КУРУЛУШ ТАРМАГЫНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
- 10.12.2024
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжинде (БАКМК) “Кесиптик билим берүүнүн ролу» темасында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун максаты — кесиптик билим берүү курулуш тармагына кандай жардам берет жана эмгек рыногун кантип кеңейтүү керектигин талкуулоо. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана педагогдор катышты.
Билим берүү министринин орун басары курулуш тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
Катышуучулар курулуш тармагына кандай адистер керек экендигин, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана кадрларды даярдоону жакшыртуу жолдорун талкуулашты.
Комментарийлер