КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДЕР, МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЭС АЛЫШУУДА

  • 06.06.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылын жыйынтыктоо, келерки окуу жылын пландоо, сунуш-пикирлерди талкуулоо максатында борбор калаадагы айтылуу  “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окутуучулар жамааты үчүн педагогикалык кеңешме өткөрүлдү.

КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМДЕР, МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЭС АЛЫШУУДА

Маалыматка таянсак, кеңешменин жыйынтыгы менен окуу жылында өзгөчө методикалык табылгаларга ээ болгон, ошондой эле креативдүү идеяларды ишке ашырган мугалимдерге чет мамлекеттерге эс алууга жолдомолор тапшырылды.

Ошондой эле  2023-жылы Түркия мамлекетинин Анталья шаарында болуп өткөн мультипредметтик эл аралык олимпиадада “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучулары мыкты ийгиликтерди жаратып, гран-при сыйлыгына “Olimpus” жайкы лагерине эки  апталык эс алууга жолдомо алышкан. Учурда окуучулар дагы деңиз жээгинде эс алышууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер