КВАНТТЫК ИЛИМГЕ КАДАМ ТАШТАГАН ТАЛАНТ
- 22.01.2026
- 0
«Эл үмүтү» стипендиасынын ээси Салижан Кылычбеков учурда Улуу Британиянын Оксфорд университетинде докторантурада билим алып жатат. Ал алгач Кыргыз-Түрк лицейинде окуп, кийин Корея жана АКШда билимин улантып, бардык баскычтарды артыкчылык менен аяктаган.

1-курста окуп жаткан Салижан Кылычбеков кванттык компьютерлер багыты боюнча билим алып, изилдөө иштерин жүргүзүп, диссертациясын жазууда. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун кулуну. Жаштайынан шахмат ойноо жана физика сабагына кызыккан өспүрүм Оштогу Кыргыз-Түрк лицейине өтүп, беш жыл акысыз билим алган. Мектеп курагында физика боюнча республикалык олимпиадалардан биринчи орундарда ээлеген.
- Жөнөкөй мектепте мыкты окуучу болуп жүрүп, лицейге барганда биринчи диктанттан “2” алгам. Жанымда Ломоносов мектебинен келген бир бала отурган эле, менден көчүрүп албасын деп дептеримди катканым эсимде. Ал бала “5” алган. Бирок мен сынган жокмун, себеби бул — чемпиондук мүнөз деп билем. Ата-энем да “Бир гана окушуң керек, бааны ондоп кетсе болот” деп айтышчу. Менден базасы күчтүү окуучуну карап, ал беш саат окуса, мен сегиз саат окушум керектигин түшүнчүмүн. Ал уктап жатканда таңкы 5-6да туруп же футбол ойноп жатканда мен жанталашып окуп жүрүп, жакшы көрсөткүчкө жеткем. Ошентип 9-класста алдыга чыгып алгандан кийин артка кеткен жокмун, — дейт ал.
Ал физика сабагынан дүйнөлүк эл аралык олимпиадаларга катышып, алган медалдарынын негизинде Түштүк Кореяга грант утуп алган. Ал жакта физика жана компьютердик инженерия багытында төрт жыл билим алып, бакалавр даражасын кызыл диплом менен аяктаган. Бир жыл плазмалык физика боюнча иштеп, ошол эле учурда студенттердин ассоциациясын жетектеген.

Андан соң АКШдагы Висконсинск-Мэдисон университетине магистратурага “Наноматериалдар” багытына кабыл алынып, аны да артыкчылык менен бүтүргөн.
- Бул университетте физика боюнча беш Нобель сыйлыгынын лауреаты иштеген. Аталышы көп айтыла бербегени менен, физика тармагында абдан күчтүү окуу жай. Олимпиадаларга катышып жүргөндө эле бул университет тууралуу көп укчумун. Кудай буйруп, ошол жерде окуп калдым. Нобель сыйлыгынын ээси Жон М. Мартинистин тобунда иштеп, бир компьютерди чогуу колдондук, — дейт ал сыймыктануу менен.
Салижан Кылычбеков муну менен да билим алуусун токтоткон эмес. Окууну аяктап жатып, Англиянын Оксфорд жана Швейцариянын Цюрих университеттерине тапшырып койгон. Мыкты студентти эки окуу жай тең кабыл алып, Салижан Оксфордду тандаган.
- Оксфордогу профессорум кьюпиттерди жасайт, бирок ал кванттык биттерден бираз аксайт. А менин бул тармактан бааларым жакшы болчу, ошондуктан профессор мага кызыгып, менин өтүнмөмдү дароо кабыл алган. Интервью учурунда да техникалык суроолорго басым жасады, — дейт.
Азыркы кесибин 3-курста аң-сезимдүү түрдө тандаган. Алгач компьютердик илимге кызыгып жүрүп, кийин Кыргызстандагы абалды талдап көрүп, мурдагы медалисттердин 95% программист же жеке ишкер болгонуна көзү жеткен. Ошондо илим жолунда эч ким жок экенин, бул тармакта кадрлар жетишпей жатканын баамдап, өзү үчүн стратегиялык бул чечимди кабыл алган.

Салижандын артыкчылыгы
Салижан Кылычбековдун айтымында, азыркы жашоосунун 90% лабораторияда өтүп, эртеден кечке чейинки убакыты толук изилдөө жасоого арналат. Анын өзгөчөлүгү — жумушка карап план түзгөндүгүндө. Себеби эки-үч эксперт бир инструментти колдонгондуктан, бирин-бири көпкө күтүп калган учурлар кездешет. Ошондуктан Салижан түнү менен эксперименттерин жүргүзөт. Бул сапатынын аркасында көп эксперименттерди ишке ашыра алган. Ошондой эле оперативдүү иштейт, башкалар үч ай сарптачу ишти ал бир жума бүтүрөт. Профессору да ушул сапаттарын баалап, ар дайым мактап келет. Себеби Англияда жумуштан кийинки убакытта кызматкерлерди табуу такыр мүмкүн эмес. Ал эми лабораторияда такыр чаң болбошу керек, ошондуктан жумушка келгенде атайын кийимдерди кийишет. Жума сайын лаб-митинг өтүп, ал жакта билим алып, отчёт да берет. Үч-төрт айда бирден өткөн конференцияда өзүнүн жасаган иштерин тааныштырат. Докторант көбүнесе жидкий азот менен иштейт – анын темпаратурасы — 200градусту түзөт. Денеге тийсе, күйгүзөт. Азот менен иштерден мурда бир канча окуудан өтүп, даярданат, кабат-кабат кол каптарды кийип, атайын каражаттарды колдонот. Эгерде бул эрежелер сакталбаса, профессор да жумуштан алынып, карьерасына терс таасирин тийгизет, университеттин рейтинги түшөт. Ошондой эле лазер менен иштеп жатып, көз айнекти такпай койсо, чон дисциплиналык чогулуш өткөрөт. Корея, Америка, Англияда эксперттин ден соолугу башкы приоритетте туруп, профессорлор “Эч нерсе сенин ден соолугундан жогору турбайт” деп айтып турушат.
- Мен Кореяда окуп жүргөндө каражат тартыштыгынан курулуш тармагында иштеп калдым. Тажик, орус, украин, буряттар бар болчу. Корейче сүйлөгөнүмдү укканда “билимдүү экенсиң, бул жакта эмне кылып жүрөмүң” деп айтчу. Ошондо бирөө “Төрт жыл окуганыңды мен бир күндө сатып алып коем “ деп айткан. Анын оюнча, диплом сатып алса эле менин деңгээлимдей болуп калам дейт. Кесипке, өнөр, билимге ээ болуу маанилүү, — дейт докторант.

Илимге даярлар гана келиши керек
Салижандын ондон ашык илимий публикациясы бар. Макаласы Америкадагы илимий журналдын башкы бетине чыккан. Кореядагы “Korean Physical Society” илимий иш-чарасында “Мыкты баяндамачы” наамын алган.
Айтымында, физиканы тандаган студентке алгач “Ушуга даярсыңбы?” деген суроо узатар эле. Себеби бул тармак 24 сааттык окууну талап кылып, дайыма биринчи болушуң керек. Ошондо гана он жыл дегенде араң жемишин бере баштайт. Маселен, программалоо адистигинде башкысы көндүмдөргө ээ болушуң керек. Бул багытта Кореядагы кыргыздардын арасында эң мыкты бүтүрүүчү болгону менен такыр иштеген жок. А сабактан жетишппей жүргөн студенттер окууну аяктап эле “Гуглга” жумушка киришти. Бул программалоонун өзгөчөлүгү. Өзүнүн бир тууган байкеси да буга далил. Себеби ал программалоону үч айда өз алдынча өздөштүрүп, “Гуглга” жумушка кирип кеткен. А физика дайыма окууну талап кылган кесип.
- Жениш Жакыповдун “Техникалар сенин оюнчугуң болуп калышы керек” деген сөзүн туу тутам. Чындыгында, ушул нерсе мага жардам берди. Техникаларды үйрөнүп жатканда керектүү гана жерин карабай, ар кайсыл жерлерин чукулап отура берчүмүн. Кийин ал тууралуу кандай суроо чыкса да жооп бере алам. Оксфордго бир жолу тапшырганда дал ушул көйгөй болгон. Интервьюда техникалык суроолорду беришип, жооп бере албай калган. Экинчисинде бир жума даярдандым, — дейт Салижан Кылычбеков.

Билимдүүлөр династиясы
Салижан Кылычбековдун атасы Ленинградда билим алган. Апасы кыргыз тили мугалими. Төрт бир тууган тең жогорку окуу жайын артыкчылык менен аяктаган. Бир байкеси Медакадемияны аяктап, тиш доктур болуп иштесе, эжеси да апасынын жолун улап мугалимдик кесипти аркалоодо. Дагы бир байкеси Кыргыз-Түрк лицейин аяктап, Германияда генетикалык инженерия багытында билим алып, Австрияда магистратураны уланткан. Учурда программист.
- Атамдын “Силерди дүйнөнүн жараны кылам” деген сөзү бар. Ал “Эч кимге байланбагыла, дүйнөнүн кайсы жеринде болсоңор дагы жакшы адис болушунар керек” деп окуучу кезден чет тилдерин үйрөндүк. Так илимдерге басым жасадык. Мен улуу байкем абдан талантуу, футбол ойноп жүргөндө түрк лицейине кабыл алуу келгенин кокустан билип калып, даярдыксыз кирип эле эле 50пайыздык жеңилдик алып чыккан. Лицейден дароо эле алдыга чыкты. Байкемди көрүп олимпиадник болдум, ал курган карта менен жүрүп отуруп, ийгиликке жеттим. Атам мадания иш-чараларга катышпасам дагы математиканы сөзсүз окушум керектигин көп айтчу. Апам 1-класска кирерде Казакстанга кетип, университетти аяктап, Кореяга кеткенде келген. 4-5 айда бир келчу. Апам финансылык, атам менеджменттик жакты карады, — дейт.
Ошондой эле докторант 12 жылдык билим берүү системасынын Кыргызстанга кирип жатканын колдорун билдирип, чоң өзгөрүүлөргө жол ачарын, бул реформа эбак эле орношу керектигин айтты.
- Мисалы, биз олимпиадаларга даярдануу учурунда күнү-түнү окуп, сабактардан боштулуп жүрүп араң бронза алсак, Сингапурдан келген бир окуучу математикада менен физика сабагынан алтын, химиядан күмүш алып койгон. Таң калганбыз. Биз да ушундай деңгээлге жете алабыз — дейт ишеничтүү С.Кылычбеков.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”




Комментарийлер