КУБАТБЕК БОРОНОВ: «КУРУЛУП ЖАТКАН МЕКТЕПТЕРДИН САПАТЫ БОЮНЧА КАТУУ ТАЛАП КОЁМ»

  • 14.09.2020
  • 0

Мектептерди курууда иштин сапаттуу аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы «Кайың-Суу» орто мектебинин курулушу менен таанышкан учурда билдирди. 

КУБАТБЕК БОРОНОВ:  «КУРУЛУП ЖАТКАН МЕКТЕПТЕРДИН САПАТЫ БОЮНЧА КАТУУ ТАЛАП КОЁМ»

Чаткал районунун акими Жуманалы Накетаевдин маалыматы боюнча, билим берүү мекемеси 1988-жылы 30-40 окуучу үчүн ашар жолу менен курулган. 1992-жылы экинчи корпусу дагы ушул эле ыкмада салынып, толук эмес орто мектеп болуп ишке берилген. 2017-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биринчи корпусун пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарган. Учурда Каныш-Кыя айылынын окуучулары мектептин авариялык абалдагы экинчи имаратында окуп жатат.

Премьер-министр мектепти салып жаткан подрядчыларга кайрылып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

КУБАТБЕК БОРОНОВ:  «КУРУЛУП ЖАТКАН МЕКТЕПТЕРДИН САПАТЫ БОЮНЧА КАТУУ ТАЛАП КОЁМ»

«Курулуп жаткан билим берүү объектисинин сапаты боюнча катуу талап коём. Ошондой эле айтылган мөөнөтүндө бүткөрүү керек. Ааламдашуу мезгили билим берүү тутумуна өзгөчө мамилени талап кылат. Ошондуктан курулуп жаткан мектеп заманбап стандарттарга жооп бериши шарт. COVID-19 пандемиясы жашообузга, анын ичинде агартуу тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Буга байланыштуу жалпы билим берүү мекемелерин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Тагыраак айтканда, курулуп жаткан мектепти интернетке туташтыруу, компьютер менен камсыз кылуу боюнча иштерди азыртадан жүргүзүү шарт. Ал эми балдардын онлайн режиминде билим алуусуна тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштерди күчөтсөңүздөр », — деди Кубатбек Боронов.

Мектептин курулушу 2020-жылдын июнь айында башталган. Учурда билим берүү объектисинин пайдубалы түптөлүп жатат. Жаңы окуу имараты эки кабаттуу, 150 орунга ылайыкташтырылууда. Долбоорго ылайык, спорт зал, чоң зал, китепкана жана информатика классы болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер