КУУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА — 100 КАБИНЕТ

  • 20.03.2025
  • 0

Ж.Баласагын атындагы КУУда психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакееванын илимий-методикалык кабинети ачылды.

Ал КУУнун 100 жылдыгына карата 100 кабинет ачуу демилгесинин алкагында ачылган алгачкы жеке кабинет болуп калды. Бул демилге окуу жайдын ректору, г.и.д., профессор Догдурбек Чонтоевге таандык.

КМУнун психологиянын педагогикасы институтунун профессору Жаңыл Жумалиева Чынара Шакееваны кыргыз кыздарынын арасынан чыккан биринчи психолог катары жогору бааларын билдирди.

— Чынара Асановнаны мен 1984 жылдан бери жакшы тааныйм. Аны баарыбыз Санкт-Петербурдагы мамлекеттик университетинде жогорку билим алып, психология илиминин кандидаты болгон биринчи кыргыз кызы деп билебиз жана сыймыктанабыз. Ошондон бери психология илими үчүн жанын үрөп эмгектенип келатат. Бул багытта эки монографиясы чыккан жана көптөгөн илимий макалалардын автору. Анын ысмы Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөргө да кеңири таанымал. Кыргыз-орус билим берүү академиясын өзү уюштуруп түзүп, бүгүнкүдөй деңгээлге жеткирди, — дейт кесиптеши.

Заманбап жасалгаланган кабинетти ачуу аземи Нооруз майрамына туташ болуп жатканын белгилеген КУУнун ректору Д.Чонтоев, бул даталуу күнгө келген меймандарды кыргыздын жаңы жыл майрамы менен куттуктап, Ч.Шакееванын өмүр баянына кыскача токтолуп өттү.

— Бизде бүгүн жакшы саамалык болууда. Чынара Шакееванын илимий-методикалык кабинетинин ачылышы биз алдыда зор салтанат менен белгилей турган эң маанилүү окуя – Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгынын алкагындагы жагымдуу иш-чаралардын бири. Чынара Асановна 1984-жылы Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университеттин психология факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин алгачкы эмгек жолун ушул биздин окуу жайдын педагогика жана психология кафедрасында ага окутуучу болуу менен баштаган. КУУда алгачкы жолу ачылган психология кафедрасын 15 жыл жетектеди. Учурда өзү түзгөн КРАОдо биринчи жолу психология боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап келатат. Социалдык психология боюнча базалык билими бар илимдин доктору Чынара Шакееваны ушул тармактагы жападан жалгыз адис десек да болот. Профессордун Кыргызстандагы психология илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Чет мамлекеттер, жогорку окуу жайлар менен илимий байланыштарды түзүп, ошол эле учурда өзү да барып лекцияларды окуп келип турат. Ушунун баары Чынара Асановнанын Кыргызстандын башка өлкөлөр менен интеграцияланышына, илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экендигинин айкын далили, — деди ректор.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Комментарийлер