КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: “РЫНОК ТАЛАП КЫЛГАН АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАГАНГА ЖЕТИШИШИБИЗ КЕРЕК”

  • 28.12.2017
  • 0

Азия өнүктүрүү банкы баштапкы жана орто кесиптик билим берүүтармагын жакшыртуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин реформасын колдоо үчүн 30 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп жатат. Бул бөлүнгөн каражаттын сарпталышы жана алдыдагы күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Кут Билим” газетасына берген маегинде айтып берди.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: “РЫНОК ТАЛАП КЫЛГАН АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАГАНГА ЖЕТИШИШИБИЗ КЕРЕК”

—                    Кудайберди Гапаралиевич, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн бул ири суммадагы каражат каякка жана кандай жумшалат?

  • Бул грант Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” Секторду өнүктүрүү программасы боюнча бөлүндү. 30 млн. доллардын 12 миллиону мамлекеттик бюджетти колдоо катары келет. Ал эми калган 18 миллиону билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Бул каражатты бөлүүдө алгач насыя катары берилеби же грант катары берилеби деген маселе болгон. Министрлик тарабынан ошол шарттар аткаргандыктан, грант катары бөлүндү. Октябрь айында Билим берүү жана илим министринин жетекчилигинде түзүлгөн жумушчу топ менен Азия өнүктүрүү банкынын жумушчу тобу жүргүзгөн талкуунун жыйынтыгынын негизинде меморандумга эки тараптуу кол коюлган.  Бул меморандумдун негизинде Өкмөт менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда гранттык макулдашууга кол коюлуп, даярдалган мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн токтому чыгып Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өттү. Мамлекеттин бюджетин колдоого багытталган каражаттын биринчи траншы катары төрт миллион доллар ратификациядан кийин дароо мамлекеттик бюджетке түшөт. Ал эми калган бөлүгү саясий матрицада бекитилген иштерди аткарганга жараша этап этабы менен которулуп турат.

Долбоордун алкагында үч багытта иш аткарылат. Биринчиси, орто кесиптик билим берүүнү башкарууну жана аны каржылоону жакшыртуу, экинчиси, окутуунун сапатын жогорулатуу жана заманбап деңгээлде  окуу шарттарын түзүү, үчүнчүсү, тармактык кызматташууну жана ишкерликти өнүктүрүү. Бул реформаларды ишке ашыруу 2018-2023-жылдарга белгиленген.

Негизги компонент катары баштапкы жана орто кесиптик билим берүү тармагы каралууда. Буюрса, орто кесиптик окуу жайларында алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн беш алдыңкы тажрыйбалардын борбору түзүлөт. Андан сырткары мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн үч борборлор ачылат. Ошондо жалпы сегиз борбор түзүлүп, алар толук ремонттон өткөрүлүп, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, лабораториялар түзүлөт.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: “РЫНОК ТАЛАП КЫЛГАН АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАГАНГА ЖЕТИШИШИБИЗ КЕРЕК”

  • Жаңы түзүлө турган борборлордо кандай иштер аткарылат?
  • Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн түзүлө турган беш борбордо азыркы рынок изилденип, рынок талап кылып жаткан жана эскирип бара жаткан адистиктер анализделип, ошого жараша ар бир борбордо кеминде үчтөн приоритеттүү багыт боюнча адистиктер даярдалып башталат. Ириде ишкердик багытындагы адистерди даярдоого көңүл бөлүү керек деп жатабыз. Себеби азыркы заманда кандай кесиптин ээси болбосун ошол тармакта кандайдыр бир деңгээлде акча таап, иштеп кете ала турган адистерди даярдап чыгарышыбыз керек. Ал үчүн көп колледждерге ишкердик көндүмдөрдү тез өздөштүрүп кете ала турган балдарды тарбиялоого багытталган предметтер кошулат.

Тийиштүү жыйынтыкка жараша адистиктерди даярдоого керек болгон материалдык-техникалык база түзүлүп, заманбап лабораторияларга чейин жабдылат. Башкача айтканда, ал борборлор башка окуу жайларга үлгү болот. Борборлордо пилоттук негизде акыркы заманбап окуу программалары иштелип чыгып, башка окуу жайлардын окутуучулары үчүн окутуучу семинар-тренингдер өтөт. Андан сырткары бүгүнкү күнү түзүлүп ишке кирип жаткан билим берүү системасын башкаруучу маалыматтык системаны өнүктүрүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу дагы ушул программага кирген. Улуттук жана тармактык квалификациялык системаларды түзүү боюнча компоненттер дагы бар. Бардык билим берүү деңгээлдерибиз, бала бакчадан баштап кандай болушу керек жана ар бир денгээлди окутуунун натыйжасы так аныкталышы керек (мисалы, жалпы жана тармактар боюнча орто кесиптик адистик, бакалавр же магистр деңгээлдеринде окутуунун натыйжалары). Бул иштерди аткаруу үчүн дагы рынокту изилдеп, кызыктар тараптардын баары менен талкуулап, тийиштүү мыйзамдарды, жоболорду иштеп чыгышыбыз керек. Ушул багытта дагы бир чоң компонент каралган.

Буюрса, акырындап бул долбоорду жогорку кесиптик билим берүү тармагына чейин жеткиребиз деген тилегибиз бар.

Мугалимдердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу үчүн түзүлө турган борборлордо үч миңден ашуун баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларынын мугалимдери өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулата алышат. Анткени программа боюнча окуу жайлар жана борборлор заманбап техникалар, лабораториялар менен жабдылат. Борборлордо түрдүү багыттагы семинарлар, тренингдерөткөрүлүп турат. Андан сырткары окуу материалдар түзүлүп, тааныштыруу сапарлары, маалымат берүүчү жана маалымат алмашуучу иш-чаралар өткөрүлөт.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: “РЫНОК ТАЛАП КЫЛГАН АДИСТЕРДИ ГАНА ДАЯРДАГАНГА ЖЕТИШИШИБИЗ КЕРЕК”

  • Борборлор түзүлө турган окуу жайлар кантип, кандай шартта тандалат?
  • Атайын борборлорду тандоо боюнча колдонмо бекитилип, бир нече этаптан турган иш-аракеттердин негизинде тандалат. Жобого ылайык, албетте, мамлекеттин стратегиялык багыттары, региондор ж.б. факторлор эске алынып, бардык кызыкдар тармактардын өкүлдөрү катышкан атайын жумушчу топ Кыргызстандагы орто кесиптик окуу жайлардын ичинен тандап алат. Жогоруда айтылган иштердин бардыгы тандалып алынган окуу жайлардын базасында ишке ашырылат. Ремонт иштери жүрөт, андан сырткары эмеректер, каражаттар менен дагы камсыздалат. Мына ушул иштерди аткаруу менен биз алдыга койгон үч максатка жетип, мамлекет жана коомчулук күткөн жыйынтыкты беришибиз керек.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер