КУУДА 1-КУРСТАРДЫ ТОСУП АЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ
- 18.11.2022
- 0
16-ноябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 1-курсунун студенттерин тосуп алуу иш чарасы болуп өттү.
Салтка айланган майрамдык салтанат бул жылы дагы Д.Өмүрзаков атындагы спорт ордосунда өткөрүлүп, биринчи курстарды университетке кабыл алынышын куттуктоо менен башталып, жаштарга арналган жагымдуу ыр-бий менен коштолду. Иш чарага университет жетекчилиги, мугалимдер жана жалпы окуу жайдын студенттери катышты. Иш чаранын башында университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов сөз сүйлөп:
-Студенттик кез — бул өмүрдүн жазы, иштесе — ишке, ырдаса – ырга, окуса — окууга тойбогон керемет учур. “Аракет кылсаӊ берекет” демекчи, азыр жасаган аракетиӊер, алган билимиӊер мындан аркы жашоо-турмушуӊардын маӊызын түзөт. Бул чындык көптөгөн муундардын тажрыйбасы менен далилденген. Ошондуктан, мен сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, эбегейсиз эрк каалап, убактыӊарды туура, максаттуу пайдалануу менен тереӊ билим алып, келечекте Кыргызстандын ар тараптан өнүп-өсүшүнө салым кошо турган татыктуу инсандардан болуп чыгышыӊарга тилектешмин.- деди.
Биринчи курстарды кабыл алуу аземи жаңыдан окуу жайдын босогосун аттап, чоң турмушка карай сапар алып бара жаткан жаштарга студенттик жылдар, университет, адистик, кесип жана башка аларга тиешелүү болгон бардык маалыматтарды берип, аларга келечекке багыт берүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.
Фархат Каныбеков,
«Кут Билим»
Комментарийлер