КРСУнун ЖАҢЫ КАМПУСУН КУРУУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

  • 08.04.2026
  • 0

Кыргызстанда Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жаңы кампусун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду. Документ 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоону карайт.

Мыйзам буга чейин, 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты — жогорку кесиптик билим берүүнүн жана илимий иштин сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Документтин алкагында Кыргыз-Россия Славян университети үчүн 15 миң студентке ылайыкташкан жаңы кампус куруу пландалууда. Долбоор университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүнү камтыйт.

Мындан тышкары, кампус заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздалып, объекттерди долбоорлоо, куруу, көзөмөлдөө, каржылоо жана пайдаланууга берүү иштеринде эки тараптын аракеттери координацияланат.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер