КРСУнун ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ ОКУУ АКЫСЫЗ БОЛОТ

  • 11.01.2025
  • 0

Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин демилгеси менен Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жалпы билим берүү мектеби 2025-жылдан баштап бардык окуучулар үчүн акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

КРСУнун ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ ОКУУ АКЫСЫЗ БОЛОТ

Маалыматка ылайык, окуучуларды акысыз окутуу мектеп окуучулары үчүн сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.

КРСУ мектеби орто билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылат. Бул аталган мектептин буга чейинки бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери менен тастыкталган. 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллдарды алып, бул окуучуларга билим берүүнүн сапаты мыкты экендигинин далили болду.

Мурда мектепке окуу акысын төлөгөн ата-энелер үчүн кайра эсептешүү каралган. Төлөнгөн акчаны кайтаруу боюнча маалыматты мектеп администрациясынан тактап билүүгө боло тургандыгы маалыматта айтылган.

— Биз КРСУ мектеп окуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата маанилүү кадам жасап жатканы менен сыймыктанабыз. Биздин мектепте акысыз билим алуу — бул мүмкүнчүлүк гана эмес, өсүп келе жаткан жаш муундун келечегине чоң салым. Биз окуучуларыбыздын мыкты билим алуусу жана заманбап дүйнөнүн бардык тоскоолдуктарына даяр болушу үчүн ишибизди улантабыз, — деп белгиледи КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер