КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТЫ ЖУМАНАЗАРОВ: ЭЛЕТТЕ СПОРТКО КӨҢҮЛ БУРУЛСА

  • 20.12.2024
  • 0

20-декабрда Бишкекте III Элдик курултай  ишин кызуу улантууда.Бул жолу курултайга 698 делегат катышып,өлкө аймагындагы көйгөйлөр тууралуу да айтып жатышат. Алардын катарында дене тарбия жана спорт ишмерлери дагы бар. Алар кыргыз спортунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү тууралуу дагы айтышууда.

КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТЫ ЖУМАНАЗАРОВ: ЭЛЕТТЕ СПОРТКО КӨҢҮЛ БУРУЛСАКыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандарды тарбиялаган, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Мээрим Жуманазарованын, дүйнө чемпионаттарынын күмүш, коло байге ээси, Азия чемпиону Айпери Медет кызынын, жаштар арасында дүйнө чемпиону Асейин Төрөгелдиевдин жана ардагерлер арасында дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бообек Тотошевдин жана башка ондогон чемпиондордун биринчи устаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Рахмадил (Дүйшөн) Жуманазаров Талас облусунун Бакай-Ата районунун Күмүш-Так айыл өкмөтүнөн Элдик Курултайдын делегаты  болуп келген. Ал курултайдын жүрүшүндө  Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан  спорттук күрөштүн, дене тарбиянын айрым маселелери тууралуу айтып берди.

-Мына быйыл эле Париж олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу катышып, 2 күмүш, 4 коло медаль утуп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып, жылдызы жанып келишти. Спортчулардын саны жана жеңип алган медалдардын сапаты боюнча 2006 мамлекеттен алдыңкы сапка турдук. Эгемен өлкө болгону мындай ийгилик мурдакы олимпиада оюндарында болгон эмес. Кийинки учурда өлкө башчысы Садыр Нургожоевич дене тарбия, спортко көңүл буруп, мамлекеттик деңгээлде камкордукка алып, шарт түзүп жатканы кубандырат. Менин айтайын дегеним мурда Билим берүү жана илим министрлигинин курамында турган балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык спорт мектептери Маданият, маалымат, жаштар саясаты, спорт министрлигинин Спорт департаментине берилип кеткендиктен өлкө аймагындагы билим берүү тармагындагы мектептерде, кесиптик-техникалык окуу жайларда дене тарбия жана спорт солгундап, элеттик таланттуу балдар көз жаздымда калып кетүүдө. Учурда Билим берүү министрлигине караштуу бир дагы балдар спорт мектеби жок.

КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТЫ ЖУМАНАЗАРОВ: ЭЛЕТТЕ СПОРТКО КӨҢҮЛ БУРУЛСАЭгемендүү өлкө болгону кыздар күрөшүнүн башатында туруп, ушундай эл аралык деңгээлде таанылышына салым кошуп келатканыма сыймыктанам. Дүйнө жүзүндө кыздар спортуна, айрыкча күрөшкө маани берилип, атаандаштык курчуп баратат. Кыргызстанда дагы эркин күрөштөн эр-азаматтар жетпеген бийиктиктерге кыздарыбыз Айсулуу Тыныбеков менен Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиондугун бир нече ирет утуп, Токио жана Париж олимпиадалык оюндардында эки ирет күмүш жана коло медаль утуп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытты. Андан сырткары менин дагы бир шакиртим Айпери Медет кызы дагы Азия, дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, жаш кыздарга үлгү, өрнөк болуп келүүдө. Ушул балбан кыздардын жолун улантууга дилгир кыздар арбын. Өлкө аймагында дагы Айсулуу, Мээрим, Айперидей күрөш менен машыгууну каалаган, улуттун ден соолугун сактоого, даңазалоого кызыккан кыздар бар. Ошондуктан учурда кыздар күрөшү боюнча өзүнчө спорт мектеп ачуу учурдун талабы болуп турат. Деги эле келечекти ойлоп, улуттун ден соолугуна камкордук көрүү үчүн  кыз-келиндердин дене тарбиясына, спортуна өзгөчө көңүл буруубуз зарыл. Дени сак энеден ден соолугу чың, намыстуу уул-кыздар төрөлөрүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Улуттун ден соолугу болочок энелердин ден соолугуна байланыштуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Ошондой эле чемпиондор чыккан элетке көңүл бурулса ,-дейт  белгилүү устат, курултай делегаты Дүйшөн Жуманазаров.

Курултай делегаты айткандай өлкөдө кыздар үчүн атайын спорт мектеби жок. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөбүздүн кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү үчүн Бишкекте  машыгуу спорт комплекси курулган.

 

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер