КУЛАНАКТЫН ДҮЙШӨНҮ

  • 28.04.2023
  • 0

КУЛАНАКТЫН ДҮЙШӨНҮ

Илгери Түркиянын белгилүү жазуучусу Хаким Кихметтин “Унутта калган адам” деген пьесасы көптөгөн театрларда чоң ийгилик менен коюлуп жүрдү. Анда автор кезегинде көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган, атагы таш жарган хирург, кийин заты эмес аты да унутулуп калганы жөнүндө баяндаган. Биз сөз кыла турган адам Азим Коноевдин  тагдыры да  Х.Кихметтин хирургунун тагдырына опокшош.

 Азим Коноевдин өмүр жолуна токтолсок, ал 1906-жылы көлдөгү Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш деген айылда төрөлгөн. Атасы Сабит кара-сууну каймактаткан молдо аталып, арапча бала окуткан, эч кимге залалы жок адам болгон. 1937-жылы Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен. Билимдүү кишиге айла жок тура, жыйырманчы жылдары кайсы шаарда кандай окуу жайлар ачылып жатканынан кабардар болсо керек. Баласы Азимди Пржевальск шаарына алып келип, окууга борборго узатып кеткен экен. Азим агай адегенде Ташкенттеги Кыргыз-Казак эл агартуу университетинен окуп жүрөт да, кийин Фрунзедеги жаңы ачылган педтехникумга келип окуп калат.

 Азим Коноев партиянын принциптерине түз туруп, кой терисин жамынып алып окуп жүрүшкөн бай-манаптын балдарынын бетин ачып, окуудан чыгарып турган. Окуудан чыккандар тынч жатып алмак беле. Изилдеп жүрүшүп, Азимдин атасы молдо экенин, анын эки аялы бар экенин билип келишип, жогорку жакка  жазышат. 1928-жылы ноябрь айында Москвада партиянын пленумунда Советтик партиялык органдарды жана окуу жайларын жат элементтерден тазалоо маселеси каралат. Ошол пленумдун директивасы боюнча бардык республикаларда тазалоо иштери жүрүп турган. Фрунзедеги педтехникумда кара тизмеге 40тай студент илинип калат. Бул боюнча атайын комиссия түзүлөт. Анын жетекчиси обкомдун экинчи катчысы Т.Токбаев, орун басары К.Тыныстанов болуп, мүчөлүккө тогуз киши шайланат. Комиссия бир ай бою иштейт. Жыйынтыгында, 35 бала акталып, окуудан чыкпай калышат да, беш балага кошуп Мырзакан Алжамбаевди (атасынын болуш болгонун жашыргандыгы үчүн) Кызыл-Кыя шахтасына, Азим Коноевди молдонун баласы деп Сүлүктү көмүр шахтасына айдап жиберишет. Ал убакта көмүрдү кол менен казышчу. Жумушу оор, ага чыдаган гана киши иштей турган. А.Коноев адегенде жүк жүктөөчү болуп иштеген. Кийин өпкөсүнөн кагынып ооруп, ишке жарабай калганда, шахтада вагон сүйрөтүп, аттарды бакканга которуп коюшкан.

– Мен педтехникумду бүтүп, Сүлүктү районунда билим берүү мекемесин жетектеп иштеп турган кез эле, — дейт Зияш Бектенов. – Коноев менен мончонун жанында кездешип калдым. Баягы чыкыйган киши жок. Шахтёрлордун кийимин кийген, өңү капкара көөгө боёлгон. Көзү менен эле тиши жылтырайт. Арыктап кеткен. Каңкайып эле башы калыптыр. Көрүп алып аябай аяп кеттим. Ошондон баштап акыбалыбызды сурашып, кезигип жүрдүк. Мени таң калтырганы А.Коноев өзү ооруп жарым жан болуп жүрсө да, кыйналганына карабай жумуштан кийин клубда сабатсыз шахтёрлорду окутуп жүрүптүр. Сабатсыздыгын жойгондордун саны 400гө жетиптир. Алардын ичинен кырктай Ош, Жалал-Абад, Ташкенттеги курстардан окуп келип, советтик-партиялык иштерге аралашып кеткендери да бар экен. «Жетим улакка кайыр шыбак» — демекчи, биздин бактыбызга Сүлүктү райисполкомунун төрагасы болуп, Кочкордун Семиз-Бел айылынан Кадыркул Боталиев деген өтө адамгерчиликтүү, боорукер, колу ачык берешен жигит иштеп калды. Ал киши атабыз жасабаган камкордукка бөлөп жатты. Тамак-ашты айтпаганда да, кийим-кечелерибизди жаңылап жиберди. Азим Коноевдин ахыбалын түшүнүп, аны шахтадан чыгарып эл агартуу жаатына кошконго аракет жасап жатты. 1930-жылы Сүлүктү району өкмөткө дан тапшыруу планын аткара албай, акыркы орунду ээлеп калган эле. Жалпы район боюнча план араңдан зорго 70%га жетсе, кээ бир айылдар Мадыген менен Маргун планды 20%га жеткире алган эмес. Түштүктө басмачылардын капсалаңы күчөп турган учур. Ошондуктан райкомдун кызматкерлери айыл кыштактарга барып иш жүргүзүүдөн коркуп, райондон чыкпай калышкан. Бир күнү Кадыркул мени өзүнө чакырып, ушул маселеге А.Коноевди колдонуп көрсөк кандай дейсиң деп калды. Мен техникум боюнча Коноевдин жөндөмдүүлүгүн жакшы билчүмүн, туура кыласыз деп кубаттап жибердим, — дейт Зияш Бектенов. -Эртеси эрчишип алып райкомдун 1-катчысы Федоровдун үстүнө кирип, өзүбүздүн оюбузду айттык. Биз жасай албаган иштерди ошол Коноевдер бүтүрө алмак беле деп көңүлдөнбөй койду. Биз эки жактан чыгып бал тилге салып жатып, анын макулдугун алдык. Азим Коноев басмачылардан коркпой, кудай арбакка жалынып биздин батабызды алып жөнөп кетти. Болгондо да аты аталган Мадыган, Маргүнгө барып ишке киришти. Бир жума өткөндө иш жаман болчудай эмес деп телефон чалды. Он беш күндөн кийин дан төгүү кызуу жүрүп жатат деген кабар келди. Бир ай болот дегенде дан төгүү планы 100 пайыздан ашык аткарылды деп келип калды. Ишинин жыйынтыгы жөнүндө райкомго барып, Федоровко рапорт берсе, ал ордунан туруп келип А.Коноевди кучактап, «Сиз жөнөкөй адам эмес экенсиз. Мындан ары шахтага түшпөйсүз, райОНОнун карамагындагы рабфакта иштеп, шахтёрлорду окутасыз», — деп буйрук берет. Ошол кызматын аркалап жүргөндө «иши оңолор кишинин ити чөп жейт» болуп, Сүлүктү шахтасынын ишин оңдоого облустук масштабдагы кызматта иштеген иш тажрыйбасы мол Исхак Мукамбаев келип калды. А.Коноев жаңы жетекчи менен тил табышып иштеп кетти. Мукамбаев Азимге чоң-чоң жооптуу иштерди аткарууга жумшап жатты. Азим болсо анын айткандарын кынтыксыз аткарып жүрдү. Шахтёрлорго лекция окуп иштерин алдыга жылдырууга көмөктөш болуп жатты. Шахтёрлор да көп маселелер боюнча Азим Коноевге кайрылышаар эле. Ошентип жүрүп, Коноев шахтёрлордун өз чукул кишиси болуп алды. 1931-жылы А.Коноев партиялыгын калыбына келтирүү үчүн документ топтогонго киришти. Ага райкомдон жана Сүлүктү шахтасынан жакшы мүнөздөмө берилди. Ошол эле жылы Киробкомуна өтүнүч арыз менен кайрылса, «Сиздин партиялыгыңызды калыбына келтириш үчүн дагы экинчи райкомдун рекомендациясы керек», — деп жооп берет. Ошо кезде Фрунзеде партиянын конференциясы өтүп, ага райондун жетекчилери катышып жаткан болот. Өзгөн райкомунун биринчи секретары: –Жолдош Коноев, эгер сиз бизге келип иштейм десеңиз, мен сизге керектүү документтерди даярдап берүүгө даярмын,- дейт. Азим агай макул болот. Чогулган документтердин негизинде Сүлүктү районундагы жасаган эмгектерин эске алып, Киробкомдун бюросунда анын партиялуулугун эски стажы боюнча калыбына келтиришет. Ошондо сүйүнгөнүмдөн чыдабай ыйлап жибергем деп эскерип калаар эле.

«Элин сагынбас эр болбойт» дегендей, кийин көлгө суранып келип, ар кайсы райондордо партиялык иштерге аралашып жүрөт. Бирок көрө-албастык, ичи тар адамдар молдонун баласы деген тоголок арыз жаза башташат. Аягында «Тойдум байдын кызына» деп, аны билбеген, ал жөнүндө укпаган Нарын жакка кетип калат. Суранычы боюнча Куланактагы Учкун деген айылга барып, бирөөнүн тамын оңдоп, мектеп ачып, бала окута баштайт. Мектептин тегерегине бак тиктирет. Азыр ошол бактар чоңоюп, дүпүйүп Коноевдин багы деген ат менен айылдын көркүнө көрк кошуп турган чагы.

Отузунчу жылдары облуста же райондо иштегендердин ашып кетсе 7-класс билими болсо болоор. Болбосо көпчүлүгү кат сабатын эптеп жоюп алгандар иштеп жүрүшчү. Азим агайдын Ташкенттеги университетте окуганын, Фрунзедеги пединститутту бүттү деген документтерин көрүп алып, аны Нарын шаарына чакырышып, а дегенде райОНОнун жетекчиси кийин облОНОдо, андан соң көп жылдар бою Нарында ачылган эки жылдык мугалимдер институтун жетектеп жүрдү.

Азим агайдын Нарында, Ат-Башыда эл агартуу тармагында 40 жылдык эмгегин бир-эки ооз сөз менен баяндаш кыйын. Облуста билим берүү системасы башка жерлерге караганда, көп эле артта калган экен. Азим агай көпчүлүк айыл-кыштактарда бул ишти нөлдөн баштады. Биринчи иретте мектептерди салдыра баштады, экинчи иретте мугалимдердин жетишсиздигин жоюп,  окуу куралдары менен камсыз кылуу маселеси турду. Ошол үчүн Нарында 6 айлык, 1 жылдык даярдоо курстарын уюштуруп, аны бүтүргөндөр мектептерде бала окутуп калышты. Кийинчерээк Фрунзедеги, Пржевальск шаарындагы педтехникумдун бүтүрүүчүлөрүн чакырып иштете баштады.

Азыр ушул кезде Азим Коноев түптөп кеткен мектептердин ордуна заңгыраган эки кабаттуу имараттар салынган. Анда жалаң жогорку билимдүү педагогдор балдарды окутуп жатат. Азим агайдын болгон тилеги, максаты ушул эле.

Токон жеңе эки кыз, эки уул төрөп берди. Кыздары Зарлык (Зоя) Ырыскүл (Рая), балдары Кубан, Кубат – баарын жогорку окуу жайларын бүтүрдү. Ат-Башыда  мектептерди бир сменага өткөрөм деп далалат жасап да жүрдү. Кайсы колхозго барбайын, Азим ава сельсоветтин төрагасы экөө мектеп салууга кирпич куйдуруп жүргөнүн көрчүмүн.  Азим ава алтымыш жашка чыкканда эмгеги бааланып, Ленин ордени менен сыйланган. Андан соң Ат-Башынын эли улуу урмат менен бул кишини пенсияга узатышкан.  Эмгекке көнгөн киши үйүнө жата албай, шаардагы болуп жаткан коомдук иштерден калышпай катышып жүрдү. Ысык-Көл облОНОнун сунушу боюнча облустагы ар кайсы мектептерге барып, өзүнүн тажрыйбасын  бөлүштү. Агай тагдыр экен, жетимиш жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Ал комсомолдун ишин жандандырууга көп салымын кошту. Айылда мал ордуна сатылып кеткен кыздардын арыз-муңун угуп, аларга айылдык өкмөт аркылуу жардам берүүчү. Мамыралиева Фатима, Орозбекова Анипаларды боштондукка чыгарып, Фрунзеге ала кетип, окууга киргизген. Алардан башка да Сары-Камыштан  бир топ балдарды окутту.

Сөзүмдү замандашы Зияш Бектеновдун мүнөздөмөсү менен аяктасам: Азим Коноев партиядан чыгарылып, окуудан куулуп шахтага айдалганда, тагдырына моюн сунуп отуруп калган жок.   Ал партиянын, мамлекетин жана элдин иши дегенде бүт өмүрүн зарп кылып, жанын таштап иштеген. Жеткен иш билги, уюштургуч, кандай гана оор шартта болбосун алдына койгон зор максатты аткарууда эч кандай кыйынчылыктан баш тартпай, кайраттуу, эр жүрөк иштеген иши, баскан турганы адамдарга кылган айкөл мамилеси кийинки жаштарга үлгү боло турган кол жеткис сонун адам болчу.

Азыр Азим Коноевди билген кишилер деле калбай калды. Токон жеңе Зоя, Кубан деген балдары кайтыш болуп калган. Рая менен Кубаты бар. Бул кишинин атын өчүрбөй бир мектепке же бир көчөгө атын коюп койсо, жакшы болоор эле.

Окен Маматканов,   Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Санжырачы

Бөлүшүү

Комментарийлер