нечендеген жаныбарлар өлүп, карагайлар кыркылды. Анын ушундай кайдыгер мамиле кылганы бүткүл адамзаттын жаратылышка жасаган мамилесин айдан ачык көрсөтүп турат.

Орозкулдун иш-аракетин, башкаларга жасаган мамилесин карап туруп, эгер мен анын ордунда болсом эмне кылмакмын? деген суроого жооп айткым келет. Эгер   бул суроону башкаларга берсең, алар мындай жаман иштерди жасабай,  баарын  тескерисинче, кылаарын айтышмак. Тилекке каршы, эгер адамдар Орозкулдун ордунда болсо, көпчүлүгү ушундай эле кылышмак. Себеби, Айтматов көрөгөчтүк менен тандап жазган каарман, азыркы замандын  адамдарынын кулк-мүнөзүн ачык-айкын мүнөздөп турат. Орозкул — «Ак кеме» повестиндеги трагедияларга себепчи, бирок мен аны трагедиялык каарман деп айтуудан алысмын.

Чыгармадагы эң негизги трагедиялык каарман – бул Момун чал.  Албетте, ал эң боорукер адам. Антсе да, анын трагедияга негизги себепкер болгонун да, өзү да азапка калган эн аянычтуу каарман экенин көрүүгө болот. Анын кой оозунан  чөп албаган  жооштугунан, тил алчаактыгынан, аны бүт баары, кары-жашы дебей сыйлабай, нары-бери жумшашат. Ал ушунчалык чечкинсиз, жоош болгондуктан, кызы Бекей Орозкулдун ур-токмогун жеп, кыйналганында ортого түшүп, кызын аралачалап, ага арка-жөлөк боло албайт. Ар кимдин мазактоосуна, шылдыңына да жооп бере албайт. Бул жерден Момун чал боорукерлик, жакшылыктын символу  сыяктуу көрүнүшү ыктымал.

Бирок, чыгармадагы баланын өлүмүнө дал ушул Момун чалдын себепкер болду деп айтууга негиз бар? Ооба, минтип айтканыбыз бир караганда калпыс пикирдей кабыл алынат.  Кантип эле баланын жан дүйнөсүнө сүйүүнү биринчи таанытып, жаратылыш менен жакындатып, мээрим төккөн Момун чал, өзү өстүргөн гүлдү кырккан сымал, баланын жаш өмүрүнүн кыска болуп калышына себепчи болсун…

Бирок, дал ушул Момун чалдын өз принциптерине катуу тура албаганы, жакын адамдары болгон кызын, небересин Орозкул, Сейдакматтардан, дегеле турмуштун катаал кырдаалдарынан арачалап кала албаганы чыгармадагы трагедияга алып келди. Ооба, анын алсыз мүнөзүнүн айынан бала Мүйүздүү Бугу эне тууралуу ыйык жомогунан кол үзүп, экинчи жомогу болгон “ак-кемеге” “балык болуп сүзүп кетти”.

Ырас, муну Момун чал атайылап жасаган жери жок. Ал ошол кырдаалдын, керек болсо, мезгилдин жана тегерегиндеги адамдардын жаман ниеттеринин курмандыгы болду. Момун чалга караганда бала болсо да анын небереси нравалык принциптеринен артка кетенчиген жок. Ал өз өмүрү менен кош айтышып болсо да, бул адилетсиздик менен келише албаганын, күрөшкөнүн көрсөттү.

Ооба, Нургазы адамдардын кыянатчылыгына, таш боордугуна, кайдыгерлигине чыдай албай сууга боюн таштады. Анын бабалык баео дүйнөсү Орозкул, Сейдакматтардын жасаган жамандыктарын  көтөрө алган жок. Таянаар тоосу таятасы да өзү айтып берген мүйүздүү Бугу эненин тукуму болсо да, трагедия болгон түнү, уламыштагыдай өз уруусуна кыянатчылык кылып отурат. Бала үчүн эң жеткен чеги ошол болду. Акырында анын кыялдары толугу менен талкаланды. Эми аны эч нерсе кармап турган жок. Ал көлгө балык болуп сүзүп кетти.  Чыгарма трагедия менен аяктады. Бирок, ушул трагедия окурмандардын дүйнөсүнө чоң дүрбөлөң жаратты. Кыянатчылыкка, ыймансыздыкка, булганычсыздыкка, жаратылышка болгон талоончулукка каршы күрөшүүгө үндөдү.

Чыгармада автор символдорду терең философиялык маани берүү  менен  колдонот. Мисалы, дүрбү-дүйнө таанып билүүнүн, китепкап-билимдин, эс тартуунун, ак-караны ажыратуунун, ак кеме-тазалыктын, аруулуктун символдору. Ар бир каарман символ. Мүйүздүү Бугу эне – жаратылыштын символу. Адамдар Бугу энеге кыянатчылык кылышты, аны кордошту. Жаратылыш адамдардан баланын өлүмү аркылуу өч алды.

Демек, биз адамдарга болгон, жаратылышка болгон мамилебизди оңдосок гана жашообуз жакшырат. Трагедия азаят. «Чыныгы трагедияда баатырлар гана өлөт»- деп Винцентий Стысь айткандай, «Ак кемедеги» бала бүт жамандыкка жалгыз өзү каршы турган болсо, биз жашоодо жамандыктарга биргеликте каршы туралы! Табигат менен таттуу мамиледе болуп, жакшы жашоо үчүн күрөштү токтотпойлу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер